Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Кыргызстанда айрым сайттарга тыюу салынды


Кыргызстанда айрым сексуалдык мүнөздөгү интернет-сайттарга тыюу салынды. Мындай чечимди Бишкектин район аралык соту чыгарганын бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты. Чечим бир айдан кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, өлкө аймагында иштеген провайдерлер сексуалдык зомбулукту, порнографияны жайылткан сайттар ачылбай тургандай кылуусу керек болот.

Тиешелүү арыз менен сотко Бишкек шаардык прокуратурасы кайрылган болчу.

Соңку кезде өлкөдө сексуалдык зомбулукка кабылгандар көп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG