Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

”Астана” аба майданынан кыргыз паспорттору менен Ооганстандын алты жараны кармалганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматта кармалгандар жасалма Шенген визасы менен Германияга учуп кетүүгө аракет кылышканы айтылат. Серепчилер кыргыз паспортун сатып алуу оңой экенин белгилешет. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы үлгүдөгү паспортко мыйзамсыз ээ болуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Кыргыз паспортуна суроо-талап күч

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлү Бексултан Таукенов жасалма документ менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылды деп кармалгандар боюнча “Азаттыкка” буларды айтты.

- “Астана” эл аралык аба майданындагы Астана-Франкфурт каттамынан паспорттук көзөмөл учурунда Ооганстандын алты жараны кармалды. Бардыгы эркектер. Чек араны Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кесип өтүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле паспортторунда Евробиримдиктин аймагына кирүүгө укук берген жасалма Шенген визасы да чапталган. Кармалгандар боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Ооган жарандары кыргыз паспорту менен биринчи эле жолу эле кармалып жаткан жок. Бир топ жыл илгери кыргыз паспорту менен кармалган террорчул топтордун мүчөлөрү да кездешкенин саясат таануучу Орозбек Молдалиев эске салды:

- Мурда Кыргызстандын Пакистанда расмий эмес консулу болуп иштеп жүргөн адамы болгон. Ал кандай жол менен иштеп жүргөнү белгисиз. Бирок Ооганстандын, Пакистандын жарандарына паспортторду берген экен. Анан алар “Манас” аэропортунан кармалышкан. Аны “Дело №...” коллаж кылып, “Усама бин Ладендин уулу” деп жазып чыгышкан болчу. Кыргызстандын паспорту өтө "популярдуу". Баткен окуясында бизге кол салган Өзбекстан ислам кыймылынын кээ бир мүчөлөрүндө да Кыргызстандын жарандыгы бар болуп чыккан.

Сатылган, уурдалган паспорттор

Адистердин белгилешинче, чет элдик жарандар кыргыз паспортун оңой эле сатып алышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бул пикирге кошулат.

- Биздин 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор - паспорттук бөлүмдөрдөн бир эмес, миңдеп уурдалган фактылар болгон. Ошондой эле ал жерде иштеген адамдар өздөрү тааныбаган эле адамдарга акчасын алып, паспорт жасап берип жаткан фактыларын кармаганбыз. Жалал-Абадда да ошондой иштер болгон.

Кыргызстанда 2004-жылдан бери паспортту “Интел линкс” жеке менчик ишканасы жасайт. Анын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 2005-жылкы үлгүдөгү паспорт эл аралык талаптарга жооп берерин, аны жасалма жол менен чыгаруу же колго жасоо мүмкүн эместигин билдирди. Бирок Жумадылов паспортторго документтерди кабыл алууда жарандардын кылмышка тиешеси бар-жогу сыяктуу иштерди ИИМ аркылуу текшерүү процедурасы алынып салынганын мүчүлүштүк деп атады.

- Милдеттүү текшерүүнү былтыр Мамлекеттик каттоо кызматы алып салган. Бүгүнкү күндө документ тапшырып жаткан адамды издөөдө жүргөн адамбы, чет өлкөнүн жараныбы, экстремисттик уюмга тиешеси барбы - эч ким текшербейт. Бул текшерүүлөрдү алып салган үчүн ушундай көрүнүштөр болуп жатат.

Бирок мындай дооматтарды Мамлекеттик каттоо кызматы четке кагууда. Аталган кызматтын Калкты каттоо департамент башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев текшерүүнү алып салуунун максатын түшүндүрдү.

- Издөөдөгү же соттолгон адамдарды, дегеле ушул сыяктуу адамдардын тобун, тескерисинче, ИИМ жана күч органдары бизге берсин деген чечим болгон. Алар ушул адамдарга паспорт берилбесин деп, тизмелери менен маалымат жөнөтүүлөрү керек. Анткени 5 миллион калктын баарын тең эле “сен издөөдө жоксуңбу” деп, ИИМ аркылуу текшерүүнүн максатка ылайык эместиги айтылган.

Сатыбалдиев азыр да Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүктөргө сатылат жана мыйзамсыз берилет деген дооматты четке какты.

- “Мен Кыргызстандын жаранымын” деп койсо эле ишенип калбайбыз. Документ тапшырганда анын жарандыгын далилдеген документтер болушу зарыл. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жеке идентификациялык номуру сыяктуу документтер талап кылынат. Ал эми биздин казак туугандар кыргыз паспорттору менен кармалды деп жатат. Бирок анын канчалык туура экендигин бир Кудай билет. Экинчиден, кайсы үлгүдөгү паспорттор жөнүндө сөз болуп жаткандыгы да белгисиз. Бизде паспорттордун түрлөрү көп экендиги белгилүү.

Сатыбалдиев да 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторго мыйзамсыз ээ болуу оңой болгондугун, бирок акыркы паспорттор ага жол бербестигин билдирди. Кыргыз паспорттору менен 2000-жылдардын башында Түштүк-Чыгыш Азиянын, коңшу мамлекеттердин да жарандары кармалганы маалым. Бул үчүн айрым паспорт берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жоопко тартылган. Бирок акыркы окуя күбөлөгөндөй, андай жазалоолор башкаларга сабак боло алган эмес окшобойбу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG