Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Абдырасулов 20-июлдагы жер титирөөдөн кийинки ооруканалардагы абал, наристелердин өлүмүнө алып келчү илдеттер тууралуу суроолорго жооп берди.

20-июлдагы жер титирөөдөн Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйү да катуу жабыркаган. Жылына 3-3,5 миң наристе төрөлгөн төрөт үйүн аймактагы борбордук ооруканага көчүрүү маселеси каралып жатканын аймактык оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Абдырасулов “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

- Жаныбек мырза, зилзалада жабыркаган төрөт үйүн борбордук ооруканага көчүрүүгө тургундар каршы болуп атышты эле, азыр акыбал кандай?

- 20-июлдагы жер титирөөдө Кызыл-Кыядагы төрөт үйүнүн негизги имараты анча жабыркаган жок, бактыга жараша. Ашканасы менен кир жуучу жайлары эски болгондуктан, такыр колдонуудан чыгып калган. Ошол имараттарды өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өзү барып таанышкан убакта эле толугу менен бузуп салып, кайрадан куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат, буйруса ноябрды ортолоп аяктап калат. Сиз айткандай төрөт үйүн аймактык ооруканага көчүрүүгө тургундар каршы болушкан, бирок азыркы талап боюнча төрөт үйү аймактык оорукананын айланасында болушу керек, ошого ылайыктуу бизде үч кабаттуу оорукана бар.

- Демек, төрөт бөлүмдөрү жайгашкан негизги имараттар бүтүн эле турбайбы?

- Ооба. Бизде үч кабаттуу терапия бөлүмү бар. Ошонун 1-2 кабатындагы кардиология жана неврология бөлүмүн төрөт үйүнүн имаратына көчүрүп, алардын ордуна төрөт бөлүмүн жайгаштырабыз. Буйруса ноябрь айларында көчүрүлүп калат.

- Суук болуп калбайбы ал убакта?

- Жо-ок, суук деле болбойт. Төрөт үйүнө шарттарын даярдап алсак кыйынчылык деле болбойт.

- Ошол төрөт үйүндө энелерди төрөтүү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды торолтуу боюнча шарттар жакшы эле жолго коюлганбы?

- Жаңы көчүрүлө турган имаратка бардык шарттарды түзүп жатабыз. Талапка жооп берерлик абалга жеткен соң көчүрөбүз деген максатыбыз бар.

- Ымыркайлар кээде айына жетпей, ар кандай оорулар менен төрөлүп калат. Ошол балдарды торолтууга да шарттар барбы?

- Ооба. Бул багытта төрөт үйү ЮНИСЕФтин көмөгү менен эң керектүү жабдуулар менен жабдылган. Анын үстүнө бизде Кызыл-Кыя шаарынан гана эмес, жакынкы аймактарда жашаган аялдар да келип төрөшөт.

- Кызыл-Кыя шаарын жана ага жакын жайгашкан аймактарды кошкондо жылына канча бала төрөлөт?

- Өткөн жылы 3133 бала төрөлдү, алардын ичинен 67% айылдардан келген энелерден төрөлгөн.

-Кийинки жылдары Баткен облусунда наристелердин өлүмү көбөйгөнү айтылып келет. Буга негизги себеп эмнеде болуп атат? Экологиябы, кош бойлуулардын витаминдүү тамак-аштарды тоё жебегениби?

- Сиз белгилеген проблемалардан аз кандуулук, богок оорусу жана башка ымыркайлардын өлүмүнө, начар өрчүшүнө алып келген оорулар чыгып атат. Бул жерде шаардык, айылдык деп бөлүүгө да болбойт, мындай оорулар азыр тегиз эле жайылып атат. Азыр биз ушул багытта да иш алып барып жатабыз.

- Дарыгерлердин айлык акысы көбөйгөндөн кийин дарыгерлер жетиштүү эле болуп жатабы?

- Биз шаар болгон соң, бизде бардык врачтар, медициналык кызматкерлер жетиштүү.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG