Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:12

“Арай көз чарай” талкуусунда бул жолу тамак-аш коопсуздугу, керектөчүлөрдүн укугуна байланыштуу маселелер талкууланды.

Талкууга Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин санитардык бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимова жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Талантбек Узакбаев катышты.


Талкуунун биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз




“Азаттык”:
Жакында эле Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти “Риха” ишканасынын чүчпарасынан оору козгогуч таякча табылганын кабарлады. Бул керектөөчүнүн даттануусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган. Алтын айым, текшерүү качан, кандай учурларда жүргүзүлөт?

Алтын Ураимова: Азыркы мыйзамдардын негизинде биздин департамент тамак-аш даярдаган ишканаларды жылына бир жолу гана текшерүүгө укуктуу. Анда дагы алдын ала он күн мурун билдирип коюп, анан барып текшеребиз. Дагы бир нерсени эске алуу керек, тамак-аштын сапатына аны даярдап, чыгаргандардан тышкары саткандардын да жоопкерчилиги болуш керек, анткени азык-түлүк бат бузула турганы бар, муздаткыч, тоңдургуч сыяктууларды талап кылгандары бар, ошондуктан, андай шарттар ошол дүкөн-базарларда да болушу керек.

Жылына бир жолу текшергенде 29 миңден ашуун тамак-аш даярдаган ишканалар текшерүүдөн өтөт. Ошол учурда 60% ашыгы санитардык талаптарга жооп бербеген көрүнүштөр болот. Биз аларга эскертүү берип, талаптарыбызды коёбуз, бирок тилекке каршы, кийинчерээк биз кайра текшергенде ошол мүчүлүштүктөр 80-90% эле жоюлуп, толук жоюлбайт.
Мурда ар бир ишкананын алдында ветеринардык дарыгерлери, санитардык-ветеринардык лабораторияларды бар болчу. Азыр эч жерде андай жок. Эмненин эти кирип атат, кандай эттен жасалып жатат, буга мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөл жок.


“Азаттык”: Талантбек мырза, тамак-аш, эт-сүт, нан азыктарын даярдаган ишканаларды жылына бир жолу, анда да алдын ала маалымдап, анан текшерүү канчалык деңгээлде азык-түлүктүн коопсуздугуна кепилдик бере алат?

Талантбек Узакбаев: Бүгүнкү күндөгү укуктук-ченемдик актылар мына ушуну шарттап атат, жылына бир жолу текшерилиши керек деп. Андай болбошу керек. Анткени колбаса жасалып атат, жана башка чийкилей заттар жасалган жерде эттен тартып, камырына чейин көзөмөлдө болушу керек. Эт кайсы жерден чыкты, союлган мал кандай эле, ооруган эмеспи, ошол азыктын курамына кандай кошулмалар кошулуп атат, аларда адамдын организмине зыян келтирчү заттар жокпу, мына ушунун баары толук текшерүүдөн өтүп, анан гана тамак-ашка иштетилиши керек.

Мурда ар бир ишкананын алдында ветеринардык дарыгерлери, санитардык-ветеринардык лабораторияларды бар болчу. Азыр эч жерде андай жок. Эмненин эти кирип атат, кандай эттен жасалып жатат, буга мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөл жок. Ишкерлердин укугун коргош керек деп текшерүүнү азайтып атат, ошол эле учурда миллиондогон керектөөчүлөрдүн укугун ким коргойт?

Талкуунун экинчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз




“Азаттык”: Санитардык көзөмөл жүргүзүү департаментинин ролун мыйзам менен бекемдеп, күчтөндүрүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Талантбек Узакбаев: Булардын колу-буту тушалуу болуп атат, угармандар туура айтып жатышат, биздин базарларда башаламандык болуп, тамак-аш ачык, чаң, санитардык талаптарга жооп бербеген жерлерде эле сатылып жатат. Ошондуктан, өзүнчө нормативдик актыларды иштеп чыгуу керек. Азыр Жогорку Кеңеште мына ушул маселени көтөрүп атабыз. Мындан тышкары ар бир базарда өздөрүнүн санитардык-ветеринардык кызматы болуп, ал жерде сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатынан тартып, кандай шартта сатылып жатканынан бери көзөмөл кылууга тийиш. Базарда сатылып жаткан тамак-аштын сапатына ошол базардын ээлери дагы жоопкерчилик тартуусу керек.
Тамак-аш коопсуздугун жылына эмес, керек болсо күн сайын текшерип туруу зарыл. Азыктардын даярдалганынан тартып, керектөөчүнүн колуна түшкөнүнө чейинки бүт процесс көзөмөлдө болууга тийиш.


“Азаттык”: Эт, сүт, нан жана башка түрдүү азыктарды даярдоодо азыр ишкерлер ар кандай кошулмаларды: даам берүүчү, жыт берүүчү кошулмаларды колдонушары маалым. Ошолордун ичинен дагы дүйнөлүк, эл аралык санитардык, саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан тыюу салынгандары бар эмеспи, мына ошол тыюу салынган кошулмаларды биздин ишкерлер азыкка кошуп жатпаганына ким кепилдик берет?

Талантбек Узакбаев: Ушундай нерселердин баары бизде эч кандай көзөмөлсүз колдонулуп, иштетилип атат. Мына ушунун баары келип-келип биздеги укуктук-ченемдик актылардын бир жактуу болгонуна байланыштуу. Тамак-аш коопсуздугун жылына эмес, керек болсо күн сайын текшерип туруу зарыл. Азыктардын даярдалганынан тартып, керектөөчүнүн колуна түшкөнүнө чейинки бүт процесс көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондуктан, санитардык текшерүүнү керек болгон учурда жүргүзүүгө жетишүүбүз керек, буга мыйзам түрүндө жол ачуу зарыл.

“Азаттык”: -Алтын айым, сиз иштеген санитардык көзөмөл жүргүзүү департаменти азык-түлүк сатылган дүкөн, базарларга барып, талаптарды коюуга укугу барбы?

Алтын Ураимова: Биз өзүбүзчө барып, талап коё албайбыз. Элден арыз түшкөн учурда дагы алардын арызын тиркеп, тиешелүү жактарга билдирип, уруксат алып, анан гана барып, текшерүү жүргүзө алабыз. Бул арада албетте убакыт өтүп кетет, биз жеткиче ишканалар дагы шектүү азыктарын жок кылууга үлгүрүшөт, аларга карата эч кандай чара колдоно албай калган учурлар көп эле. Эгерде ууланган учур болсо гана тез арада чыгып, текшере алабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG