Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

“Бактылуулук индекси”: Кыргызстан артка кетти


Бириккен Улуттар Уюмунун “бактылуулук индекси” боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 2016-жылга салыштырганда 14 позицияга артка кеткен, башкача айтканда 155 мамлекеттин ичинен 98-орунга түшкөн.

Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында эң артта калган. Мындай “бактысыздыктын” себеби эмнеде? Буга “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин директору Нурдөөлөт Базарбаев, социология илимдеринин кандидаты Самар Сыргабаев жана экономика илимдеринин кандидаты Эркин Абдыразаков катышты.

“Азаттык”: Жогоруда аталган “бактылуулук индексин” түзүүдө негизги критерий болуп өлкөдөгү социалдык шарттар, мамлекеттик камкордук, өлкөнүн ички дүң продукциясынын деңгээли, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынганы айтылат.

Нурдөөлөт мырза, Кыргызстанда социалдык шарттар, мамлекеттик камкордуктун деңгээли, тенденциясы мурдагы жылдарга салыштырганда кандай болууда?

Нурдөөлөт Базарбаев: Азыр Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси ар бирине бөлгөндө 900 сомдон ашпаса жөлөкпул берилет. Жөлөкпулдун орточо сумммасы 873 сом. Салыштырмалуу айтсак, 2010-жылы Кыргызстан боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 430 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алса, 2016-жылдын жыйынтыгы менен 360 миңге түшүп калды. Бул цифралардын өзү жылдан жылга биздин республикада аз-аздан болсо да адамдардын кирешеси көбөйүп жатканын көрсөтөт десек болот.

“Азаттык”: Эркин мырза, өлкөнүн бактысын ченөөнүн дагы бир жолу мамлекеттин ички дүң продукциясынын деңгээли. Анын ар бир адамга бөлгөндөгү үлүшүнүн көлөмү кыскарып жатканы айтылууда, анын себебин сиз кайдан көрөсүз?

Эркин Абдыразаков: Эгерде Кыргызстанда “Кумтөр” ишканасын кошпогондо абалыбыз өтө эле начар абалда, ал өлкөнүн өнөр жай продукцияларынын 40 пайыздан ашыгын түзөт. Биздин мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмүн ар бир жаранга бөлгөндө 4586 сомдон эле туура келүүдө, бул өтө эле төмөн көрсөткүч.

Дагы бир маанилүү маселе - алган айлыгыбызды эсептеп көрөлүчү, өткөн жылга салыштырмалуу тогуз пайызга өстү деп беришүүдө. 2016-жылдын жыйынтыгы менен эсептесек орточо айлык 14 миңдин тегерегинде болду. Башка көп айлык алган атайын кызматкерлердин, депутаттардын, мамлекеттик чиновниктердин айлыгын эске албаганда, бюджеттен айлык алгандардын көпчүлүгүн дарыгерлер, мугалимдер, маданият кызматкерлери түзөт, алардын орточо айлыгы 7-8 миңдин тегерегинде эле. Ошондуктан биздин жарандардын кирешеси өскөн жок десек болот.

Бизде жумушсуздар көп, эмгекке жарамдуу бир миллионго жакын адам мигрант болуп сыртта жүрөт. Алар жөнөткөн акчанын бюджетке эч кандай тиешеси жок. Социалдык фонддун акчасын өзүнчө эсептешибиз керек. Башканы айтпасак да кошуна Казакстанда орточо пенсия 400, орточо айлык 800 доллардын тегерегин түзөт. Бизде айыл чарбасы менен алектенгендерге насыя берүүдө башка мамлекеттер менен салыштырмалуу жакшы иштер жүрүп жаткандай көрүнгөнү менен алуу, төлөө жол-жоболору татаал. Насыя алгандарды эсептеп көрсөк, алар болгону 16 эле пайызды түзөт.

“Азаттык”: Самар мырза, “бактылуу өлкөнүн” дагы бир критерийи өлкөдөгү адамдардын орточо өмүр узактыгы экен, сиздердин иликтөөлөрдүн жыйынтыгы эмнени көрсөтүүдө?

Самар Сыргабаев: Менимче, жогоруда айтылган көрсөткүчтөргө анчалык таң калууну кереги жок. “Бактылуулук индексине” 2012-жылдан бери 155 мамлекет иликтөөгө алынат. Динамикасын карап көрсөк, Кыргызстандын көрсөткүчтөрү төмөндөгөндүн эле үстүндө, 2015-жылы 77-орунду, 2016-жылы 85-орунду алса, 2017-жылы 98-орунга түштү.

Бишкектеги базар.
Бишкектеги базар.

Ошондой болсо да Кыргызстандагы адамдардын орточо өмүр узактыгы боюнча оң динамика бар. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда бул көрсөткүч азыр 69-70 жашты түзөт. Эгер 2005-жылы 67 жылдын тегерегинде болсо, 2014-жылы жогорулап отуруп 70 жашка чейин жеткен.

Нурдөөлөт Базарбаев: Биздин мамлекет төлөп жаткан жөлөкпулдар эл аралык стандарттар менен алып келгенде пассивдүү чаралар деп эсептелет. Эл аралык тажрыйбада жакырчылыкта турган адамдарды оор абалдан чыгаруунун беш тепкичи каралган. Эң эле активдүү чаралардын бири жакыр адамдарды үнөмдүү жашоого үйрөтүү, окутуу. Өз ишин ачып алууга жардам берүү, мисалы, жер тилкесин алып берүү ж.б. Жалпы алганда мамлекеттин адамдарга колдоо саясатын ырааттуу жүргүзүү болуп саналат. Биз ушулардын баарын аз-аздан болсо да турмушка ашырсак, адамдардын жашоосу оңолот деп ойлойм.

“Азаттык”: Эркин мырза, Кыргызстан аталган рейтингде 155 мамлекеттин ичинен 98 орунга түшүп, 14 позиция артка кеткенинин негизги себеби – коррупция менен күрөшүү деңгээли төмөн болууда деп айтып жатышат. Сиз буга кошуласызбы же жемкорлук менен натыйжалуу күрөш жүрүп жатабы?

Эркин Абдыразаков: Биздин өлкөнүн бюджети социалдык багытта түзүлүп келатат. Тышкы карызыбыз күндөн-күнгө өсүп жатат, тапкан кирешебиздин бир бөлүгүн карызды төлөөгө берип жатабыз. Жемкорлук күчөп, бюджеттик акчаларды мойсоп койгондугубуздан ушул абалга келип отурабыз. Бюджеттин таңкыстыгы 23 миллиард сомго жетүүдө. Тапкан кирешебиз да ачык эмес, көпчүлүгү “көмүскө экономика” болууда, ички дүң продукциянын көлөмүндөгү акча сол чөнтөккө кетүүдө. Ушундай абалда биз кантип бактылуу өлкөлөрдүн катарына кошулабыз бул чоң суроо...

“Азаттык”: Кошумча маалымат. “Бактылуулук индексинде” Кыргызстан 98-орунда болсо, Өзбекстан 47, Орусия 49, Түркмөнстан 59, Казакстан 60, Тажикстан 96-орунда турат. Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп Норвегия табылган. Бактылуу өлкөлөрдө орточо айлык акы 5-7 миң евро болсо, Кыргызстанда 100-150 еврону түзөт. Global Finance басылмасынын маалыматында ар бир кыргызстандыктын ИДПдагы үлүшү 2016-жылга салыштырганда 114 долларга азайып кеткен деп айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG