Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Кочкорбаев: Мааракелерди чектөө керек


Ошто Курманжан Датканын 200 жылдыгына даярдык көрүлүп жатат, 4-октябрь, 2011-жыл
Ошто Курманжан Датканын 200 жылдыгына даярдык көрүлүп жатат, 4-октябрь, 2011-жыл

Белгилүү мамлекеттик ишмерлердин мааракелерин чектөө тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев ой бөлүштү.

- Чоң мааракелерде чыгымдарды азайтуу демилгесинин азыр көтөрүлүшүнө эмне себеп болду?

- Маселе буга чейинки мыйзамдар негедир иштебей жаткандыктан азыр кайра козголуп жатат. Көп каражат талап кылган маарекелер көбөйүп бара жаткандыктан демилге көтөрүп жатабыз.

Мааракелердин белгиленишине каршы эмесмин. Алардын тарбиялык да мааниси бар. Ал кишилер бүтүн өмүрүн элге, журтка арнаган. Элге эмгеги сиңген адамдардын өмүрү башкаларга өрнөк болушу керек. Мен бюджеттин эсебинен аш-тойлорду өткөрүүгө каршы болуп жатам. Мындай мааракелерди өткөрүп, ал жерде ичип-жегенди азайтсак.

Андан көрө бюджеттик каражаттар социалдык объектилерди курууга, илимий иликтөөлөргө жумшалса жакшы болмок. Илимий иликтөөлөргө жумшалып, аларды басып чыгарып, элге таркатсак болот. Бул максатта эки бөлүктөн турган токтомдун долбоорун сунуштап жатам.

- Бул долбоорду даярдоого мамлекеттик ишмерлердин мааракелерин белгилөөгө канча чыгым кетип жатканы иликтенгенби?

- Былтыркы мааракелердин ар бирине аз дегенде 5 миллиондон 20 миллион сомдун тегерегинде каражат мамлекеттик казынадан жумшалыптыр. Ал эми демөөрчүлөрдүн салымын кошкондо бир маараке 50 миллион сомду чапчып түшөт.

Мааракелерди өткөрүүдө жергиликтүү элдин эмгеги, утурумдук жасалгоолорго, конокторду тосууга сарпталган акчаларды такыр эсептебейбиз. Аларды кошкондо мааракелер 50 миллион сомдун тегерегинде өткөрүлөт.

- Буга чейин Жогорку Кеңештин депутат Каныбек Осмоналиев той-аштарды чектөө демилгесин көтөргөн. Эмне үчүн алар менен чогулуп, бир күчкө айланып, мыйзам кабыл алууга болбойт? Же бул жөн гана популисттик кадамбы?

- Жок. Мындай мыйзам долбоор азыр талкууда. Бул мыйзам долбоору боюнча мен да Каныбек Осмоналиевич менен бирге демилгечилердин тобуна кирем. Аш-тойлор маселеси буга чейин бир нече жолу көтөрүлүп келген. Мен айыл өкмөтү катары иштеп жаткан убакта, мен иштеген айылда бул маселеге чек коюлган. Айылдын тургундары колдоого алган. Мындан чектөөлөрдү дароо турмушка ашырганга болбойт экен.

Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, Каныбек Осмоналиевич менен Кален Сыдыкова деген публицист, жазуучу эжекебиз талкууга чыкканда, эжеке басымдуулук кылып жатпайбы. Бул менталитетке, аймактарга да байланыштуу экен. Мисалы, Нарын, Талас тарапта бир аз оор болчудай. Түштүк тарапта, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда бул маселе жолго коюлуп бара жатат. Бул мыйзам жазылып, даяр болгон. Талкуу бүткөндөн кийин алып чыгабыз.

- Ал эми сиздин мааракелерди чектөө боюнча акыркы демилгеңиз качан ишке ашат?

- Мен эң жок дегенде бир токтом менен убактылуу чара көрүп, эч болбосо чоң мааракелерди токтото туралы деп ниеттенип жатам. Азырынча аш-тойго жеке каражаттарын жумшагандарга колубуз жетпей жатат. Азырынча жок дегенде казынадан кеткен бюджеттик каражаттарды үнөмдөп туруу керек. Буга өкмөт да каршы болбосо керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG