Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Учурда мыкты жасалган кыргыз ээринин баасы бир унаага тете. Кыргыз ат жабдыктарына кызыгып, атайын жасатып кетип жаткан чет өлкөлүктөр да бар.

Ээрге үзөңгү, куюшкан, көмөлдүрүк тагылып, атка басмайыл менен тартылып, ичмек, тээрдик менен токулат. Ал жылкы баласын жоор болуудан сактайт.

Эч кимде жок ээр жасоону эңсеген уста

Ээрдин түрлөрү жана жасалышы тууралуу бул өнөрдү ата-бабасынан мурастаган Ислам Исраилов кеп салды:


- Ээрдин негизги бөлүктөрү кашы, каптал жыгачтары, чарасы же карсаңы болот. Ээрдин каптал жактарынын алдыңкы жана арткы жактарына тогоолор бекитилип, аларга көмөлдүрүк менен куюшкан байланып, бекитилет. Ээрдин каптал жыгачтарынын төмөнкү бөлүгүнүн орто ченинен үзөңгү боо өткөрүлө турган тешикче жасалат. Кыргыздар ээрдин дан баш, куш баш, анжиян, ак каңкы, кучмач, аскер ээр, темир ээр жана башка түрлөрүн жасап келишкен. Балдар үчүн жасалган ээр айырмач деп аталат. Жыгач ээрди атайын усталар талдын дөңгөчүнөн чаап жасайт. Учурда теректен дагы чаап жүрөбүз. Аны зергер усталар гана аземдеп кооздогон.

Ислам Исраилов кыргыздын ээр токум, ат жабдыктарын эл аралык талаптардын деңгээлине жеткирем деп, анан эч кимде жок жасалга жасайм деп далалаттанып келаткан уста:


- Негизинен казактар көп сатып алышууда. Үйүмө чейин келип, атайын заказ беришет. Ээрдин 5-6 түрүн жасайм. Раматылык Амантур Акматалиев агай көп кеңештерин берчү. Учурда күмүш жалаткан ээр токум жасап жатам. Султанбек Макашов айткандай, жаңы стил менен америкалыктардыкындай бир токулган кыргыз ээрин жасасам, чет өлкөлүктөр сатып алышууда. Кыргыз барда бул өнөрдүн учугу үзүлбөйт, эми уулдарыма үйрөтүп жатам. Жакшы жасалган ээрдин баасы чет өлкөлүк арзаныраак бир унаанын кунуна барабар.

Кыргыз ээрине чет өлкөлөрдө кызыгуу зор экенин, бирок бул өнөрдү аркалагандар азайып кеткенин “Кыял” элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин директору Султанбек Макашов белгиледи:

- Кыргыздын ээр токуму башкалардыкына салыштырмалуу айырмаланып турат. Анткени анын оюму, дизайны, жасалгасы өзгөчөлөнүп, дароо таанууга болот. Учурда ээрдин актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Бизде ээрдин тердиги, желдиги, каптыргасы өзүнчө болуп жатпайбы, ал эми америкалыктардын ээри баары биригип турат. Токуганга ыкчам, жыйнактуу келет экен. Биздин усталар да ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын жасап, жаңылык киргизүүсү зарыл. Чынында эле ээр чапкан усталар азайып баратат. Көбү майда белек-бечкек, камчы жасаганга өтүп кетишти. Себеби чет өлкөлөрдөн келген туристтер чоң буюмдарга, ээр токумга кызыкканы менен сатып алышпайт. Жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, ээр чабуу колго алынбай баратат. Ошондуктан ээр чабууга кызыктыруу максатында эл аралык көргөзмөлөргө атайын кыргыз ат жабдыктарын дагы алып барып жатабыз. Былтыр Шанхайдагы эл аралык ЭСКПО көргөзмө-жармаңкесине Эсен Чылановдун ээр токумдарын алып бардык. Чет өлкөлүктөр абдан кызыкты.

Өлкөдө ээр чапкан усталар саналуу гана. Мыкты усталардын аземдеп жасаган ээр токуму миң доллардан 5-6 миң долларга чейин бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Жаңы ээр токумдун баасы бир бодо малга барабар дешет.

Кыргыз ээри тууралуу кеңири түшүнүк

Кыргыздардын көчмөн турмушу жалаң ат менен байланышкан. Илгери ээрди бүкүлү чабууга жарактуу бак-дарак болгон эмес, ошондуктан бөлүк-бөлүктөн жасалчу экен. Ээрдин бир нече түрү белгилүү - анжыйан ээр, кокон ээр, бала өңөрө турган ээр, жүк артыла турган ээр ж.б. Ээр токум уста Ислам Исраилов илгери жасалган ээрлерди чачып көрүп, алардын 24-25 бөлүктөн турарын билген. Анын айтымында, кыргыздын анжиян ээри 27 бөлүктөн турган.


Кыргыздар Анжияндан ээр чапкан үчүн ошентип аталып калган. Нака кыргыз ээр - ушул. Анын ар бир бөлүгүн чаап алып туруп, анан бири-бирине кынаптап чапташчу тура. Чаптоо үчүн өлгөн музоо менен козулардын этин казанга салып, илээшчек болуп калгыча кайнатып, ошону клей катары пайдаланышкан. Андан кийин ээрге аябай жанчылып, жүндөй майда тытылган жылкынын шыйрагындагы тарамыш чапталган. Бул "тарамыштоо" же "тарамыш ичирүү" деп аталат.

Тарамыштагандан кийин улпак менен жыгачтын таарындысына кара ун кошулган аралашма жабылган да, ак кайыңдын кабыгын жабыштырып, үстүнө сүрөт тартып коюшкан. Жээги мүйүздөн жасалган. Бул ээр жасоонун 100-150 жыл мурунку ыкмасы. Кийинчерээк ээр мурдагыдай бөлүк-бөлүк менен эмес, толугу менен чабылып, булгаары менен каптала баштады. Тарамыштагандын ордуна чылгый менен да капташкан. Чылгый - бул уйдун жыдыган чийки териси. Аны менен ээр асты-үстү толугу менен капталат.

Учурда ээр теректен деле, карагайдан деле чабыла берет. Бирок талдан чабылган ээр чыдамкай келип жарылбайт, жеңил да болот. Теректен чабуу үчүн алгач теректи суу кезинде көлөкө жерге кургатып алыш керек. Кургап кетсе терек жарылып кетет. Ал эми карагайдан чабылган ээрди тарамыштап, чылгый менен каптагандан кийин азыркы биздин жумшак булгаары менен каптап коюшат.


Усталардын кээси кашы менен туюк чапса, кээси кашын өзүнчө чабат. Эгер өз-өзүнчө чабылып калса кашы менен ээрди бириктирген жерди сөзсүз тарамыштоо зарыл. Албетте ээр биринчи кезекте атка жакшы, нык отуруш керек. Өйдө-ылдыйдан келатканда ээр эки жакка ообогудай болушу ылайык. Ээрдин узуну 60, ал эми туурасы 40-45 сантиметр болуп чабылат.

Мындан тышкары, аял ээр деген болгон. Башы тогологураак келип, тердигинин эки капталына сексенден 160 темир кадалып, күмүш менен жасалган. Жүгөндөрүнө кызыл, жашыл таштарды чегерип кооздошкон.

Мындай ээр кыз турмушка чыгаарда себи менен берилген. Ат жабдыгы менен кошо чач учтук, сөйкө-шакек, билерик сыяктуу зер буюмдарынын баары бир эле зергер устанын колунан чыгып, ага бир жылдай убакыт сарпталган. Мындай сеп менен барган келиндин кадыр-баркы бийик болуп, ат жабдыктары кызынын кызына чейин сакталган. Илгерки замандарда жасалган мындай аял ээрлер бирин-серин азыркы күндө да кездешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG