Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Базарбаев: Отуз миң балага жөлөкпул берүү токтоду


Жаңы конуштардын биринде. Бишкек. 2014-жыл.
Жаңы конуштардын биринде. Бишкек. 2014-жыл.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын комиссиясы мурда жакыр деп эсептелген үй-бүлөлөрдү текшерип, жашоо-шарты жакшырган кишилерди тизмеден алып салды. "Азаттыктын" суроолоруна социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жооп берди.

“Азаттык”: Сиз жетектеген министрлик өлкө аймагында аз камсыздалган 30 миңдей адамды тизмеден чыгарган экен. Алар кандай негизде, эмне себептен чыгарылды?

Кудайберген Базарбаев: Жылдын башында оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 116 миң болгон. Анын ичинде 336 миңин балдар түзөт. Биринчи кезекте даректүүлүктү күчөткөнбүз. Экинчиден, убактылуу оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдүн айрымдары жакырчылыктан өз алдынча чыгышкан. Ошол себептен быйыл 29 миң кишини ошол тизмеден чыгардык.

Жаңы конуштун тургуну
Жаңы конуштун тургуну

“Азаттык”: 3-декабрда өкмөттө өткөн жыйында тизмеден чыгарылган 29 миң киши жөлөкпулду мыйзамсыз алып жүргөн деп айтылды. Бул маалымат канчалык чындыкка жакын?

Кудайберген Базарбаев: Бардыгы мыйзамсыз алып жүргөн деген маалымат туура эмес. Анткени биз республика боюнча иш жүргүзүп жатабыз, атайын электрондук системаны киргизгенбиз. Бүгүнкү күндө кимдир бирөөнүн жөлөкпул алышын адамга дайындабайт, муну электрондук программа өзү тандайт.

“Азаттык”: Бир кездери үйүндө түстүү телевизору, муздаткычы бар үй-бүлөлөр жакырлардын тизмесинен чыгарыла баштаган эле. Аз камсыздалган үй-бүлөлөр азыр кандай ыкма менен аныкталат?

Жаңы конуштагы үйлөрдүн бири
Жаңы конуштагы үйлөрдүн бири

Кудайберген Базарбаев: Туура айтасыз. Мурда үйдө телевизор, килем, муздаткыч болсо, ал үй-бүлө жөлөкпул алганга укугу жок болчу. Бирок заман өзгөрдү. Бүгүнкү күндө телевизор, килем, муздаткыч эсепке кирбейт. Бүгүн машинеси, иштетип, киреше тапкан жери, малы болсо аларга жөлөкпул берилбейт.

“Азаттык”: Учурда Кыргызстанда аз камсыздалган канча үй-бүлө бар?

Кудайберген Базарбаев: Бүгүнкү күндө 307 миң балага жөлөкпул берилет. Биз жөлөкпулду кантип беребиз? Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн карайбыз. Мисалы, 2011-жылы 370 сом болсо, быйыл 1-ноябрдан баштап 701 сомго чейин көбөйткөнбүз. Бирок биз муну менен токтоп калбастан, кийинки жылга 810 сом деп пландап жатабыз.

“Азаттык”: Башында айткандай, жөлөкпулду мыйзамсыз алып жүргөндөрдү аныктоо ыкмалары барбы?

Кудайберген Базарбаев: Биздин комиссия аны өз алдынча аныктап чыгууда. Күнөөлүүлөр жазасын алышты. Бизде ички аудит бар. Ошолор региондорго чыгып, таап келет. Ошондон кийин кандайдыр бир чара көрөбүз.

XS
SM
MD
LG