Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Бишкек ислам маданиятынын, ал эми Ош КМШнын маданий борбору деп аталышы бир катар талаш-талкууларга жем таштады.

Бишкек шаары 2014-жылы ислам маданиятынын борбору деп жарыяланганы алды менен интернеттеги социалдык түйүндөрдө айтылып, кызуу талкууга түштү. Эң башкы суроо эмне үчүн светтик мамлекет саналган Кыргызстандын баш калаасы ислам маданиятынын борбору деп жарыяланышы мүмкүн деген маселе болду.

Раев: Динге байланышпаган маданий долбоор

Бишкек шаары чыны менен быйыл ислам маданиятынын борбору деп жарыяланганын 29-январда Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев да тастыктады. Анын билдиришинче, бул Кыргызстан мүчө болгон Ислам кызматташтык уюмунун чечими болгон.

- Бул дин менен байланышпаган маданий долбоор. Бишкек, дегеле Кыргызстан светтик мамлекет. Бирок биз мусулман өлкөсүбүз, аны да эч таналбайбыз. Ошондуктан, эл аралык Ислам кызматташтык уюмуна мүчөбүз.

Ислам кызматташтыгы уюмуна калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 57 мамлекет мүчө. Буга чейинки жылдары Баку, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарлары ислам маданиятынын борбору аталса, 2015-жылы Алматы жарыяланган.

Маданият министри Султан Раев Ислам кызматташтык уюмунун колдоосу менен Жалал-Абаддагы Шахвазил тарыхый комплексин оңдоо, тарыхчы жана чыгыш таануучу Александр Бернштамдын эмгектерин кайра басып чыгаруу, Бишкекте мусулман өлкөлөрүнүн кинофестивалын уюштуруу сыяктуу бир катар иш-чаралар пландалып жатканын кошумчалады.

- Ислам маданиятына байланышкан конференциялар, тегерек үстөлдөр болот. Бүгүнкү мезгилдин талылуу проблемалары: билим, экология, учурдагы коркунучтар, толеранттуулук, глобалдык дүйнөнүн маселелери талкууланат.Түз динге байланышкан эч кандай маселелер болбойт.

Бишкек шаарынын ислам маданиятынын борбору деп жарыяланганына байланыштуу вице-премьер-министр Камила Талиева башында турган комиссия түзүлдү. Долбоордун расмий ачылышы май айында болот деп болжолдонууда.

“Ыйман нуру” деп аталган партиясынын төрагасы Раис Алымкулов бул кабарды кубануу менен кабыл алды. Анын айтымында, Кыргызстан мусулман маданиятынын тарыхый мурастарын сактап калган өлкө. Андыктан, Бишкекти маданий борбор деп атоо туура чечим.

Бирок мындай пикирге коомдук ишмер, теңирчилик дүйнө таанымын жактап келаткан Дастан Сарыгулов кошулбайт:

- Кыргыздар ата-бабабыздан бери өзүнүн жан дүйнөсү менен кабыл алган дүйнө таанымын сактап калган элдин катарына кирет. Эң байыркы, ислам дини пайда боло электе 15-20 миң жыл мурда калыптанган дүйнө таанымыбыз, наркыбыз жана салтыбыз бар.

Ош - КМШнын маданий борбору

2014-жылы Ош шаары да маданий борбор макамын алды. Атап айтканда, Ош быйыл Алматы шаары менен биргеликте КМШга мүчө мамлекеттердин маданий борбору деп жарыяланды. Өткөн жылы мындай макамга Түркмөнстандын Мары жана Белорустун Могилёв шаарлары ээ болгон экен. Маданият министрлиги Ошто бир катар маданий иш-чаралар мерчемделди жана бул 2010-жылы кандуу калабаны баштан кечирген шаардын атын жакшы жагынан чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимде.

Бирок серепчи Элмира Ногойбаева КМШ уюмунун өзүнүн салмагы бүгүнкү күндө талаштуу экенин эске салды:

– КМШ өзү азыр “эт менен челдин ортосундагы” уюм. Анан анын кандай таасири болсун Ошко, абдан түшүнүксүз. Бишкектин ислам маданиятынын борбору дегенге келсек, бул да чоң суроо.

Ал эми талдоочу Мирсулжан Намазалиев булар кезектеги эле эсепсиз каражат короткон максатсыз иш-чаралар болуп калабы деп чочулайт:

- Бишкек шаарынын ислам маданиятынын борбору, же Ош шаарын КМШнын маданий борбору деп жарыялоо канчалык деңгээлде мамлекеттин бул шаарларды өнүктүрүү стратегиясына дал келет? Ушул жагын биринчи карашыбыз керек. Болбосо, атаарын атап алып, эч кандай иш-аракеттер болбосо, же анын аркасы менен курулай акча коротулса туура эмес.

Мындай сын пикирлерге карабай Маданият министрлиги бул эки иш-чара тең Кыргызстанды чет өлкөгө таанытууга, туристтерди тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишендирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG