Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Турмуш жүгүн эрте көтөргөн балдар


Базарда кайыр сураган наристе. Балдарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. 17.09.2015

Базарда кайыр сураган наристе. Балдарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. 17.09.2015

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 580 миң жашы жете элек бала иштейт. Бул өлкөдөгү балдардын 39% түзөт.

Укук коргоочулар Кыргызстанда балдар чоң кишилер менен бирдей эле ишке тартыларын, балдардын эмгегинен пайдалангандар негизинен алардын ата-энелери жана жакындары экенин белгилешет.

Мектеп ордуна базар

Он беш жаштагы Айзирек мектептеги окуусун таштап, базарга чыкканына үч жыл болду. Ошондон бери анын китеп-дептер салынган портфелинин ордун тараза, кап жана башка нерселер толгон баштык ээлеген. Ар күнү курдаштары портфель көтөрүп алып мектепке шашылса, Айзирек апасы менен чогуу таң атпай жашылча сатылуучу дүң базарга барат:

- Базарда апамдын өз орду бар, меники өзүнчө. Экөөбүз алма сатабыз. Эртең менен эрте 1-рейстеги автобус менен шаарга барып, дүң базарга жөнөйбүз. Эрте барбасак, ортомчулар алып коюшат да, биз алчу баасы кымбат болуп калат. Күн сайын ошентип иштейбиз. Кээде арзан товар алып, үстөк акчасын көбүрөөк кошуп саткан күндөрү 600-700 сомго чейин пайда табам. Кээде такыр өтпөй, кечке ачык тура берип, алмаларды үшүк уруп кеткен учурлар да болот.

Айзиректин курдаштары учурда 10-класста окушат. 7-класстан кийин эле мектепти базарга алмаштырган эселек буга үйүндөгү оор шарттан улам барганын айтып, умсунат:

- Менин досторум 10-класста окушат. Мени ошо 7-классты аяктагандан кийин эле, апам “базарга чыгып, соода кыл, мага жардам бер” деп жибербей койгон. “Санаганды билсең болду” дешти. Кредит төлөшүбүз керек эле, андан башка да карыздарыбыз бар болчу. Ошон үчүн апам менен кошо базарга чыккам. Ошол бойдон эле базарда иштеп жатам. Былтыр 9-классты бүттү деген күбөлүк алгам. Дагы окугум келет, бирок кредит төлөш керек.

Балдар үчүн кооптуу иштер

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети Эл аралык эмгек уюму менен чогуу жүргүзгөн сурамжылоодо өлкөдө 580 миң бала иштери аныкталган. Анын ичинен 166 миң бала мектептен тышкары учурунда, ден соолугуна жана психикасына коопсуз жайларда иштесе, калган 414 миң бала күнүмдүк оокат үчүн мектепти таштап, саламаттыгына да, аң-сезимине да доо кетирчү жерде иштөөгө аргасыз. Улуттук статистикалык комитет төрагасынын орун басары Люксина Текееванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда жумасына 40 сааттан ашык иштеген балдар бар:

Эмгек кодекси боюнча 14-15 жаштагы балдар жумасына 24 сааттан, 16-17 жаштагы балдар аптасына 36 сааттан ашык иштегенге болбойт.

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча чоң кишилер жумасына 40 сааттан иштейт. Ал эми жашы жете элек балдар үчүн чектөө бар. Мисалы, Эмгек кодекси боюнча 14-15 жаштагы балдар жумасына 24 сааттан, 16-17 жаштагы балдар аптасына 36 сааттан ашык иштегенге болбойт. Ал эми беш жаштан 13 жашка чейинки балдар мектепке барбай, иштөөсүнө тыюу салынган. Биздин Эл аралык эмгек уюму менен чогуу жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы иштеген балдарды алардын жашына жана апталык иштеген саатына жараша чыгарылды. Бул иликтөөлөр бүгүнкү күнү Кыргызстанда балдар үй-бүлөлүк турмуш-шартын жакшыртууга салым кошуу үчүн иштешерин да көргөздү.

Люксина Текееванын айтуусунда, балдардын ден соолугуна жана психикасына кооптуу иштер деп көбүнчө оор жүк көтөрүүгө, чаң жерлерде же уулуу заттардын арасында иштөөгө мажбурлаган, ден соолугуна зыян келтирүүчү, түнкүсүн иштөөчү иш орундары айтылат.

Айрым ата-энелер үчүн бала - киреше табуучу булак

Бүгүн базарларда соода кылган, араба түртүп же кагаз жыйнаган балдардан тышкары, шаарларда күндүн суугуна карабай, муздак сууга колун салып автоунаа жууса, айылдарда колунда бар тааныштарынын малын баккан, баласын караган, үйүн жыйнаган, жалданып талаадагы иштерин жасаган балдар миңдеп саналат. Адистер балдар эмгегинен пайдалангандар ириде алардын ата-энелери экенин белгилеп, жашы жетелек балдар үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келүүчү булак катары пайдаланылып калганын белгилешет.

Таштанды талаасында иштеген балдар. Бишкек

Таштанды талаасында иштеген балдар. Бишкек

​Балдар укугун коргоочу Таалай Жакыпов айрым шаарларда уулуу калдыктар сакталган жерди чукулап, арасынан табылган темир-тезекти акчага өткөрүп, иштеп, ата-энесине кол кабыш кылган балдардын эртеңин ойлоого мезгил жетти деген пикирде:

- Миң-Куш, Майлы-Суу сыяктуу мурдагы эски шаарларда балдар уулуу калдыктарды чукулап иштеп жүрүшөт. Радиациянын ичинде жүргөн балдардын эртеңки ден соолугу эмне болот? Тилекке каршы, ата-энелери балдардын келечегине караганда бүгүнкү тапкан акчасына көбүрөөк кызыкдар. Биз сүйлөшкөн ата-энелер балдары мектепке кире албай жатканын, аларга кийим-кече, тамак-ашына акча таба албай жаткан учурда, кечке үйдө отургузуп койгондон көрө, иштеп, жардам берсин деп айткан учурлар көп. Азыркы учурда балдардын ден соолугуна, психологиясына келтирилип жаткан зыян нерселер эртеңки күнү коомчулуктун моюнуна түшө турган жүк болушу толук ыктымал. Ошондуктан, мунун алдын алуу мамлекеттин, жалпы коомчулуктун иши. Иштеп жаткан балдардын санын азайтууга аракет кылышыбыз керек.

Мектепти таштап, иштөөгө аргасыз болгон балдардын санын азайтуу максатында бир нече жыл мурун Кыргызстанда эл аралык уюмдардын колдоосунда “Жамааттык деңгээлде билим берүүнү башкаруу” деп аталган долбоор иштеген. Анда айыл-шаарлардагы оор турмуштагы үй-бүлөлөрдүн балдарын көптөп колдоо боюнча жер-жерлердеги социалдык кызматкерлер, мугалимдер окутулган. Кара-Суу районундагы орто мектептердин биринде социалдык педагог болуп иштеген Элмира Алматова долбоордун негизинде мектепке барбай, ишке тартылган балдардын саны азайганын билдирди. Адистин айтуусунда, мектептеги турмушу оор балдар мугалимдердин да, айылдык активисттердин да көзөмөлүндө турушат:

- Мектептеги адабий-чыгармачылык жана башка кечелерге, ийримдерге ошондой жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын көбүрөөк тартууга аракет кылабыз. Мындан тышкары айыл өкмөт, райондук социалдык кызматтарга алардын тизмелерин беребиз. Колунда бар адамдарга кайрылган учурларыбыз болот. Мисалы, биздин эле айылдык ишкер жигит мектептеги кыйналып жашаган 22 балага кышкы курткаларын сатып берди. Айыл өкмөт тарабынан күзүндө 14 балага миң сомдон акчалай жардам берилди. Айрым колунда бар ата-энелер балдарынын бир-эки кийилген кийимдеринен да берип, кайрылышат.

Эмгек кодекси боюнча 14 жаштагы балдар ата-энесинин биринин же жок дегенде жакын тууганынын макулдугу менен иштөөсүнө уруксат берилген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жашы жетелек 1,488 млн бала бар. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, алардын үчтөн бири иштөөгө аргасыз. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 250 миллион бала иштейт. Алардын 153 миллиону Азияда жашайт. Балдар эмгегинин эксплуатацияланышы тууралуу тизменин башында Мьянма турат, аталган өлкөдө жети жаштан 16 жаштагы чейинки балдардын 33% иштейт.

"Азаттыктын" архивинен: Бишкектин базар балдары. (Көргөзмөдөн тартылган сүрөттөр) 17.09.2015

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG