Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Балдар: эс алуу жана коопсуздук


Ысык-Көлдүн Бостери айылы. 2015-жыл
Ысык-Көлдүн Бостери айылы. 2015-жыл

Кезектеги апта темасы балдардын коопсуздугуна арналды. Орусиянын Карелиядагы эс алуу лагеринде ондон ашык баланын өмүрүн алган кырсык балдардын коопсуздугуна кам көрүүнүн маанисин арттырды. Кыргызстандык балдар деле мындай тобокелчиликтерден корголгон деп айтуу кыйын.

Таласта эс алууга чыккан мектеп курагындагы топ өспүрүмдүн бирин автоунаа басып калган кырсык май айынын этегинде катталып, коомчулуктун үрөйүн учурганы белгилүү. Бул окуядан кийин Талас өрөөнүндө балдардын уруксатсыз эс алууга чыгышы кыйла азайды. Балдардын эс алуу учурундагы коопсуздугуна ата-энелердин, коомчулуктун мамилесин кабарчыбыз Салика Сариева сураштырды.

"Кырсыктан алынган сабак"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
Түз линк

Жыл башынан бери Кыргызстан аймагында сууга чөгүп набыт болгон жарандардын саны 30дан ашты. Алардын арасында жаш балдар басымдуулук кылат. Ушундан улам туристтик аймак саналган Ысык-Көлдө балдардын коопсуздугуна кандай кам көрүлөрүн аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков сураштырды.

Балдар: эс алуу жана коопсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Жайкысын иштеген, ата-энесине, чарба иштерине жардам берген балдар арасында да кырсыкка кабылгандар кездешет. Мындай кырсыктарга ата-энелердин кайдыгерлиги же чоңдор тарабынан балдардын кооптуу жумуштарга салынышы себепкер болууда. Бирок ал үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жери жок дейт Баткенден кабарчыбыз Жеңиш Айдаров.

Иштеген балдардын коопсуздугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00
Түз линк

Кыргызстанда жол кырсыктарында балдар жабыркаган учурлар арбын катталат. Алардын ичинен Ошто жыл башынан бери балдар катышкан 41 жол кырсыгы катталып, анда эки бала мерт болуп, дагы кырктайы оор жарат алышкан. Адистердин айтымында, балдар кароосуз калгандан жана унаа ичинде кур тагынбагандан улам ушундай окуяларга туш келишет. Толугураак Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов баяндайт.

Балдардын өмүрүн алган жол кырсыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00
Түз линк

Каникул башталары менен баш калаадагы Интернет клубдардын иши да кызый баштайт. Психологдор дал ушул жай айында компьютердик оюнга берилүү башталарын белгилешүүдө. Ал арада Кыргызстанда балдардагы "компьютердик оюнга берилип кетүү" деген дартты дарылаган адистер жок. Онлайн дүйнөнүн балдардын саламаттыгын кооптуу жагдайга кирептер кылган өңүттөрүнө кесиптешим Бактыгүл Чыныбаева сереп салат.

Интернет клубдагы азгырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00
Түз линк

Кыргызстанда балдардын ар кандай кырсыктарга кабылган учурлары байма-бай катталып турат. Алардын коопсуздугуна, ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча чаралар көрүлөбү? Дегеле балдар коопсуздугу үчүн ким жооптуу?

“Балдарды коргоо лигасы” уюмунун кызматкери Сүйүн Курманова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Аны менен кабарчыбыз Нуржан Токтоназарова маектешти.

Балдардын коопсуздугуна ким жоопкер?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG