Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Бул жолу Түп айылдык кеңешинин депутаттары Ак-Булуң айылында жайгашкан “Мээрим булагы” балдар үйүнөн беш баланы чет өлкөгө чыгарууга Түп районунун акимчилиги берген тескеме мыйзамсыз болгонун айтып чыгышты.

Мындай чечим Ысык-Көл облустук прокуратурасынын тескеме боюнча чыгарган корутундусунда да бар экени белгилүү болгон. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен балдар үйүнүн жетекчилиги муну өздөрүнө карата уюштурулган кезектеги чагым деп эсептешет.

Ак-Булуң айылындагы “Мээрим булагы” балдар үйүнөн беш бала акимчиликтин атайын тескемеси менен өткөн жылдын сентябрь айында өлкөдөн чыгарылып кеткен. Уруксат кагаз сурап райондук администрацияга балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева кайрылган. Ал арызында беш баланы Орусиянын Ярославь облусундагы православдык - классикалык гимназияга жөнөтөрүн негиз кылган. Түп айылдык кеңешинин депутаттары мына ошол акимчилик берген тескеме мыйзамсыз экенин айтышууда. Депутаттардын бири Анаркүл Орозбекова өздөрүнүн дооматтарын Ысык-Көл облустук прокуратурасынын корутундусуна таянып келтиргенин билдирди.

Анаркүл Орозбекова

Анаркүл Орозбекова

- Облустун прокурору Какеев каршылык билдирген. Ал акимчиликке чыгарганга укугуңар жок, туура эмес тескеме жасагансыңар, балдарга тийбегиле деп жатса, сентябрдын бешинде Дегенбаева балдарды алып чыгып кетип жатат. Чек арадан прокуратуранын каршылык катын көрсөтпөйт, райондук администрациянын комиссиясынын гана кагаздарын көрсөтүп, балдарды чыгарып кеткен. Бизди ушак кылып атасыңар дегенде айылдык кеңештин төрагасы Бактияр Иманбеков экөөбүз прокурордун протестин окуп бердик, эгер биз калп айтып жатсак, анда прокурор да калп айткан болот да.

Депутат Анаркүл Орозбекова облустук прокуратуранын корутундусунан Башкы прокуратура да кабардар болгонун айтууда.

- Анда эмне Башкы прокуратура калп айтып жатабы десек, Гүлнара Дегенбаева "Салянова дегениң Швейцарияга качып кетти" деп атпайбы. Анан мен "Салянованы сындай турган экөөбүзбү, Салянова эмне деген иштерди кылып жатат, эркектер жасабаган ишти кылып жатат" деп айттым. Ошентип залдын ичинен уруш чыкты.

“Мээрим булагы” балдар үйүнүн башчысы Гүлнара Дегенбаева райондук администрациянын чечимин туура деп эсептейт. Ал кагаздар аркылуу сентябрь айында балдарды Орусияга алып кеткенин дагы танган жок. Буга чейин да балдарды Орусияга жөнөтүүдө маселе жаралгандыктан уруксат кагазын алуу үчүн акимчиликке кайрылган. Андыктан иш-аракеттеринин бардыгы кагаз жүзүндө болгон дейт.

- Анаркүл Орозбекова элдин көзүнчө туруп алып прокурордун каршылык катын окуп жатат. Анын эч кандай укугу жок да мени айыптаганга. Адамдын күнөөлүү экенин бир гана сот чечиши керек, ага чейин эле ал мага акимге кошулуп алып балдарды саткан деп күнөө коюп жатат.

Гүлнара Дегенбаева

Гүлнара Дегенбаева

Дегенбаева учурда айылдык кеңештин депутаты Анаркүл Орозбаеваны негизсиз жалаа жапты деп сотко берүүгө даярданып жатканын да айтты.

Ал эми беш баланын чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө себепчи болгон тескеме акимчиликтин алдындагы Балдар менен иштөө комиссиясынын сунушунун негизинде чыгарылган экен. Бул тууралуу Түп районун акими Ишен Кожалиев билдирди. Бирок акимчиликтин тескемеси чыкканына жарым ай боло электе эле ал Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылган. Көзөмөл орган документинде жеке менчик мекемеге мамлекеттик органдын тескеме берүүгө укугу жок деген жүйөнү келтирген. Андыктан райондук администрациянын тескемеси мыйзамсыз болгонун аким Ишен Кожалиев моюнуна алды.

- Тескемени биз төрт баланы кадеттик- гимназияга барып, окуп келсин деп чыгарганбыз. Бизде балдар менен иштөө комиссиясы бар, ошонун кагаздарын карап туруп, чечим чыгарып бергенбиз. Эми прокуратура протест берип жаткандан кийин аны аткарабыз, бирок маселе Дегенбаевада болсо, эчак ал камалып кетмек да. Маселе ошол балдар үйүнүн имаратында болуп жатат.

Ишен Кожалиев

Ишен Кожалиев

Орусиянын Ярославль облусундагы окуу жай жөнүндө Түп райондук администрациясы расмий кайрылуу жасап маалымат алган. Анда Переславль шаарынын билим берүү департаменти православдык- классикалык гимназия жеке мекеме экенин, мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынбай турганын жазган. Укук коргоочу Анна Макарова бул окуу жайга кетип жаткандардын арасында кыргыз балдардын да болушу шектенүү жаратканын айтат.

Негизи "Мээрим булагындагы" мыйзам бузуулар жөнүндө биринчи болуп, 2005-жылдары Анна Макарова айтып чыккан. Ал балдардын чет өлкөгө чыгарылып жатканы боюнча буга чейинки жана жакында болгон окуя тууралуу өзүнүн версиясын мындайча түшүндүрдү:

- Балдар үйүнүн жетекчилиги тарабынан биринчи мыйзам бузуу мындан он жыл мурун белгилүү болгон. Гүлнара Дегенбаева “Мээрим булагы” турган жерди 1999-жылы имараты менен 20 жылдык убактылуу колдонууга деп алган. Бирок 2005-жылы анын колунан биз "жеке менчик" деген кызыл китепти көрдүк. Балдар үйүнүн имараттары мамлекеттин карамагында болгондуктан аны эч ким менчиктештирүүгө укугу жок. Экинчиден, 2008-жылы 12 баланы чек арадан документтери жок чыгарып бараткан жеринен кармалган. Бул боюнча “Кайыңды” чек ара тозотунун түшүндүрмөсү да бар. Анда ал балдарды фестивалга алып баратканбыз, документтерин унутуп калыптырбыз деген ар кандай шылтоолор менен кутулган. Эми өткөн жылы акимчиликтин мыйзамсыз тескемеси менен беш баланы алып кетип жатат.

Учурда укук коргоочулар Ярославль облусунун Переславль-Залесский шаарындагы кыргыз балдары окуп жаткан окуу жай боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасынын расмий маалыматын күтүп жатышат. Анын негизинде “Мээрим булагынын” жетекчилигин сотко берүү же бербөө тууралуу жыйынтык чыгарышат. Бирок балдар үйүндөгү мыйзам бузуулар жетиштүү болуп турса да, күч органдары ушул кезге чейин көз жуумп келе жатканын айтылууда. Буга чейин балдар үйүн ар кандай деңгээлдеги ондогон комиссия текшерип, бирок чечкиндүү бир жыйынтык чыккан эмес экен.

“Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйү 1998-жылы түптөлүп, 133 баланы тарбиялаган. Учурда балдар үйүндө 16 жашка чейинки 15 бала тарбияланып жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG