Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Майыптар камкордукка муктаж


Өлкөдөн качып кеткен Бакиевдердин өрттөлгөн үйүнө кирип алган майыптар.Бишкек, 21-октябрь, 2010

Өлкөдөн качып кеткен Бакиевдердин өрттөлгөн үйүнө кирип алган майыптар.Бишкек, 21-октябрь, 2010

Кыргызстанда 155 миңге чукул майып бар. Бирок алардын коомго аралашып жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес. Коомдук пикир, мамиле да майыптардын интеграциясына тоскоол болуп келет. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул жаатта атайын иш баштоодо.

“Бутум басса, билим алып, доктур болгум келет” деп айтып берип жаткан 11 жаштагы Нурдөөлөт жана анын 8 жаштагы карындашы Жылдыз тубаса майыптар. Экөөнүн тең туулгандан бери баспайт. Балдар учурда ата-энеси менен Сокулуктун Беловодское айылында жашайт.

Энеси Наргилия Дүйшeeванын айтымында, алар бир жыл мурун Таластан көчүп келген. “Бир жагынан, Бишкекке жакын болуп, балдарды тез-тез ооруканага көрсөтөлү десек, бир чети айылдагылардын балдарыбызга мамилеси жер которууга себеп болду” дейт Наргилия айым:

- Балдарыбызды абдан бир жаман көз караш менен карашат. Эми айыл деген айыл да, бул жакта шаар жергеси, түшүнүү менен карашаар деп көчүп келдик. Айылдан экөөнү сүйрөп алсак, “Ий, Кудай ай” деп жакасын кармап, ары карап түкүргөндөр бар. Ошондойду укканда жүрөгүң тилинип, жабыркайсың.

Наргилия айым балдары төрөлгөнү өзү теңдүүлөргө аралашып ойной албаганын айтып кейийт. Ал тургай майрам күндөрү эл өңдүү аянтка чыгып, дүкөн кыдыра албайт. Ага майыптарга ыңгайлуу шарттын жоктугу себеп:

- Мен балдарымды сүйрөп, базар же дүкөн көрсөткүм келет. Өмүрү жакшыраак дүкөн же базар көрө элек. Барайын десем аларга кирчү пандус жок. Автобуста да эч шарт жок. Чет өлкөлөрдө майыптар баарына эле аралашып жүрөт турбайбы. Кинодон көрүп жатпайбызбы. Балдарымды коомго кошолу дейбиз. Бирок эч жакка кабыл алышпайт. Балам өзү деле "менин досум жок" деп жүрөгүмдү эзет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 155 миңге чукул майып бар. Алардын 26 миңден ашыгы жаш балдар. Бирок булардын дээрлик бардыгы коомго аралаша албай, үйүндө гана камактагыдай абалда күн кечирет.

Майыптардын мындай аялуу абалда экенин социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Кудайберген Базарбаев да мойнуна алат. Мындан улам Базарбаев майыптарга болгон коомдогу мамилени өзгөртүү максатында атайын өнөктүк башталып жатканын билдирүүдө:

- Биздин коом мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көп көңүл бурбайт. Алар менен аралашып жашоого көнгөн да эмес. Ошондуктан биздин министрлик коомду гумандаштыруу жана майыптарды коомго аралаштыруу деген демилге менен чыктык. Анын алкагында “Жүрөктөн жүрөккө” деген акцияларды былтыр өткөргөнбуз. Быйыл да уланталы деп жатабыз. Анткени биздин коом майыптар менен шартыбыз да, укугубуз да бирдей экенин түшүнүшү зарыл.

Майыптар үчүн ыңгайлуу шарт чынында эле жок экенин айткан министр учурда бул кемтикти жоюу үчүн аракет көрүлүп жатканын, бирок маселенин баары эле каржыга такаларын белгилөөдө:

- Биздин министрлик бул боюнча тиешелүү органдар менен чогулуштарды өткөрдүк. Маселен, ИИМ менен жолго үн чыккан светофор орнотуу, Курулуш агенттиги менен үйлөргө пандус куруу, Маданият министрлиги менен музей, театр сыяктуу маданий мекемелерге кирип-чыгуу үчүн атайын шарт түзүү боюнча сүйлөшүп жатабыз. Мындай иш улана бермекчи.

Үкөй Мураталиева - өлкөгө таанылып калган жаш активист. Ал майып болгонуна карабай ар кыл акцияларды уюштуруп, майыптарга шарт түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет. Үкөй бардыгын каржыга шылтап отурбастан, алгач коомдогу мамиле оңолсо майыптарга чоң колдоо болмок деген пикирде:

- Негизи, майыптардын үч маселеси бар. Биринчиси, билим алуу. Экинчиси, жумуш табуу. Үчүнчүсү мыйзамдар. Бирок биздин өлкөдө алардын баарынан да маанилүүсү - бул майыптарга адамкерчилик мамиле. Көп учурда адамдар өзү ойлонуп жыйынтык чыгарбай туруп, коом эмне десе ошону туура деп эсептейт. Коомдо майыптарга мамиле анча жакшы эмес болгон үчүн баары аларды бөлүп карап көнүп калган. Мындай көз карашты өзгөртүш үчүн биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын имиджин, образын өзгөртүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруубуз керек.

Чынында эле, адатта кыргыз коомунда майып көрсө ага садага акча берип коюу гана оюбузга келет. Бирок ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар "тиешелүү шарт түзүлсө өз наныбызды өзүбүз тапканга кудуретибиз жетмек" деп илгери үмүт менен жашап келет.


  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG