Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө иштеген алты адам беш пенсионерди каржылайт.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны көбөйүүдө. Дүйнөлүк эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча, бир пенсионерди үч-төрт иштеген киши каржылаганда гана толук кандуу камсыздалган коом деп эсептелет.

Орточо пенсия эң төмөнкү жашоо керектөөсүнө жетпейт

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 605 миң пенсионер бар. Жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны көбөйүү үстүндө. Мисалы, өткөн жылы өлкөдө 14 миң киши пенсияга чыккан.

Учурда пенсиянын орточо өлчөмү 4753 сом. Он жыл мурда бул көрсөткүч 775 сом болчу. Ошентсе да, азыркы орточо пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпейт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2016-жылдын 1-кварталында жашоо минимумунун өлчөмү - 4828 сом деп саналган.

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Жеңиш Муканбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү күндө иштеп жаткан адамдардын эсебинен пенсионерлер каржыланууда. Жыл өткөн сайын иштеген адамдардын саны кыскарып, пенсионерлердин саны көбөйүп жатканы пенсия төлөөдө маселе жарата баштайт, андай көйгөй азыртадан эле башталды:

Айрым карылар акча тартыштыгынан өз алдынча иштөөгө мажбур

Айрым карылар акча тартыштыгынан өз алдынча иштөөгө мажбур

- Көйгөй бар. Эл аралык эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча, пенсиялык система туруктуу иштөөсү үчүн үч-төрт иштеген киши бир пенсионерди каржылоосу керек. Бизде болсо бир пенсионерге эки адам же башкача айтканда, алты иштеген кишиге беш пенсионер туура келүүдө. Бул аябай эле аз. Бир иштеген киши өз айлыгынан бир пенсионерди тийиштүү деңгээлде камсыздай албай калууда. Ошондуктан, биздеги пенсиянын орточо өлчөмү жогорулай албай жатат. Минималдык пенсияны жашоо минимумуна жеткиргиле деген талаптар бар. Бирок аны ишке ашыруу үчүн пенсиялык фонддо жетиштүү каражат жок.

Соцфонддун аз төлөмү - жарыбаган пенсия

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия кишинин иш стажына жараша эсептелет. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү социалдык пенсия бар. Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин башкы адиси Мира Тургунбаеванын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, социалдык пенсия миң сом:

- Өмүр бою эч жерде иштебеген, бир да жыл эмгек стажысы жок улгайган адамдардын пенсиясы 1000 сом. Ал эми ушундай эмгек стажы жок Баатыр энелердики 2000 сом.

Мира Тургунбаева жыл өткөн сайын балдардын төрөлүүсү азайганы, жакынкы аралыкта пенсия курагындагы адамдардын көбөйүүсүн шарттап жатканын кошумчалады.

Демографиялык көрсөткүчтөр менен келечекте карыган адамдардын саны өссө, пенсиялык фонд азыркы пенсиянын өлчөмүн да төлөй албай калышы ыктымал.

Пенсия тууралуу мыйзамдарга ылайык, ай сайын иш берүүчү кызматкердин айлыгынан 15% пенсиялык фондго которот. Ал эми ушул тапта Орусия, Казакстанда иштеген мигранттар камсыздандыруу взносторун ошол өлкөлөр үчүн төлөшөт. Бирок бул төлөмдөр кийин Кыргызстанга которулбайт, ошондуктан, келечекте эмгек мигранттары Кыргызстанда толук кандуу пенсияга чыга алышпайт. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, карыганда Кыргызстандан пенсия алууну каалаган мигранттар банк же жакын туугандары аркылуу социалдык фондго камсыздандыруу взносун төлөп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай эле маселе Кыргызстан менен эмгек келишимин түзбөгөн өлкөлөрдө иштеп жаткан мигранттардын да башында турат.

Ошондой эле Кыргызстанда ыктыярдуу патент менен иштеген жеке ишкерлер бир айда тапкан акчасынын орто эсеп менен 2-4% гана Социалдык фондго төгүшөт. Ошондуктан, келечекте булардын пенсиясы да аз болушу ыктымал.

Учурда жер иштеткен фермерлер эң аз өлчөмдө камсыздандыруу взносун төлөгөн катмар болуп саналат. Ошол эле учурда алар бүгүнкү күнү пенсияга чыгып жаткан элдин жарымынан көбүн түзүүдө. Фермерлерден түшкөн камсыздандыруу взносунун суммасы пенсиялык фонддун 1-3% гана түзөт. Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Муканбетовдун айтуусунда, тариф саясатын өзгөртүү зарылчылыгы чыгууда:

Бишкек

Бишкек

- Айыл чарба тармагында иштеген адамдар жер иштеткени үчүн социалдык фондго акча төлөшөт. Бирок өтө аз өлчөмдө болууда. Мисалы, бир гектар жер үчүн бир жылга 300 сом камсыздандыруу взносун төлөсө, аларды үйдөгү эмгекке жарамдуу адамдардын санына бөлө келгенде ар бирине ай сайын 3-4 сомдон туура келет. Жылына чогултуп эсептесек, ашып барса 50-60 сом чыгат. Ал эми стаж ар бир мүчөгө жылдык эмгек стажы болуп саналып кете берет. Пенсияга чыгуу убагы келгенде Социалдык фонддогу төлөмдөрүнүн аздыгына байланыштуу пенсиясы да аз болот. Бирок баары бир алардын пенсиясын жогорулатуу үчүн да кайра каражат талап кылынат. Ошондуктан, акыркы убактарда орто эсеп менен 10 миң сом айлык акысынан 2 миң сомду Социалдык фондго төккөн кызматкерлер нааразы болушууда. Анткени, бир жылда 20-30 миң сомдон төккөн кишинин эмгек стажы деле жылдык болуп саналат, бир жылда 20-30 сом төккөн кишинин эмгек стажы деле жылдык болуп эсептелүүдө. Ошондуктан, биз айыл чарба тармагынан Социалдык фонд төлөмдөрүн көбөйтөлү десек, эл нааразы болуп жатат. Биз азыр кайра дагы карап жатабыз, бир аз жеңилдиктер бар.

Эл саны: улгайган адамдар арбып баратат

Башында белгилеп кеткендей, жыл өткөн сайын Кыргызстанда пенсионерлердин саны өсүүдө. Минте берсе, жакынкы жылдары Кыргызстанда пенсионерлерди каржылоого каражат табылбай калуусу мүмкүн. Социалдык фонд буга жол бербөө үчүн пенсия саноодогу тарифтик саясатты өзгөртүүнү сунуштоодо:

- Демографиялык көрсөткүчтөр менен келечекте карыган адамдардын саны өссө, пенсиялык фонд азыркы пенсиянын өлчөмүн да төлөй албай калышы ыктымал. Же тарифтик саясатты өзгөртүү керек же жумуш орундарын көбөйтүп, айлык акыларды көтөрүү зарыл. Айлык акы өссө биздин пенсиялык фонддун базасы да көбөйөт, - дейт Жеңиш Мукамбетов.

Азыркы мыйзамдар боюнча, Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Бул үчүн алардын кеминде 20-25 жыл эмгек стажы болууга тийиш. Андан 15-20 жыл ашыкча стажга ээ аялдар 50, ал эми эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат.

Өлкөдөгү 605 миң пенсионердин эки жарым миң чамалуусу 20 миң сомдон 70 миң сомго чейин пенсия алышат. Эң жогорку пенсиялык көрсөткүч аскер жана прокуратура кызматкерлеринде. Мисалы, Конституциялык соттун мурдагы жетекчиси 70 миң сом пенсия алат. Көп өлчөмдө пенсия алгандар негизинен персоналдык пенсионерлер. Аларды каржылоо үчүн мамлекет бир жылда 300 миллион сомдон ашуун каражат коротот. Пенсиялык системада жүргүзүлгөн реформага ылайык, 2015-жылдан тартып персоналдык пенсия жоюлган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG