Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңешти бюджетти түзүүдөгү капиталдык салымдарды калыптоо укугунан ажыратты.

Республикалык бюджет тууралуу мыйзамдардагы капиталдык салымдарды мерчемдөөнү өкмөт парламенттин тиешелүү комитети менен макулдашуу аркылуу түзөт деген берене Конституцияга каршы келет деп табылды. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары Курманбек Дыйканбаев муну парламенттик көзөмөлдү чектөөгө багытталган саясий буюртма катары баалады.

Өкмөт өз алдынча каражат бөлөт

“2013-жылдын республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомол” боюнча мыйзамдын 5-беренесинин экинчи бөлүмү Каржы министрлигин капиталдык салымдарды мерчемдөөнү парламенттин тармактык комитети менен макулдашууга милдеттендирген. Ага ылайык парламент депутаттары капиталдык салымдарга кийлигишүүгө укуктуу болчу. Өкмөт жакында мыйзамдын бул беренесинин Баш мыйзамга шайкештигин карап берүүнү суранып, Конституциялык палатага кайрылган эле.
Парламентте ким көбүрөөк кыйкырса, ким кооз сүйлөсө эле капиталдык салымга каралган каражат ошол депутат шайланган жактагы социалдык объекттерди курууга бөлүнгөн учурлар бар.
Конституциялык палатанын маалымат катчысы Назгүл Нурбекова чыгарылган тыянакка негиз болгон жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Баш мыйзамда үч бийлик бутагынын ар кимисинин өзүнө тиешелүү ыйгарым-укуктары бар. Палата Жогорку Кеңештин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктары боюнча анын тармактык комитети Каржы министрлигинин капиталдык салымдарды мерчемдөөсүнө кийлигише албайт деген тыянакка келди. Анткени Жогорку Кеңеште бюджетти бекитүү жана анын отчетун алуу укугу гана каралган. Аны бөлүштүрүүнү жана аткарууну өкмөт өз алдынча жүргүзүшү керек.

Депутаттык демилгенин “сыры”

Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө жылына эки жарым миллиард сомдон ашуун каражат капиталдык салымдарга каралат. Ага мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият үйлөрү курулат.

Каржы маселеси боюнча адис Бакыт Бакетаевдин айтымында, соңку мезгилде депутаттардын бюджеттин капиталдык салымдарын бөлүштүрүүгө түздөн-түз кийлигишкен учурлары байкалган.

- Кичинекей бюджетти депутаттар өздөрүнүн аймагына тартып, талашып, шайлоого даярдангандай болуп жатышат. Парламентте ким көбүрөөк кыйкырса, ким кооз сүйлөсө эле капиталдык салымга каралган каражат ошол депутат шайланган жактагы социалдык объекттерди курууга бөлүнгөн учурлар бар. Ошол эле кезде мектепке, бала бакчага өтө муктаж башка аймактар көңүл сыртында калып кетүүдө. Ошондуктан саясий максаты жок, тегиз кароо үчүн бул милдетти өкмөткө эле ыйгарып койгон дурус. Анан калса бул иш аткаруу бийлигинин маселеси да.

Парламенттик көзөмөл коркунучтабы?


Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары Курманбек Дыйканбаев Конституциялык палатанын тыянагын парламенттик көзөмөлдү чектөө катары баалады. Анткени тармактык комитет капиталдык салымдардын чыгымдалышын ачыкка чыгаруу боюнча механизмдерди сунуштай баштаган. Курманбек Дыйканбаев муну саясий буюртма деп мүнөздөдү:

- Бул
Сатыбалдиев саясий чайкоочулукка барган. Кызматын сактап калыш үчүн депутаттардын көңүлүн алып, алар сураган мектептердин курулушуна каражатты бөлүп берген.
иш мурдагыдай эле өнөкөт болуп калган өкмөттүн саясий буюртмасы. Конституциялык палата да бийликтин камчысына айланды. Өкмөттүн бул талабы парламент анын капиталдык салымдарды кандайча иштетип жатканын көзөмөлдөй албай калсын деген эле тилек. Өкмөт бул багыттагы өзүнүн кемчилигин жана көмүскө маселелерин көргөзбөй калуу үчүн мына ушундай жолго барып жатат. Болбосо депутаттар капиталдык салымдарды өз ара бөлүп жатыптырбы? Биз керек болсо, өкмөткө караганда муктаж аймактарга көбүрөөк көңүл бурабыз.

Бирок “Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов капиталдык салымдарды бөлүштүрүү өкмөт менен парламент ортосундагы соодага айланганын жокко чыгарбайт. Депутат Арипов муну мурдагы өкмөт башчысы өзүнүн кызмат ордун сактап калуу үчүн колдонгон деп эсептейт:

- 2014-жылга 2 миллиард 500 миллион сом каралган. Ошону бөлүштүрүүдө мурдагы өкмөт башчысы Сатыбалдиев саясий чайкоочулукка барган. Кызматын сактап калуу үчүн депутаттардын көңүлүн алып, алар сураган мектептердин курулушуна каражатты бөлүп берген. Эми мына ошол бекитилген бюджетти каржылоо маселеси турат.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кээ бир депутаттар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгындагы маселелерди чечип берүүнү талап кылганын мисал келтирген жайы бар. Конституциялык палатанын тыянагына ылайык, эми мындан ары парламент капиталдык салымдарды калыпка салууга аралаша албайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG