Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Премьер-министр Темир Сариев Чүйдөгү Жайыл районуна караштуу Полтавка айылындагы жаңжалды тыкыр иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 10-августта чатак чыккан айылда жолугушуу өткөрдү. Полтавкада өткөн жумадан ишембиге караган түнү бул айылга башка жактан көчүп келген ондой адамдын үйүнүн терезеси талкаланган. Кылмышка шектүү катары жети адам кармалып, кайра коё берилген.

Төрөгелди Кутчуев Оштун Алай районунан Полтавкага 2010-жылы көчүп келген. 8-августка караган түнү анын үйүнүн айнектери талкаланган. Бул окуя боюнча ички иштер бөлүмүнө кайрылып, кийин эл арасындагы ынтымак ыдырабасын деген жүйө менен арызын кайтарып алган. Ал айылга бүлүк салган, түн жарымында болгон бул окуяга эмдигиче түшүнбөй турганын айтып берди:

- Мына ушул көчөдө жети үй, ылдый жактагы көчөдөн алты-жети үй, кыскасы ондон ашык үй, төрт машинанын терезеси талкаланды. Ушундай болуп кетет деп ойлогон да, күткөн да эмесмин. Тез арада чара көрүп токтотушпаса, кан төгүлүп деле кетиши мүмкүн. Менин төрт неберем бар. Мектепте сенин да балаң бар беле, ошон үчүн сеникин да талкаладык деп айткыдай деле эмес. Неберемдин эң чоңу 6-класста окуйт. Чүйлүк туугандар “силердин балдар биздин балдарды уруп эле күн көрсөтпөй жатат, ошонун кесепетинен ушул ишке барышыптыр”, деп жатышат. "Биздин балдар болсо кармап алып келип бербейсиңерби, биз өзүбүз тарбиялайлы, болбосо жалган жалаа жаппагыла" дедик. Балким алар бизди ушул жерге жашаттырбай кетирүү амалын кылып ушинтип жатышабы, же болбосо бийликтегилер айткандай, үчүнчү күчтөр уюштуруп жатабы, же шайлоонун алдында ушундай тополоң кылгысы келгендердин колунан келдиби, айтор билбейбиз. Бизге түшүнүксүз.

Азыр айылды түнкүсүн милиция күзөтүп жаткан чагы. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Абай Кайракпаевдин айтуусунда, Полтавка жаңжал чыгышы ыктымал деген айылдардын катарына кирет:

- Жайыл районунда 38 айылдан турган 12 айыл өкмөтү бар. Аймактар, улут аралык араздашуу чыгышы ыктымал деген алты айыл бар. Булар Степное, Ново-Николаевка, Петропавловка, Полтавка, Сосновка, Алексеевка айылдары. Биз ар кандай жыйындарды, жолугушууларды уюштуруп, улут, аймак аралык жаңжалдарды алдын алуу иштерин такай жүргүзүп турабыз.

Полтавка айылында 10-августта вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев баштаган топ жолугушуу өткөрдү. Анын алдында премьер-министр Темир Сариев бул окуяны мамлекеттин биримдигине шек келтире турган окуя деп сыпаттады.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асановдун билдиришинче, Сариев күнөөлүүлөрдү аныктап жоопко тартууну тапшырды.

- Темир Сариев бул окуялардын орун алышын акылга сыйгыс нерсе деп атады. Дүйнөдө коопсуздук маселеси курчуп, өлкө ири саясий окуялардын алдында турганда элдин биримдиги эң негизги баалуулук болушу шарт экенин да белиледи.

Кыргызстанда 2013-жылы элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча атайын концепция кабыл алынган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, аймактар аралык мамилени жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат:

- Азыр түндүк-түштүк маселеси, уруу-урууга бөлүнгөн маселелер, айрыкча Чүйгө башка жерден көчүп келген кыргыздар боюнча маселелер бар. Биз жакында эле түндүк облустардагы ар бир райондон үчтөн киши кылып, жалпысы 70 адамды түштүккө алып барып келдик. Ошту, Баткенди көрсөттүк, эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Айыл өкмөттөрдө болдук, тажрыйба алмаштык. Тоскондор да, баргандар да элдин биримдигин чыңдаганга жакшы болот экен дешти. Эмкиде, буюрса, түштүктүн үч облусунан өкүлдөрдү түндүккө алып келели деп жатабыз. Башка улуттардан мурун биринчи өзүбүз биригип алалы деген максат болуп жатат.

Анткен менен "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева түндүк менен түштүктү жакындаштыруу иштери жетиштүү эмес деген пикирде:

- Турмуштун айынан түштүктөн Чүй тарапка барганга туура келет. Ал эми Чүй жактан бул жакка келип, жашоонун канчалык кыйын экенин, кандай чек ара аймактарда кыйынчылык менен жашап жатканын, эмне маселелер бар экени тууралуу түшүнүктөрү жок. Жаштар үйдөгү эле калыптанып калган түшүнүктөр менен жашап жатат. Туштүктөн баргандар эмгекчил, тиричиликке бышык болушу мүмкүн. Анан Чүй тарапта “булар балээ го” дегендей сөз болушу мүмкүн. Бала ошол түшүнүк менен чоңоюп, жек көрүү пайда болушу мүмкүн. Түндүк менен түштүктүн ортосунда ротациянын, маданий-экономикалык жана турмуштук байланыштын, атайын саясаттын жоктугунан ушундай окуялар болуп жатат.

Асел Жуматаеванын баамында,түндүк-түштүк маселеси саясатчылардын айынан да тереңдеп баратат:

- Бөлүнүү бир топ эле деңгээлге жеткен. Мисалы, түштүктөн чыккан лидер партия курап жатканда ал сөзсүз түндүктөн кадыр-барктуу бирөөнү издейт. Болбосо партиясы ал жактан жетиштүү добуш ала албайт. Түндүктөн чыккан лидер деле партиясына түштүктөн өнөктөш издейт. Кызматка коюп, же тизме түзүп жатканда кесипкөйлүгүнө, тажрыйбасына, эмгегине, таза иштегенине карабастан, жерине карап, биз бул маселени дагы тереңдетип жатабыз.

Кыргызстанда регионализм маселеси эгемен алган жылдары күчөөдө. Ушундан улам түндүк менен түштүктү жакындаштыруу боюнча союздун тушунда колдонулган айрым ыкма-тажрыйбаларды кайра колдонууну жактагандар арбын.

XS
SM
MD
LG