Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Мугалимдер маянасы аз көтөрүлүп калганына нааразы


Былтыр күз-кыш айларында маянаны көтөрүү талабы менен Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мугалимдердин нааразылык акциялары өткөн. Сүрөттө: Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык акциясы. Кызыл-Суу айылы, 2010-жылдын 13-декабры.
Былтыр күз-кыш айларында маянаны көтөрүү талабы менен Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мугалимдердин нааразылык акциялары өткөн. Сүрөттө: Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык акциясы. Кызыл-Суу айылы, 2010-жылдын 13-декабры.

Май айынын маянасын алган бир катар мугалимдер эмгек акы өкмөт буга чейин убада кылгандай көтөрүлбөгөнүнө нааразы болушууда.

Алар өкмөт убада кылгандай, айлык үч эселеп көтөрүлбөгөнүн айтышууда. Билим берүү министрлиги болсо мындай дооматтарды негизсиз атап, нааразы болгон ар бир мугалимдин арызы өз-өзүнчө иликтенээрин билдирди.

Биринчилерден болуп “Азаттыкка” Алайдан мугалимдер арызданып кайрылышты. Аталган райондун Гүлчө айылындагы Парманас орто мектебинин мугалими Жумагүл Садыкованын айтымында, алар өкмөт убада кылган айлыкты алышкан эмес:

- Деректирлерибиз, бухгалтерлерибиз семинарларга барып атабыз дешип, бизди аябай кубандырып жатышкан. Деректирибиз доскага аябай жакшы суммадагы акчаны биздин көзүбүзгө көрсөтүп илген. Ал мисалы мага “сага 19 миң чыгат” деп жазган эле. Мен болсо май айында 11 миң сом алдым. Мурун болсо 7863 сом алчумун.

Былтыр күзүндө айлыкты көбөйтүүнү талап кылган мугалимдердин нааразылык акциясы оболу Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда башталган болчу. Аталган райондогу Атабеков атындагы орто мектептин мугалими Гүлайым Топчубаева алган айлыктарына ыраазы болбой жатканын билдирди:

- Биз аябай нааразы болдук. Бизге эми 40-45 жашка чейин иштегин, андан кийин каякка барсаң, ошол жакка бар дегендей мамиле жасагандай болуп жатышат. Айлыкты ушинтип бергенге нааразыбыз. Бизди алдап коюшту. Мен мурда көбөйө электе 7 миң сом айлык алат элем. Азыр 11 миң алып жатам. Атамбаев (өкмөт) башчы үч эсе көбөйөт деген эле. Эгер ошондой болсо анда мага 21 миң сом чыгышы керек эле.

Бишкекте да айлыгына нааразы мугалимдер бар. Шаардагы №72 мектепте иштеген Салтанат Казыбаеванын айтымында, айлыгына арзыбаган акча кошулган экен:

- Буга чейин мен 6 миң, кээде башка кесиптештеримди алмаштырып калганда 6 миңден ашык акча алчумун. Азыр мен колума 8100 сом алдым. Үч эсе эмес, бир эсе да көбөйбөй жатпайбы.

Билим берүү министрлиги нааразы болгон ар бир мугалимдин арызы өз-өзүнчө териштирилээрин билдирүүдө. Аталган министрликтин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов жалпысынан мугалимдер курулай доомат артып жатат деп айтты:

- Республикада 125 миң мугалим бар. Эгерде алардын баары кайрылса мен алардын баарына жетише албайм. Ошондуктан нааразычылык болсо, конкреттүү мектеп болсо, фамилия болсо так карап беребиз. Болбосо жөн эле бербей атат деген сөз болуп жатат. Мисалы бизге кечээ Тогуз-Тородон айлыкты бербей жатышат деп чалышты. Анан чалсак, 6-июнда беребиз дешти. Бул жерде кээ бир күчтөр саясатка айландырып жатышат. Мына сиз мага төрт фамилияны айттыныз, азыр аларды тактап туруп сизге кошумча маалымат берем.

Салмоор Асанов Бишкекте мугалимдерге мэриянын айынан акча аз чыгышы ыктымал экенин коушмчалады:

- Бишкек мэриясы шаардык мугалимдерге 1-майга чейин өзүнүн бюджетинен кошумча акча: 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин төлөп берчү. Анан айлык көбөйгөндөн кийин өткөн жумада төртүнчү күнү шаардык мэрия ошол кошумча төлөмдөрдү алып салабыз же кыскартабыз деп чечим кабыл алыптыр. Ошонун негизинде Бишкек шаарынын мугалимдеринин айлыгын толук бере элек. Ал акча республикалык бюджеттен 2-июнда эле которулган. Ошондуктан Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен алардын акчасы азайып калышы мүмкүн.

Шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова мэрия мугалимдердин айлыгына байланыштуу чечим кабыл албаганын билдирди.

- Эч кандай токтом кабыл алынган жок. Кыскарткан да, азайткан да жок. Баары туура эле саналып жатат. Азыр төлөнбөй калгандардын баары кийинки айда кайра эсептелип берилет. Ар бир мугалимдин айлыгын өзүнчө санап чыгыш керек. Себеби педагогикалык стаж деген бар. Стажы каралат, дептер текшергени эсептелет. Жаңы торчодо дагы бир топ нерселер бар. Азыр аны талкуулай бергендин пайдасы жок, майдыкын жаңы эле алышты.

Ал арада айлыкка нааразыланган мугалимдердин алды акцияга чыга баштады. Нарын шаарында борбордук аянтка 500 чакты мугалим чогулганы маалым болду.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 1-майынан тарта мугалимдердин айлыгы үч эсеге чейин көбөйөт деп билдирген болчу. Ал чечимге ылайык дарыгерлер да арбыныраак маяна алышмак. Азырынча дарыгерлер арасында маянасына наалып кайрылгандар боло элек.

XS
SM
MD
LG