Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Жердешчиликтин пайдасы жана зыяны


Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюндары учурунда Кырчын жайлоосунда тартылган сүрөт, Ысык-Көл облусу

Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюндары учурунда Кырчын жайлоосунда тартылган сүрөт, Ысык-Көл облусу

Кыргызстанда жашаган ар кандай улуттагы калк өкүлдөрүнүн башын бириктирген ондогон улуттук-маданий борборлор бар.

Андан тышкары уруулар менен жердештердин да көптөгөн коомдору, фонддору түзүлгөн. Алардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө тийгизип жаткан өбөлгөсү кандай жана кесепети канчалык? Быйылкы Тарых жана маданият жылында мына ушундай уруулар менен жердештердин коомдорунун ролуна баа берилеби?

“Азаттык” бүгүн “Арай көз, чарай” талкуусунда саресеп сала турган маселе ушул.

Талкууга Уруу жана жердештик маселесин иликтеген тарыхчы-окумуштуу Рыскул Жолдошов, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмон Артыкбаев жана “Ысык-Көл” коомдук фондусунун мүчөсү Жангороз Каниметов катышты.

“Азаттык”: Рыскул мырза, Кыргызстанда уруулардын жана жердештердин расмий каттоодон өткөн же жөн эле түзүлгөн ондогон коомдору бар. Алар балдардын тушоо кесүү тоюнан баштап, шайлоо сыяктуу саясий окуяларга чейин катышып, өз таасирин тийгизүүгө аракет кылышканы баарыбызга белгилүү. Мурда жердештердин коомдору облус, район деңгээлинде түзүлгөн болсо, кийинки кезде айыл деңгээлине чейин түшүп баратат. Тарыхчылар уруулук жана жердештик уюмдарды түзүү жакыр элге мүнөздүү көрүнүш деген бүтүмгө келишкен. Демек, жердештик коомдордун көбүрөөк түзүлө баштаганына кандай баа беребиз?

Рыскул Жолдошов: Албетте, уруулук жана жердештик жөнүндө сөз болгондо кыргыздарга мүнөздүү тарыхый учурларды эске сала кетүү керек. Себеп дегенде кыргыздар көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк жашоону баштан кечиргендиктен уруулук түзүлүш мамлекеттик биригүүнүн ролун аткарган. Демек, ал өз учурунда өтө прогрессивдүү кызмат өтөгөн. Отурукташкан калктар аймактык биригүү менен жашаса, кыргыздар уруулук биригүү менен сакталып келген. Азыр эми кыргыздар толугу менен отурукташкан элге айлангандан кийин жердештик жана уруулук биригүүнүн пайда бере турган касиети аз эле болуп калды. Бирок, ага карабастан кыргыз элинин коомдук аң-сезиминде уруулук биригүү жогорку максатта турат. Ошол себептен көрүнүктүү адамдар же саясатчылар саясий биригүү катары уруулук биригүүнү колдонуп жатышат.

Саясий партиялар, саясий уюмдар бизге батыштан же европалык маданияттан келген форма. Ал биздин аң-сезимибизге өтө терең сиңип кете элек. Саясий партиялар бир лидердин кадыр-баркына негизделген же ошол кишинин жеке бийликти, байлыкты кармап турганына көз каранды. Саясий партиялардын идеясы, программасы эч кимди деле кызыктыра бербейт. Мындай мезгилде өтө көрүнүктүү эмес, бирок дымагы бар адамдар уруулук коомдорду түзүүгө жана анын негизинде өз максатын ишке ашыруу үчүн пайдаланууга аракет кылат.

“Азаттык”: Осмон мырза, сиз Токтогул районунда төрөлгөн адам катары “Токтогул” коомунун көп иш-чараларын колдоп жүрөсүз. Мындай колдоону кандай максат менен жасайсыз?

Совет доорунда өз элиңдин бөтөн адамы болуп калганбыз. Ата-бабаңды, уруучулукту тааныбай коммунисттик идеологиянын алдында болгонбуз. Бүгүн жети атаңды, уруучулукту билүү керек, себеби өз атаңды билбесең, сыйлабасаң жалпы кыргыз элин жыргатпайсың.

Осмон Артыкбаев: Эми туулган жерге киндик кан тамгандан кийин ар бир адам өзүнүн кичи мекени менен байланышып турат. Мен да Токтогулдан болгондон кийин туугандар, эл-жер менен байланышып туруу үчүн катташып барып турам. Ал жерге барганда көп маселелер көтөрүлөт, жалпы элди ойлонткон маселелер козголот. Анан ошолорду чечүү үчүн райондон чыккан адамдар биригип, ынтымакташып иш кылабыз. Анын пайдасы абдан көп. Себеби чогулуп мектепке жардам беребиз, көпүрө салып беребиз, же башка маданий иштерге жардам беребиз. Бирок окумуштуу айткандай, көбүнчө уруулук багытта биригүү саясий максатты көздөйт. Биригүү аркылуу максатка жетүүгө шарт жакшыраак түзүлөт. Ага таянып алып, добуш алып, өз максатына жеткен фактылар бар. Демек, пайда чыгып жатат.

“Азаттык”: Жанкороз мырза, философ-окумуштуу Чолпонбай Нусупов кыргыз коомунда кийинки кезде ушундай коомдордун көбөйүп кетишин “кызматка жетпей калган экс-аткаминерлердин реванш алуу же аткаминер болом дегендердин бийликке жетүүчү тепкич катары колдонуу аракети” деп баалаган. Сиз мындай илимий көз карашка макулсузбу? Себеби сиз дагы “Ысык-Көл” коомдук фондун түзүүчүлөрдүн башында болуп, аны көп жыл жетектебедиңиз беле. Ал кандай максат менен түзүлгөн?

Жангороз Каниметов: Окумуштуу айткандай, пайда көрүү максаты бар. Аны эч ким тана албайт. Ал эми “Ысык-Көл” коомдук фондун 2001-жылы түзгөнбүз. Анда уруучулук маселе көңүлгө алынган эмес, себеби ал кезде Ысык-Көлдүн губернатору Жусупбек Шарипов эле, бийлик да, Ысык-Көл облусундагы бардык атуулдар, алардын арасында Мамбет Мамакеев, Жумагул Сааданбеков, Бексултан Жакиев сыяктуу белгилүү адамдар биригип түзгөнбүз. Анын негизги максаты - Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо, ынтымакка келип, Кусейин Карасаев, Жусуп Абдрахманов, Балбай баатыр, Касым Тыныстанов, Боромбай бий сыяктуу аты унутта калып бараткан баатыр, бийлердин, коомдук, мамлекеттик ишмерлердин китептерин чыгаруу, конференцияларды өткөрүү болгон. Бул фонд азыр деле иштеп жатат. Уюштурганда жеке кызыкчылык болгон эмес, фонд Ысык-Көлдүн райондорунда, айылдарында ынтымак коомдорун уюштуруп, ар кандай маданий, тарыхый иш-чараларды өткөрүп, элдин ынтымагын бекемдегенге көп жардам берди. Ал кезде жеке кызыкчылыкты ойлогон эмеспиз. Бирок ушундай уюмдарды шайлоо алдында же башка бир маанилүү учурларда уюштура коюп өз максатына пайдаланган учурлар болбой койгон жок. Ал эми жалпы айтканда, чынында совет доорунда өз элиңдин бөтөн адамы болуп калганбыз. Ата-бабаңды, уруучулукту тааныбай коммунисттик идеологиянын алдында болгонбуз. Бүгүн жети атаңды, уруучулукту билүү керек, себеби өз атаңды билбесең, сыйлабасаң жалпы кыргыз элин жыргатпайсың. Ошон үчүн бул жалпы кыргыз элинин биримдигине жакшы таасир берет деген ойдомун. Көптөгөн коомдор, фонддор бүгүнкү бөксөлүктү толтуруп жатат. Анткени, уруудан барып улут пайда болот. Ошон үчүн жакшы жактары абдан көп, аны биз жаман максаттарга гана пайдаланбашыбыз керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG