Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

АРИСтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миңге чукул айылда таза суу жок. “Азаттык” бул маселени “Арай көз чарай” талкуулады.

Талкууга “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун башчысы Анара Дауталиева, Ичүүчү сууну жана агындылоону өнүктүрүү боюнча республикалык департамент башчысынын орун басары Жолчубай Мырзакаримов жана КУУнун экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы Жекшен Жамгырчиев катышты.

“Азаттык”: АРИСтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миңге чукул айылда таза суу жок экен. Бул үчүн 700 млн. доллар каражат керектигин АРИСтин башчысы Элмира Ибраимова өткөн аптада парламентте билдирген. Дүйнөлүк Банк жана Азия өнүктүрүү банкы каржылап келаткан “Таза суу” долбоорунун ишке киргенине дээрлик он жылдан ашып калды, бирок эмне үчүн дагы деле Кыргызстандагы айылдардын 75% ичүүчү суусу жок отурат? Анара айым, жарандык коом мунун себебин эмнеден көрүп атат?




Дауталиева: Мен ушул маселени алты жылдан бери иликтеп келе жатам. Үч жолу долбоордун донорлоруна барып келгем. 2001-жылы Дүйнөлүк Банк менен Азия өнүктүрүү банкы “Таза суу” долбооруна 69,5 млн. доллар берген, бул акчаны бүгүн биз менен сиз карыз катары төлөп атабыз. Ошентсе да бизде таза, ичүүчү суу жок. Эмне үчүн? Буга баягы эле коррупция күнөөлүү. Статистиканы айтсак, 1899 айыл таза суу ичет, бул деген 3.5 млн. адам. Демек элдин 60% сууну суу түтүктөрүнөн ичет, калганы арыктар менен көлмөлөрдөн ичет деген сөз. Коррупциянын айынан 2001-жылы башталган долбоор бүгүнкү күнгө чейин аксап турат. Анткени биздин өкмөт ошол убактан бери долбоордун аткарылышын көзөмөлдөгөн жок, баарын өздөрү менен элдин колуна берип койгон. Мына быйыл гана экс-премьер министр Өмүрбек Бабановдун өкмөтү менен президент Атамбаев бул долбоорду колго алып, иштете баштаган...

“Азаттык”: “Таза суу” долбоору иштеген айылдардын айрымдарында ичүүчү суу жок. Буга ошол долбоор менен иш алып барган жергиликтүү бийликти айыптаган учурлар бар. Алсак АӨБ да “жаңысы коюлду” деп алдап, эски куурду калтырып койгон учурлар болгону үчүн долбоорду каржылоодон баш тартканын билдирүүдө. Жолчубай мырза, бул боюнча кандай иш жүрүп жатат?

Мырзакаримов: Туура айтып жатасыз. “Таза суу” долбоорунун 1-этабында 2001-жылдан 2008-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 69,5 млн. доллар бөлүнүп, ага 533 айылга суу түтүктөрү курулган. Анын ичинен 35 айылда суу чыкпай, түтүктөр иштебей турганы аныкталган. Азия өнүктүрүү банкынын койгон дооматы да туура. Биз ошонун негизинде быйыл мамлекеттик курулуш агенттигинин буйругу менен атайын комиссия түзүп, 51 айылды текшерип чыктык. Катачылыктарды ким кетирген? Долбоорго катышкан жергиликтүү бийликтин, курулушчулардын айыбы бар, курулушчулардын күнөөсү көбүрөөк, талап боюнча түтүктөр жер алдына 1 метр төмөн көмүлүүгө тийиш болсо, алар жарым метр чукуп эле көөмп койгон учурлар аныкталды.




“Азаттык”: Кыргызстан ичүүчү, таза сууга бай мамлекеттердин бири. Бирок ошого карабай бүгүнкү күнү эл айдоо аянттарын сугарып келген пайнап сууларды, же элдүү пункттарды аралап агып келген кир сууларды ичүүгө аргасыз болуп жатат. Жекшен мырза, окумуштуу катары сиз кандай пикирдесиз?

Жамгырчиев: Кыргызстан чындыгында эле таза сууга бай. Бирок ошого карабай ичүүчү суу чоң көйгөй болуп атат. Таза суу жетишсиздигинен түрдүү оорулар көбөйүп атат. Мага чейин сүйлөгөндөргө кошулам, мунун баарына чоң коррупция күнөөлүү. Элди ойлоп, таза иштеген адамдар аз болуп жатканында маселе. Азыр дүйнө жүзү боюнча таза суу маселеси көтөрүлүп турат, муну БУУ көтөрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG