Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Кыргызстанда майып балдары бар ата-энелер өздөрүнүн, балдарынын укуктарын, мыйзамдуу түрдө берилген жеңилдиктер тууралуу биле беришпейт.

Алардын укуктук сабатын жоюу үчүн “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери” ассоциациясы атайын клиника ачты. Аталган уюмдун төрайымы Тамара Жумабекова “Азаттыкка” маек куруп, клиника, майып балдардын ата-энелери тартып жаткан кыйынчылыктар, мыйзамдагы каршылыктар тууралуу кеп салып берди.

- Тамара айым, мүмкүнчүлүгү чектелген, оорулуу балдарын багып отурган ата-энелердин бүгүнкү күндө абалы кандай?

-Албетте, өтө эле оор болуп атат. Анткени үй-бүлөгө мүмкүнчүлүгү чектелген баланын келип кошулушу менен ата-эне өзүнчө эле бир туңгуюкка кептелип калгандай абалда калат. Анткени бизде мындай үй-бүлөлөргө төрөт үйүнөн тартып, социалдык кызматкерлер, психологдор жардам берип, колдоо көрсөтүү деген практика жок, мамлекет тарабынан мындай колдоолор жок. Бул биринчиден. Экинчиден болсо, оорулуу балага так диагноз коюлбайт, үчүнчүдөн мындай балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө көңүл бурулбайт. Мисалы бир нерсени эле айтсак, мыйзамда жазылып турат: 1-2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экзамен тапшыра алышпайт, алардын ден соолугуна зыян келтирет. Ошонун негизинде мындай балдар бүтүрүү экзамендерин тапшырган учурда жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөйт дагы, кийин жогорку окуу жайларына тапшырганда кыйынчылыкка дуушар болуп жатышат. Анткени мыйзам боюнча ЖОЖдордогу бюджеттик орундарга тестирлөөдөн өтпөгөндөр отура алышпайт. Бир мыйзам экинчисин улап кетиши керек болсо, тескерисинче мыйзамдар бири-бирине каршы туруп, университеттерге окуй албай, бюджеттик орундардан таптакыр куржалак калып атышат.

- Сиздердин уюм тарабынан ачылган укуктук клиника мына ушундай мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча маселе көтөрүп жатабы?

- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар боюнча 2008-жылы жакшы толукталган мыйзам кабыл алынган, бирок түрдүү көйгөйлөр дагы деле бар болуп атат. Анткени ошол мыйзамга ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жалпы тестирлөөсүз эле жогорку окуу жайына кирүү сынагын тапшырып, жакшы баа менен бюджеттик орунга ээ болууга укуктуу болсо, билим берүү боюнча мыйзамда буга каршы тескерисинче, бюджеттик орунга жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандар гана ээ боло алышат деп турат.

- Сиздер берген маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын 70-80% бала бакчага, мектепке, атайын билим берүүчү жайларга барбайт экен?..

-Ушул көйгөйлөрдү көп жылдардан бери чече албай келе жатканбыз. Быйыл “Сорос” фонду аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелеринин укугун коргоочу клиника ачтык. Азырынча бир жылдык мөөнөт менен ачылды, 15-августтан тартып иштеп жатат. Бирок бул бир жылдык эле программа болбошу керек. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып кетейин, бүгүнкү күндө ата-энелер кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, өздөрүнүн, балдарынын укугун кантип коргой алышат, ушунун баарын семинар, тренингдер аркылуу укуктук кеңештерди берип турабыз.

- Ошол клиниканын телефонун да айтып койбойсузбу? Издегендерге кереги тийип калар.

-Албетте, биздин клиниканын Бишкектеги кеңсесине 51-76-34 телефону аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери кайрылышса болот.

-Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген канча бала катталган?

- Социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашы 18ге чыга элек 22 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Биздин оюбузча, бул да так маалымат эмес, анткени төрөлгөндөн тартып эле катталган баланы көрө элекпиз, эң эле эрте каттоого турганы 2 жаштан башталат.

- Сиз жаңы эле окуу жайына тапшыруудагы мүчүлүштүктөр тууралуу айтып кеттиңиз. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздардын жумушка кирүү маселеси кандай?

- Жумушка орношуу боюнча да мыйзамдар бар, ар бир мекемеде жок дегенде 5% орун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга берилиши керек. Эгер бир ишканада 10 жумушчу иштесе, ошонун бирөө мүмкүнчүлүгү чектелген киши болууга тийиш. Бирок бул мыйзам дагы алгылыктуу иштебей жатат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG