Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Мигранттар маселеси тууралуу «Азаттык» Орусиядагы Кыргызстандын мурунку элчиси Райымкул Аттокуровду кепке тартты.

-Райымкул мырза, кыргызстандык мигранттар бүгүнкү күнү Орусиядан тыш, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да иштеп жүрүшөт. Ошентсе да аларга карата ар кандай дооматтар, өзгөчө кыргыздар барган жеринин мыйзамдарын сыйлап, мыйзамдуу иштөөгө үйрөнө албай коюшту деген сөздөр бар?..

- Мен мындай дооматтарга толук кошула албайм. Анткени миграция маселеси өтө орчундуу, татаал маселе. Анын маанисин айрыкча Европа өлкөлөрүндө болуп жаткан акыркы окуялардан улам тереңирээк түшүнүүгө болот. Бул оңой эле чечиле коё турган маселе эмес. Кыргыздардын сыртка агымы 1994-95-жылдары башталган. Акыркы беш-алты жылда катуу күчөдү. Баарыбызга белгилүү, Орусияга келген жаш балдар, кыздар ар кандай социалдык катмарлардын өкүлдөрү, билим деңгээлдери да түрдүү. Ошого карабай биздин жарандарыбыз бул жерде мүмкүн болушунча мыйзамдын чегинде жашап, окуп, иштөөгө аракет кылып жатышат. Бул маселени тапка келтирүү боюнча мамлекет, элчиликтер, миграция министрлигинин өкүлү, алар менен бирге эле диаспоралык коомдордун орду абдан чоң.

- Качандыр бир Орусиядан башталган сырткы миграция бүгүн Америка, Латын Америкага чейин жетип отурат. Бирок ошол жактарда да Орусиядагыдай эле ал жактарга жакшы турмуш издеп барган кыргыздарга мыйзамдуу жашап, орношуп, акысы жогорураак жумуштарга кирип иштөөсүнө ошол жактардагы Кыргызстандын элчиликтери, өкүлчүлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде көмөк көрсөтүүсү керек да?

-Албетте, көмөк көрсөтүүсү керек. Бул маселе боюнча элчиликте, миграция министрлигинин өкүлчүлүгүндө атайын штат ачылган. Орусиянын бардык федералдык округдарында мындай штат иштеп турчу, мүмкүн бардык мигранттарга жетишпей калышса керек. Ошондой учурларда аймактардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн тартууга туура келчү, алар менен да тыгыз байланышып, иштешип турушат.

- Биз менен байланышып турган мигранттар өздөрү эле ачык айтышат, учурда Орусияда деле, башка жактарда дагы башка бирөөнүн документи менен иштеген, өзүнө иштөөгө уруксат ала албаган же дагы башка тоскоолдуктардан улам мыйзамсыз иштөөгө аргасыз болгон кыргызстандыктар көп эле. Эгер ошолор кандайдыр бир кырсыкка учураса компенсация сурай албай кыйналган учурлар бар экен. Ушундай учурларда, алсак сиз элчи болуп турган тушта, кандай аракеттер көрүлчү эле?

- Биринчиден кандай иште иштесе да мыйзам чегинде иштөөгө тийиш деп ойлойм, бул боюнча суроо да болбошу керек. Негизги маселе – биздин жарандарыбыз, кыргыз кыздар, жигиттер Орусиябы, Европабы кайда болсо да Кыргызстандан келе жатканда эле «барып эмне жумуш иштейм?» деген суроону алдына коюп, ошого ылайык даярданышса жакшы болмок. Анткени алар айылдан түптүз эле Москвага жана башка чоң шаарларга келип түшүп атышат. Жада калса облустун борборун көрбөй туруп, бул жакка келип калып, жашоо шартына көнбөй, кыйынчылыкка дуушар болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө кесиптик жактан даярдык маселеси да абдан курч болуп турат азыр. Акыркы учурларда Орусиянын миграция кызматынын багыты да өзгөрүп баратат, себеби бул жакта сырттан келген мигранттарга орус тилин билүүсү, сабаты, кесиптик билими бардыгы, мыйзамды сыйлоосу өтө чоң талап катары коюлуп атат. Биздин жарандар сыртка чыгарда мына ушуларды да эске алуусу зарыл болуп турат деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG