Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандардын айырмдары бийлик менен элдин ортосунда ажырым пайда болгунун айтышса, айрымдары жаңы конуштардагы көрүстөнгө сөөк коюуу төлөмдөрү жогорулаганын билдирди.


Төрөкан Алимов , Жалал-Абад: Бүгүнкү күндө эл тарабынан шайланган депутаттар, президент, өкмөт эл менен болгон байланыштарын чыңдоого аракет жасаганы менен карапайым эл менен бийликтин ортосундагы ажырым күчөп баратканын мындай мисал менен тастыктайт элем.

Биринчиден, бийлик тарабынан чыгарылган буйрук, көрсөтмөлөр, чечимдер элдин калың катмарына жетпей, эл тарабынан кабыл алынбай, эл тарабынан аткарылбай жатканы баарыбызга эле маалым эмеспи. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар бүгүнкү күндүн талабына ылайык келбей жана эл тарабынан аткарылбай, эл мыйзамдын маани-маңызына терең түшүнбөй, өзүнө кабыл албай жатканы жашыруун эмес.

Жергиликтүү бийликтин өзүм билемдик менен кайсыдыр бир маселелерди каалагандай чечиши, эл менен жеткиликтүү иш алып бара албай жатканы элди иренжитип, бийликке болгон ишенимди жоготуп баратат. Базардагы кымбатчылык, суу, жайыт, экология жана башка социалдык маселелер жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбей, көзөмөлдөнбөй калганы бийлик менен элдин байланышын мындан ары дагы начарлата турганын далилдеп турат.

Жолболду Зарыпеков , Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну: 2005-жылы депутат Камчыбек Жолдошбековду ортого салып жатып Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Өргө жаңы конушунан мүрзөканага жер алдырганбыз. Акыркы мезгилде ошол жерге сөөк коюш үчүн жерди сата башташты. Маселен, Байтик айылындагы көрүстөндөн жер алуу 20 миңге, Беш-Күңгөйдө 17 миң, Лебединовка айылында 10 миң, биздин жаңы конушта 7 миң сом. Чынында көрүстөндү кайтаргандарга айыл өкмөтү же жергиликтүү бийликтен акча каражаты бөлүнгөндөн кийин эмне үчүн сатып жатышат.

Кээ бир колунда жок адамдарга кыйын болуп жатат. Конституцияда жарандардын укугун коргоо жазылып турат. Ал эми өлгөндөрдүн укугун ким коргойт. Жада калса көрүстөндөн дагы акча жасап коррупциялашып кетти. Ушуну депутаттар, өкмөт эсине алып, көзөмөлдөсө жакшы болоор эле.

Үрүлкан: Өткөндө “Азаттыктан” кыз ала качуу темасын жакшы көтөрдүңөр. Кыз ала качуунун терс жактарын “Адеп” сабагын киргизип мектепте кичинекей класстардан эле окутуш керек. Зордоп, күч менен кыз ала качуу мыйзамдын чегинде жоопко тартыларын, кыз уурдоо, адам уурдоо менен барабар экендигин, кыздын укугу телебенип жатканын айтып, түшүндүрүү иштерин балага, кызга кичинесинде айтса эсинде калат. Ошондой эле кыздарды дагы “шылтоого шынаа” дегендей кыз ала качууга өздөрү түрткү болбоосу керектигин айтып түшүндүрүш зарыл. Балдарды абийирдүү тарбиялап, жаман өнөкөткө айланып бараткан кыз ала качууга бөгөт коюга жаштарды үндөш керек.

Үсөн Жумабаев, Баткен: Азыр окууну бүткөндөрдүн он жылдыгы, жыйырма жылдыгы деп шылтоо кылып, классташтардын жаратылышка чыгып сайран куруп, отуруш кылганына каршымын. Эмне үчүн башка улуттагылар, мисалы, өзбек, тажик туугандар, а түгүл орус, дунган туугандар классташтардын он жылдыгы деп аялдарын ээн-эркин жибербейт. Бизде болсо аялын жакшынакай кийиндирип жөнөтөт да, күйөөсү жаш балдарын карап үйүндө калат, колуктусу классташтардын отурушу деп тоого, же дагы бир отурушка кетет. Кыздар он жылдан кийин 27ге чыккан келин болуп, көпкөлөң тартып турган учур болот.

Классташтардын отурушунда ичимдик ичилет, ичимдик ичилгенден кийин кандай иштер болорун кудай билет. Бул барып келип үй-бүлөгө чатак алып келет. Ошондуктан шариятка дагы туура келбеген классташтардын он жылдык, жыйырма жылдык деген обу жок шаан-шөкөтүн кыргыздар токтотуусу керек.

Эгерде “Эл үнү” берүүсүнө пикириңизди, сунушуңузду билдирем десеңиз (0312) 31-61-65 номурлуу телефонго чалып аты-жөнүңүздү айтып, пикириңизди жаздырып коюңуз. Бирөөнү каралаган, аброюна шек келтирген, же жалган маалыматтар эфирден чыгарылбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG