Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

“Сыйабанда” бул жолу гуманизм, адамдын пейили, жакшылык, боорукердиктин тегерегинде сөз болду.

Студиянын коноктору: акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер – Меңди Мамазаирова, Оштон өзбек тектүү жазуучу, журналист Эркин Байназаров жана Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов.





Токпейилдик деген эмне?


«Азаттык»: Бала кезде аксакалардан “элден, балдардан пейил кетип жатат” дегендерин угуп калар элем, бирок маанисин аңдай алчу эмесмин. Сиздер мурдагы заманда, кийинки заманда дагы аралашып көрүп жүрөсүңөр, пейилдин кетиши деген эмне өзү?

Меңди Мамазаирова: Эрмек ырчы экөөбүз - согуштун балдарыбыз. Эмне гана кыйынчылыктарды көрдүк! Улуу апаатты элдин пейили жеңди го деп ойлоп калам кээде. Согуштан кийинки мезгилде адамдар бири-бирине боорукер, алпейим эле. Кыргыздар үйүн кулпулачу эмес. Бири-бирине ишеним, ыйман ушунчалык күчтүү экен. Ошол азыр бизде жок болуп жатат. “Айда жеген ток болот, күндө жеген ач болот” дегендей, жайнаган кийим-кече, тамак, маалыматтын басырындысында отурсак да, ыйман качып жаткандай.

«Азаттык»: Эрмек мырза, Кыргызстанда сиз барбаган айыл калбаса керек, аксакал, көксакалдардын терең сөздөрүнө сизчелик ким маани берет?

Эрмек Мойдунов: 21 жашымда филармонияга кирдим, өзүмдү аябай бактылуу адаммын деп эсептейм, себеби шумдук адамдар менен иштеп калдым. Ыйман деген ошолордо болоор эле. О дүйнөгө кетээрде Саякбай атанын жанында отуруп калган адаммын, Мыскал эженин батасын алган адаммын, Ысмайыл, Шекербек, Асылбек Эшмамбетов, кечээ эле кеткен Эстебес, Токтосун, Тууганбай, Ашыралы Айталиев эмне деген адамдар! Ошол кездеги аксакалдардын турмушу азыркыдай эмес болчу, бирок ушундай ынтымактуу эле. Илгери биз жумушка келгенде, эртең менен саат тогузда Калык, Осмонкул, Алымкул, Карамолдо, Ыбырай келип, кокус бирөө ооруп калса, жумуштан мурда ошонун үйүнө барып, ден-соолугун сурап, тапкандарын таштап, анан жумушка келээр эле. Ошондо булардын айлыктары аз болгон, унаа, үч кабат үйлөрү болбосо да, көрсө элим деп жүргөн адамдар экен да. «Балам, түз жүр, бирөөнүн акысын жебе» деген адамдар эле да.

«Азаттык»: Эки жума мурда касиеттүү Ошко бардым, Оштон кут качкандай туюлду. Жазуучу Эркин Байназаров Ошто турат. Эркин мырза, мына пейил, боорукердик, гуманизм, жакшылык деген сөздөр четинен жоголуп, ордуна заар, одоно сөздөр, киши өлтүрүү, тоноо дегендер көбөйүп кетти дешет. Дайыма гезиттер менен иштешип, өзүңүз чыгарма жазып жүрөсүз. Ушуга кандай оюңуз бар?

Эркин Байназаров: Мындан 9-10 жыл мурда мага редакциядан тапшырма берилди эле, 100 жашка чыккандар тууралуу гезитке макала жаз деп. Ошондо 100 жашка жеткен көп адамдар менен сүйлөшкөнүмдө, жаштарга, азыркы муунга кандай насаат айтасыңар дегенимде: жан күйгүзүп үй салам, чоң той берем, бай болом деп эле, адамгерчиликти, инсандыкты унутуп коюп атасыңар, жакшы ниетти тутунуп, бири-бириңерди урматташыңар керек деген сөздөрдү айтышкан. 90-жылдан кийин эки элдин ортосунда өткөн эки окуя бири-бирибизге ишеничти төмөндөтүп таштады. Көбүрөк материалдыкка бастырып, адамгерчиликтен алыстап калдык деп ойлойм. Чыгармачыл адамдар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери адамдардын рухий дүйнөсүн байытышы керек. Мунун баасы өтө чоң. Азыркы учурда Ошто ушул окуялар дароо эле эстен чыгып кетпесе керек. Эми гана акырындап бири-бирине көнүп атышат.

«Азаттык»: Бул ачкөздүк, пейилдин ачтыгы кайдан болууда? Мурда Жигули десек, эми Мерседес дейбиз, Мерседес алсак, Жип алгыбыз келет, алакандай эле жерим болсо деп жүрүп, ага жетсек, үч кабат үйдө жашасак дейбиз. Бул эмне деген сезим?

Мамазаирова: Ыймансыздыкты сырттан кирген кинодон, маалыматтардан алып жатпайбызбы. Чет өлкөлүк тасмаларда бири-бирин өлтүрмөй, ыймансыз нерселер биздин элге, өзгөчө жаңыдан өсүп келаткан жаш муундарга терс таасир этет. Оштогу окуя - муну карапайым эки эл каалаган эмес, каалабайт дагы. Мен өзүм оштукмун, биз өзбектер менен коюн- колтук алыша жашадык. Кечээки эле Турсунбай Адашбаев, Рахман Шавкат деген Ошто туулуп өскөн акындар азыр Ташкенде. Турсунбай Адашбаев кыргыз адабиятынын чыныгы досу, бул биздин аттуу-баштуу акын, жазуучулардын чыгармаларын өзбек тилине которуп, «Манасты» биринчи өзбек тилине которгон киши.

Согуштан кийин менин ата-энем көп жетим-жесирди бакты. Ошондо эмне, алардын тамагы, оокаты ашып атты беле? Колунда болгон сындырым нанды бөлүшкөн, бул көкүрөктүн топуктугу азыр ойлосом. Эвакуация болуп келгендердин ичинен Раиса деген кызды багыптырбыз, аны биз кыргызча Райкан деп, бир тууганым экен деп жүрө берипмин. Кийин 52-53-жылдары мен лагерде элем, ата-энеси таап келип алып кетиптир. Лагерден келип алып ыйлаганымды, куса болгонумду айтпа! Көрсө ушунчалык боорукерчилик болгон экен ошондо. Нооманжан деген 6 жашар өзбек баланы тайенем алып келип багып, ал армияга барып келгенден кийин энеси рахмат айтып келип, баласын алып кеткен. Ошондо да ыйлап трагедия болгонбуз, кийин үйлөнгөндө тоюна чакырган.

Жолон Мамытов экөөбүздүн кичүү Азамат деген уулубуз самаркандык Хилола деген өзбек кызга үйлөнгөн, 6 жыл болду, эки балалуу, куда-кудагыйларым түшүнүктүү жакшы адамдар. Ушинтип эле жакшынакай жашап атканбыз, ал эми эсирип элди удургуткан кимдер? Кыргызда да, өзбекте да, башка улуттардын ичинде да жан-дүйнөсү ыплас, көкүрөгү тойбогон, карөзгөй кутумдар бар. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөз бар го, таң калчу элем, көрсө кечиримдүү, түтүмдүү бол деген сөз экен. Ушунун арты жаман болбойт экен.

Курсак ток, көкүрөк ач

«Азаттык»: Улуу сөздөрү бар, ушундай терең макалдары, сөздөрү бар элдер анан кантип бири-бирин мууздап, мыкаачылыкка барышты? Ушул парадокска тан каласың.

Мамазаирова: Бул эми адам баласынын канындагы жаман нерсе. Атам Мамазаир атын араң жазган караңгы киши болгон. Кулагыбызга куяр эле: напси деген ар кимде - итте да, куртта да, битте да болот, бирок алк деген эң жаман, алкың ачылганда ажыдаарга айланып кетесиң деп эскертчү. Азыр адамдардын алкынын ачылып кеткенине мен аябай капамын.

Мойдунов: Ош окуясын айткан соң айтат элем: сен өз үйүңдө татыктуу кожоюн болушуң керек. Тартип, адамгерчилик жагыңан үлгү көрсөтүшүң керек. Илгери Султан Ибраимов деген биринчи секретарь болгон. Ошол киши кеткенден бери Оштун пейили кетти. Биринчи кудайга ишенишибиз керек. Кайсы эл болбосун, ошол элге жакшы мамиле кылышыбыз керек. Азыр деле кеч эмес, азыр кыргызбы, өзбекпи, уйгурбу, татарбы, татыктууларын орчундуу жумуштарга коюшубуз керек.

«Азаттык»: Эркин мырза, ачкөздүк жөнүндө сүйлөшө кеттик. Оштон береке төгүлүп турчу эле. Журналист болгону Ош, Баткен, Жалал-Абадды көп кыдырдым. Оштун өзгөчө аурасы, маанайы болор эле, береке төгүлүп турар эле. Ачкөздүк кайдан чыгып калып жатканын ойлонуп көрдүңүзбү?

Байназаров: Курсак тойсо да, көз тойбосо кыйын болот экен. Канча бай болсо, ошончо дагы байысам деп башканын баарын эстен чыгарып коюшат тура. Өзбектердин арасында чыр-чатактарды баштагандардын бардыгы аябай бай адамдар. Жөнөкөй адамдарды кыргынга салып коюшту. Ооба, илгери берекелүү эле элдер, азыр болсо береке кетип калды. Бул ынтымактын жоктугунан.

«Азаттык»: Кыргыз болобу, өзбек болобу, же башка улуттун өкүлү болобу, адегенде адамдын пейили, ачкөздүгү, жакшылыгы деген нерсени талкуулаласак деген таклиб. Кыргыз-өзбек мамилесин узун-туурасынан талкуулап жатабыз. Мына, пейилдин бузулушуна Батыштын кинолору күнөөлүү деген ой айтылды. Мен эми ла жакты көргөн адам катары айтайын: АКШда, Европада адамдар бири-бирин урматтап, өз ара сылык мамиледе жашап атышат. Мына, биерде адамдын пейилинин бузулушу, бири-бирине жаман мамилеси кайдан чыгып жатат, кайда баратабыз дегенге бурулсак?

Мойдунов: Илгерки биздин аксакалдар эч нерсени окуп бүтпөй эле, айды карап айтып койчу эле го, быйыл кандай түшүм болот деп, топуракты кармап туруп, жети күндөн кийин айдайсыңар деп коюшар эле. Баланы бала бакчага, анан мектепке, анан жогорку окуу жайга алып барабыз, келин алып беребиз, кызыбызды чыгарабыз, тойду аябай беребиз. Анан эмнеге баласында ыйман жок? Бир дагы ата-эне балам жаман, акмак бол деп айтпайт. Азыркылардын максаты бир - байысам экен, акча, унаа, үй алсам. Атактуу бир кишини көргөм, кочкордук Туткабай деген Усубалиевдин кудасы болгон, бул киши абдан бай киши экен. Өлөөрүндө дарыгерге айтыптыр, «жакшы бала экенсиң, балам, мен ыраазымын, колуңдан келишинче мени айыктырганга аракет кылдың, колуңдан келсе дүйнө чогултпа» дептир. Бизде азыр бир кедей депутат жок, бүт бай. Мен кедей, жетимдерди чогултуп алып съезд өткөрсөмбү деп жүрөм. Экиге бөлүнүп калдык, байлар жана кедейлер. Менин оюмча, пейилдин жоктугу ачкөздүктүн айынан. Бир тууганына бир тууганы акча бербей калды. Менин кошуналарым эки бир тууган сүйлөшпөй калды, бирөө бирөөнөн болгону 12 миң сом алыптыр. Пейилдин кеткени ушул. Бардыгыбыз канча күн жашайбыз, бай болобузбу, кедей болобузбу - бардыгы кудайдан. Мына жазуучубуз Касымбеков дүйнөдөн өтүп кетти, андан бир күн мурун Насыр Давлесов өттү, турмуш ушундай экен.

Ашык дүйнө... баш жарат

Мамазаирова: Кыргызда “Ашык дүйнө баш жарбайт” деген макал бар. Мен азыр ашык дүйнө баш жарат деп айтам. Бай байга жетем дейт, бай кудайга жетем деп, боор ачуу деген жоголду, пейили ач турат, ошентип отуруп ыйман кетет. Советтер Союзунун маалында өтө байыган уят болчу эле. Адам баласы жыйнаган дүйнөң сыртта калаарын түшүнүш керек. Тарбияны алып, тобоо кылганды үйрөнүп, кудайдан коркуп, адамдын уятынан коркуш керек. Согуш мезгилинде бир тиштем нанды бөлүшүп жечү элек, өзүңдүн эмес, башка бирөөнүн балдарын бакчу элек. Азыр эмне болуп кетти? 21-кылымды мен арам кылым деп атадым. Кыз менен атасы бузулуп атат, баласы менен энеси бузулуп атат, эмне себептен деп изилдей берем. Жаңы кылымдын башы деп жазган экемин.

Шудуң-шудуң шум дүйнө,
Кайдан келди?
Шумкуялар уялаган жайдан келди.
Кайсы мезгил, кайсыл заң болсо дагы,
Канын соруп кактаган кайран элди,
Зыңгыр-зыңгыр зар заман кайдан келди?
Зымыраган көз жеткис жайдан келди,
Зынданына таштатып акыл-ойду,
Зырылдаган тириликке айдап келди.
Эссиз кылым жаратып эчендерди,
Жумуру баш, ач аяк кеңкелести,
Момун элди каалагандай калчагың деп
Кылычынан кан тамган бийлик берди…

«Азаттык»: Тарыхты карап көргөндө, Америка деле өткөн кылымдын 30-жылдары аябай коогалуу мезгилде жашаган экен. Бандиттер, гангстерлер чыгып, бири-бирин атып дегендей. Европа деле тирукмуш согушту башынан кечирген. Кээ бир кишилер айтып калат, адамдын пейили оңолуш үчүн жамандыкты көрүшү керек деп. Мен жамандыкты тилеген жерим жок, бирок Оштогу былтыркы жаңжалдан кийин элдин пейилинин оңолушу башталып жүрбөсүн?

Байназаров: Илгери жаштарда мекенди сүйүү, мен кыргызстандыкмын деген нерсе анча күчтүү эмес эле. Азыр Кыргызстанды ойлоп, мекеним бөлүнбөсүн, сакталып калсын деген сезим пайда болду. Кыргызстанды бөлүп таштайм деген күчтөр бар экенин азыр көпчүлүгү билип калды. Кыргызстанды сактап калалык деген жаштарда ыйык нерсе бар. Жамандыктан кийин жакшылык келип калышы, адамдар тынчтык деген сөздү түшүнүп калды. Байлык колдун кири экен дегенди түшүнүп калды.

Мамазаирова: Биз элди сүйүү, гуманизм, боорукердик, жетим-жесирлерге каралашуу дегенди колго алышыбыз керек

Мойдунов: Бизге ким келбесин, жетекчи ыймандуу, боорукер адам болмоюн, жакшы болбойт. Астыбызда президенттик шайлоо турат. Мен ушундан коркуп турам. Себеби бийлик келсе эле аламан байгени ушул жерден көрөт экенсиң. Оштогудай окуяларды байлар гана жасайт экен. Кетменчи кетменчиге кол салбайт. Ошондуктан, биздин башыбызга ыймандуу, боорукер, элдин ойлойгон адамдар келсе экен.

Мамазаирова: Башыбызга чучугу толо, көкүрөгү, пейили ток, мээримдүү адам келсин.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG