Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Анжияндагы кыргыздардын сагынычы


Кыргызстандык Гүлшайыр Эгамова Анжиянга 30 жыл мурун келин болуп түшкөн
Кыргызстандык Гүлшайыр Эгамова Анжиянга 30 жыл мурун келин болуп түшкөн

Өзбекстандын Анжиян облусунда бир топ кыргыз үй-бүлө жашайт. Алар мектепте дээрлик өзбек тилинде окуп, кошуна элдин каада-салттарын тутунуп калышкан.

Ошол эле мезгилде өз улутунун нарк-насилин да аздектеп келет. Буга түпкү мекенине тууганчылап келген өзбекстандык кыргыздар менен баарлашкандан кийин дагы бир ирет ынандык.


Төркүнгө каттоо түйшүгү


Кыргызстандык Гүлшайыр Эгамова Анжияндагы Жанабад облусуна 30 жыл мурун келин болуп түшкөн. Жыл сайын эки жолу төркүнүнө келип, тууган уруктары менен көрүшүп турат. Бул ирет да туугандарына учурашканы келиптир. Кыргыз тилдүү бул айым азыр өзбекче түш жоруйт экен. Биз менен маегинде ал чек ара көйгөйүнөн улам акыркы кезде төркүнүнө келип-кетүү кыйындап калганын айтып отурду:

- Биз чек арада гана кыйналабыз. Убагында ата-энеңдин үйүнө келе албайсын, убагында кабар ала албайсын. Ушунусу эле кыйнайт мени.

- Өзбекстандагы жашооңуз кандай азыр?

-Жакшы, турмушума наалыбайм. Бардык нерсе жетиштүү. Бизди сагыныч эле кыйнайт. Качан мурункудай болуп калат экен деп эле ойлоно берем.

- Азыр сиз менен сүйлөшүп отуруп, тилиниз өзбекчеге бурулуп кеткенин байкадым. Сиздер жашаган жерде кыргыздар көп деп укканбыз, ошентсе да кыргызча аз сүйлөйт экенсиңер?..

- (күлүп) Ооба, тилим аралаш болуп кеткен. Кошуна маалелерде өзбектер жашайт. Алар менен тыгыз катыштабыз да.

- Мектебинер кайсы тилде?

- Балдарыбыз мектепте өзбекче билим алат. Ошондуктан, ушундай аралаш болуп калганбыз да…

- Сиз кантсе да кыргыздын кызысыз да. Кыргызча салт-саналарды колдонуп турасызбы?

-Кыргызча салттарды колдоп турам. Боорсок бышырсам, «бул эмне?» - дешет. Бешбармак жасайын десем, «ал эмне?»,- деп таң калышат.

- Бирок унута элексиз салттарды?

- Жок, кантип унутайын.

- Сиз жашаган жерде улутка бөлүнүүлөр жокпу?

- Жок, айылыбыз аябай эле жакшы. Бул кыргыз, бул өзбек деп бөлүнмөй жок…


Кыргызстанга көчүп келүүгө ынтызар Атабек


Гүлшайырдын дагы бир айылдашы Атабек - 25 жашта. Досунун тоюна катышуу үчүн түпкү мекенине келген Атабек менен Шамалды-Сайда жолугуштук. Ал өзбек мектебин бүтүптүр. Кыргызстанга бат-бат каттап, туугандары, достору менен кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө дайыма далалат кылат. Ал эмес Кыргызстандын жарандыгын алууга ынтызар:

- Ата-бабаларыбыз Кыргызстандан болушат. Чоң аталарыбыз азыркы Өзбекстандын аймагына барып, отурукташып калган экен. Кыргызстанга келип жашагым келет. Кантип келүүнү билбейбиз. Ал жака барып жашасак, бизге ким жер берет, ким колдойт, кимге кайрылабыз, деп ойлонобуз да… Досторум бар, Ошто, Жалал-Абадда. Алар менен катташып турам. Атамдарга Кыргызстанга кетем деп айтсам, алар макул болушкан.

- Былтыркы Оштогу кыргыз-өзбек араздашуусу чыккан учурда силерде кандайдыр кооптонуулар болгон жокпу?

- Кандай десем, чочулоолор болду. Ичибизден корккон менен, жаман нерселер болгон жок. Көчөгө көп деле чыкпадык. Телевизордон абалды көрсөтүп жатты. Бирок эч кандай басым көргөн жокпуз…

Султанабад айылы Анжиян облусундагы Ханабад шаарына жакын жайгашкан. Ош облусунун Кара-Суу району менен чектеш. Ал жердегилер негизинен дыйканчылык менен алектенишет. Кыргыз-өзбек аралаш жашаган бул аймактын тургундары чек ара ачык кезде Кара-Суу базарынан дүр-дүйнө алышып, өздөрү жашаган жерге алып барып сатып да жүрүшкөн.

Султанабад айылынан сырткары Анжиян облусундагы Коргон-Төбө, Айым, Нарбото жана Дардак деген айылдарда да кыргыздар жашайт. Наманган, Фергана, Жиззак жана Ташкен облустарында да кыргыздар бар. Өзбекстандын Улуттук телеканалы эки жумада бир жолу кыргыз тилинде «Достук» аттуу жарым сааттык берүү көрсөтөт.

Бирок Өзбекстанда жашаган кыргыздарда өз улутуна таандык ысымдарды ыйгаруу сейректеп баратканы байкалат. Маселен: Дилдора, Мафтуна, Лачынбек, Элярбек... булар султанабаддык кыргыз улан-кыздардын ысымдары...

XS
SM
MD
LG