Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Дианадай ырчы болгусу келген Айганыш


Айганыш келечекте кыргыз элине таанымал ырчы болууну самайт.
Айганыш келечекте кыргыз элине таанымал ырчы болууну самайт.

Нарын шаарынын 17 жаштагы тургуну Айганыш Имербаеванын көзү жакшы көрбөйт, кулагы да каңырыш угат. Бирок тубаса майыптыгы анын өнөрүнө тоскоол боло албады. 400гө жакын ар кандай тилдеги ырларды жаттап, өзү 8 обондуу ыр жараткан. Сынактардан байге алып, айрым ырчылар менен кошоктошуп ырдайт.

Учурда Айганыш 17 жашта. Кенедейинен ырга чукул болуп, ырчы болууну эңсечү:

- Мен үч жашыман баштап ырга кызыкчумун, ырчы болууну кыялданып жүрчүмүн. Өзүм дагы ыр жаратам. Эң алгачкы ырым “Сүйүү деңизи”, андан соң “Нарындын салкын жели”, айтор көптөгөн ырларды жарата баштадым. Өзүм кыялыма жеттим десем болот, сахнага чыгууну кыялданчу, элем сахнага да чыктым.

Алгач 15 жашында чоң сахнага, эл алдына чыкканы кыялынын ишке аша баштаганы эле. Облустук сынактарда бир нече жолуу жеңүүчү болсо, былтыр Бишкек шаарында өткөн майып балдардын ыр сынагында байгелүү орунга татыган:

- Бул жакта кастинг болгон, ырчылар менен дует ырдайсыңар деп. Анан мен биринчи орунду алып Айгерим Расул кызы менен дует ырдадым. Барып бирге ыр жаздырдык, ал эже менен жакын дос болуп калдым. Андан кийин Асел Турдалиева менен “Нарын” аттуу ырды ырдадым, “Арнайм сага апаке” деген концертте. Анан Иса Өмүркулов менен дагы ырдадым. Иса экөөбүз жакын достордонбуз. “Арнайм сага апаке” конкурсунан 3-орун алганмын. “Камчыбектин кайрыктары” сынагынан баш байгени алдым.

Жаш ырчы бош убактысын ыр жазуу жана жаттоо менен өткөрөт. Көзү жакшы көрбөгөндүктөн жараткан ырларын кагазга апасы түшүрөт, теле же радиодон жаңырган ырларды эки-үч жолу укса эле жаттап алат:

- Өзүм жазган 8 ыр бар, өзүм аткарып жүрөм. Апам көмөктөшөт, мындай-мындай деп айтып берем, апам сактап коёт. Обонун ойлонуп чыгарам, тилекке каршы музыкалык билимим жок. Бирок кээ бир аспапта ойной алам. Анан өзүм дүйнөлүк ырчылардын ырларын жаттап алам. Индия, Америка, казак, араб ырларын. 400гө жакын ыр билем.

Кыргыз элине таанымал ырчы болууну тилек кылган Айганыштын дагы бир максаты - орус ырчысы Диана Груцкая менен жолугушуу. Анын дарегин интернеттен таап кат да жазыптыр:

- Диана Груцкаяны интернеттен таап алдым. Анан мен дагы сиздей болуп ырчы болгум келет, сиздин ырларыңызды билем деп кат жаздым. Келечекте Асел эжедей ырчы болуп, көптөгөн ийгиликтерге жетишсем дейм. Көп кыялдарым бар.

Айганыштын чыгармачылыгын колдогон апасы Элнура Имербаева кызынын келечегинен үмүтү чоң:

- Кызым ушундай көзү оорулуу болуп төрөлгөн. Ооруканада көп жаттык, ошол жерден эле ырдачу. Анан бала бакчадан ырга кызыгаары билинди. Үйдө кызым сүйлөбөйт, болгону ыр жагына чукул. Кечке ырдайт, ыр жазат, ыр жаттайт. Анан кызымдын ойлогон максаттарына жетээрине ишенем.

Айганыш менен баарлашып отуруп, чынында “баарын жасай алам” деген эрктүү мүнөзүн байкадык. Биз дагы анын чыгармачылыгына ийгилик каалайбыз.


Айганыштын тилеги
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG