Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Суусуз Беш-Күңгөй


Беш-Күнгөй айылы суусуз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00
Түз линк

Борбор калаадан анча алыс эмес жайгашкан Беш-Күнгөй айылы суусуз калды. Акыркы он беш күн кудуктар кургап, тургундар иче турган сууну алыскы булактар менен шаардан ташууда.

Борбор калаадан анча алыс эмес жайланышкан Беш-Күңгөй айылы суусуз калды.

Акыркы он беш күндөн бери кудуктар кургап, айыл тургундары иче турган сууну алыскы булактар менен шаардан ташып жатышат.

- Күн ара же аптасына бир гана жолу суу берип жатышат. Бул эмне деген кыйноо? Шаардан анча деле алыс эмеспиз. Суу жок эч ишибиз жүрбөйт, тамак жасай албайбыз, кир жууй албайбыз. Шаардан жакындарым келсе жалдырап атып суу алып келдирем. Булак бар дейт, кайда экенин да билбейм. Мендей карылар сууга да бара албайт.


Мына ушуларды айтып даттанган Сайра апа ардактуу эс алууга чыккандан кийин тынч деп Беш-Күңгөйгө көчүп келген.

Бул айылдын негизги бөлүгүн дачалар түзөт. Айыл деп аталган менен ал жактагы үйлөрдүн баасы Бишкек шаарындагы үйлөрдүкүндөй эле. Көбүнчө шаардык колунда барлар жер алып, заңгыраган үйлөрдү да куруп жатышат.

Беш-Күңгөйдү айрымдар Швейцария деп атап алган. Анткени абасы таза, айыл тынч. Бирок күндөн күнгө айылдын көпчүлүк бөлүгү суусуз калып баратат. Учурунда Беш-Күңгөй айылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Таза суу” долбооруна кирип, 2008-жылы айылдагы суу түтүктөрү оңдоп түзөлгөн экен. Элеттиктер буларды белгилешти:

- Мен билем апам тирүү кезинде айыл “Таза суу” долбооруна кирди деп 500 сом, 300 сом кээде 70 сом төлөп жүрчү. Ал акчага болгону айылдардагы суу түтүктөрүн кызыл, көк кылып боёп коюшту, кудук болсо какшып турат.

Жунушова Сайракан: Биздин жаныбызда кум жууй турган СТК бар алардын кумун жууганга суу табылат, жогору жакта эс алуучу жайлар, кафелер бар алардын суусу кенен. Болгону карапайым айыл тургундары суусуз калышты.

Азия өнүктүрүү банкынын Чүй обулусу боюнча координатору Өмүрбек Исекеевдин айтканына таянсак, Беш-Күңгөйдө бүгүн суу жок деген көйгөй болбошу керек.

- Айылдын жогору жагында эки суу сордуруучу түтүк бар. Анын бирөө иштен чыгып калды деп жатышат азыр. Бирок долбоордун негизинде бардык суу түтүктөрү оңдолуп, түзөлгөн. Бул бир гана суу чарба кызматкерлеринин күнөөсү, иштин көзүн билбегенди менен түшүндүрүлөт. Ошолор жооп бериши керек.

Ал эми Суу чарба департаментинин Аламүдүн району боюнча координатору Тойчубек Кожокеев бул туурасында төмөндөгүлөрдү кошумчалайт.

- Өйдө жактан булактан алабыз деп казышкан. Ал үч айылга жетпей атат. Беш-Күңгөй акыркы айыл болуп атат. Аны үчүн дагы суу сордуруучу түтүктөрдү кошуш керек. Ага каражат жок. Айыл өкмөтүнүн буга чамасы да жетпейт.

Бүгүн бешкүнгөйлүктөр бир гана ичкен сууга эмес, арыктан келчү жайыт сууларына да муктаж.
- Үнүбүз кудайга жеткендей болду. Мына бул малдарды да ташып сугарып атабыз. Жазгы талаа иштери башталды, арыктарыңарды тазаласаңар суу келет деген. Тазаладык, дале жок.

Башта Беш-Күңгөй айылы шаардыктардын эс алуучу жайына айланып баратат дедик. Көрсө, мына ушул дачалар, кафелер, эс алуучу ар кандай жайлар ал гана эмес байлардын чоң-чоң үйлөрү, анын ичиндеги чоң бассейндер сордуруучу суу түтүктөрү аркылуу айылга келчү суунунун көп бөлүгүн тартып кетип, суусуздуктун бирден бир себебин түзүүдө. Анан албетте бир гана Беш-Күңгөй эмес, Чүйдүн жогорку тоо зонасындагы булактардын какшып жатышы, дагы көп айылдын суусуз калышын шартташы мүмкүн болуп турат дешет.

XS
SM
MD
LG