Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Саламаттыкты сактоо министрлиги кош бойлуу аялдарга төрөт алдында 300 сомдон акы төлөө боюнча токтом даярдоодо.

Бул төрөт үйлөрүндөгү сапатты жакшыртып, ансыз деле оң чөнтөк, сол чөнтөккө солонуп аткан каражаттарды мыйзамдаштырууга шарт түзөт дешет демилгечилер. Анткен менен төрөткө акы киргизилгенден кийин энелердин өлүмү көбөйүшү мүмкүн экенин, айрым аялдар акы төлөй албай, үй шартында төрөөгө аргасыз болушарын айткандар да жок эмес.

Энелерге камкордукпу?..

Саламаттыкты сактоо министрлиги “Кыргызстан жарандарына медициналык-санитардик жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдик” программасынын алкагында кош бойлуу аялдарга төрөт алдында 300 сомдон акы төлөө боюнча токтом даярдоодо. Бул маселе министрликтин алдындагы Байкоочу кеңеш менен макулдашылган.

Министрликтин реформаларды ишке ашыруу жана уюштуруу башкармалыгын жетекчиси Нургүл Аднаева бул кадам төрөт үйлөрүндөгү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана коррупциялык элементтерди жоюу максатында жасалып жатканын билдирди.

- Бул айла жоктон болгон нерсе. Себеби акча жетпей атса, акысыз деп жазып койгон менен ары жагында акча берилип атса ушулардын баарын жоюш үчүн жасалып атат. Биз азыр өкмөттүн токтомун даярдап жатабыз. Кошумча төлөөнү чөнтөккө эмес кассага берет. Ошол адамга кошумча дары-дармекке тизмек бербей сапаттуу медициналык жардам берет.

Анктен менен айрым жарандар кошумча төлөмдүн киргизилишине нааразы. Алар 300 сомдон тышкары деле сүйүнчүсүнө жана төрөткөн доктуруна акча берилерин белгилешүүдө.

Кызы төрөп, кубанычы койнуна батпай турган Сайнагүл Молдобаева 300 сомду деле кыйынчылык менен тапкан үй-бүлөлөр толтура экенин айтат.

- Төрөт үйү болгондон кийин акча сурабай эле өкмөт жаштарга жардам берип караса болот эле. Ден соолугуна акча табабы, же сураганына акча табабы. Мына каражат жок деп көбү эле төрөбөйт. Менин мисалы колумда жок. Элчилеп бай эмесмин, төрөгөндө акча төлөгөндөй.

Ал эми Айгүл Эшенова аттуу шаар тургуну төрөт үйлөрүндө “Төрөтүү акысыз” деген жазуулардын илинип турганына карабай айрым акушер-гинекологдор акча ала турганына токтолду.

- Акчасыз төрөтүш керек. Бирөөндө бар, бирөөндө жок. Бардык жерде акысыз деп жазылып турган менен кана, эми берилип эле атат. Бирок биз азыр бере элекпиз. Сурабаса бербейбиз.

“Аялдарга жардам борборунун” аткаруучу директору Айгүл Алымкулова кош бойлуу аялдарга кошумча акы төлөө калктын аз камсыз болгон катмарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле бул ансыз деле өлкөдөгү көйгөйлүү маселе болгон энелердин өлүмү көбөйүп кетүү коркунучуна алып келет:

- Биз жакшы билебиз, мисалы жаңы конуштарда жашаган айрым жана башка топтогу аялдар саламаттыкты сактоо жагынын мүмкүнчүлүгү чакталуу. Бул көбүрөөк тобокелге алып келчү жагдай. Тагыраак айтканда алардын жана ымыркайдын ден соолугуна болгон тобокели күчөйт. Азыр биздин саламаттыкты сактоо тармагы өтө жакшы абалда эмес. Эмнеге бул тармактагы каражаттын тартыштыгы дал ошол мамлекекет биринчи кезекте көңүл бура турган кош бойлуу аялдардын эсебинен, ошолор төлөгөн акчадан жабылышы керек. Эгер аялдардын укугун карай турган болсок, кош бойлуулук жана эне болуу маселесин тескерисинче мамлекет коргош керек.

300 сом менен эле маселе чечилеби?

Ал эми Аднаева кошумча төлөмдөр аялдар кайрылган мекеменин сапатын жакшыртууга жана ошол аялдын ден соолугуна керектүү дары-дармектерди алууга жумшаларын айтууда.

- Эгерде адамдар калктын көйгөйлүү катмарына кирсе алар төлөбөйт деп жазылып турат. Кошумча төлөм министрликке да, милдеттүү камсыздандыруу фондуна да келбейт. Бул ошол адам кайрылган мекеменин кассасына түшөт.

Айрым адистер төрөткө акы киргизилгенден кийин энелердин өлүмү көбөйүшү мүмкүн экенин, анткени кээ бирлер акы төлөй албай, үй шартында төрөөгө аргасыз болушарын айтышууда.

Бир катар дарыгерлер болсо бул демилгени колдошот. Алар муну менен өздөрү иштеген мекеменин техникалык жабдууларын жакшыртууга шарт түзүлмөк дешет. Анткен менен №4 перинаталдык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Дамира Сексенбаева төрөттөн каза табуу фактыларына башка жагдайлар да себепчи болуп жатканын айтат.

- Биздин отчет боюнча бизге кайрылган аялдардын 20 пайызы такыр каттодо турган эмес. Ошол себептүү келгенде абдан оор акыбалда келишет. Анализдери жок, кан басымы өтө жогору, каны аз, бөйрөк ооруларга кабылган кош бойлуу аялдар келип атат. Ал тургай баласы ичинде чарчап калганын билбей жүргөн аялдар да келет.

Статистикага боюнча, 2010-жылы Кыргызстнда төрөттөн 73 аял каза тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 61 аял төрөттөн же төрөттөн кийинки учурдагы саламаттыктын начарлашынан каза тапкан. 2009-жылы төрөт убагында, андан кийин жана кош бойлуу кезинде 97 аял көз жумган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG