Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

102 жаштагы Санам энени 72деги кызы багат


Санам Аширова жолдошу менен түшкөн сүрөттү дайыма жанында алып жүрөт.

Санам Аширова жолдошу менен түшкөн сүрөттү дайыма жанында алып жүрөт.

Кыргызстанда кылымдык өмүр сүргөн адамдар чанда гана кездешет. Алардын бири – Баткендин тургуну 102 жаштагы Санам Аширова.

Санам эне 30 жашында жесир калып, 30-35 кило жүктү жонуна артып, күн сайын 25-30 чакырым жөө басчу экен. Азыр бул карыяны 70тен ашкан кызы багып жатат.

Санам эне жашаган үйдүн сырткы көрүнүшү
Короосу кароосуз калгандай турган тамда 1 кылымга жакын жашаган Санам Аширова бул үйдүн качан курулганын да билбейт. Анткени Санам эне 1921-жылы 13 жашында келин болуп келгенде эле бул бир бөлмөлүү үй ушундай турган болчу.

Мен Санам эне менен жолугушууга аттанган учурда тааныштардан ал тууралуу сураштырып алдым. Көпчүлүгү чоң эненин мамилеге жакшы болгонун, акыл эси да тунук экендигин айтып, болгону бийлик тараптан аз көңүл бурулганына капа болуп жүргөнүн белгилешти.

Кыргызча спорт: 30 чакырым жөө басып...

Санам Аширова мен үйүнө баш бакканымда байкабагандай эле отура берди. Көрсө эне неберелеринин бири келген деп ойлогон экен. Жанында дагы бир кемпир, эки келин, 2-3 бала отурду. Санам эне буту бир аз ооруп калганын айтып кейиди:

72 жаштагы Турган эне
- Жашым 102 болду. Отурам, чай даярдап беришсе ичем. Катталардан эч кимиси жакындан бери келише элек (жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн айтууда. - ред). Басып сыртта эле жүрчүм. Чагылгандай тез кыймылдачумун. Ушул буттарым эле баспай калды. Доктурларга кайрылсам кайра өлтүрүп койобу деп корком. Сайган ийнелери денеге таркабайт.

Ушул маалда Санам эненин жанында отурган кызы сөзгө аралашты. Турган эне 72ге чыкканын, өзүнөн улуу 83 жаштагы дагы бир агасы бар экенин айтты. Санам эне 30 жашында ушул үйдө жесир калган экен. Жолдошу 30 жашында аскерге кетип Ата Мекендик согушта каза болгон. Ошондон кийин башка турмушка да чыкпай 2 уул, 2 кызын багып, 30 жыл трактористтерге ашпозчу болуп иштеген.

- Силерге айтсам жалгандай сезилет. Жонума 30 кишиге ылайык тамак көтөрүп алып, талаага жеткирем. Андан сырткары согуш учурунда 30 чакырым алыска темир жолго жөө буудай көтөрүп жеткиребиз. Иши кылса ал мезгил кыйын болчу. Мен өзүм 30 жашымда калдым. Жолдошум мен 30га чыкканда согушка кетип, кайра кайтып келбеди. Башка турмуш курбадым, балдарымды багып, небере чоңойттум. Көп кыймылда болдум да.

Бата алган эне

Санам эне узакка жашаганын бир нече себептер менен түшүндүрөт:

- Мен жакшы жүрүп, жакшы турдум, эч ким менен урушуп талашпадым. Эч ким мени жаман деп айтпады. Ошондуктан Кудай мага ушундай көп жаш берди да. Анан да таенем 100 жашта, таятам 105те кайтыш болушту. 13 жашымда келин болуп келдим, жолдошум ошол мезгилде 14 жашта болчу. Ата-энем сүйлөшүп беришкен. Ал мезгилде ошондой болчу. Каалайсыңбы же жокпу аны менен эсептешпейт.

Санам эне жашаган үй.
Санам эне аймактагы келиндердин төрөтүн да кабыл алып келди. Толгоосу жакындаган келиндерди төрөтүп, наристелердин киндигин кесип жүрчү.

- Мен эми карыдым, көзүм жетпей калды. Келин төрөтө албай калдым. Мурда эч нерседен да коркпоптурмун. Бир күндө 3-4 келин төрөтчүмүн. Эч кимиси да азыркыдай кансырап же башка оорушпаптыр. Эч кандай билимим да жок, тамга да тааныбайм. Ал мезгилде талаада эле эгин жайда да төрөй берчүбүз. Ал мезгилде тамак да ар түрдүү эмес эле. Жүгөрү ундан жасалган нан жечүбүз.

Минтип карыган кемпирди кароого алып, кем карчын таап берип, көнүлүнө карап туруу ар бир эле кишинин колунан келе берчү иш эмес. Анткени бир бөлмөлүү үйүндө очогу да, кийим кечеси, тамак-ашы, кышка көмүрүн да сактап, жаан жааган күндөрү тамчы өткөн жерлерге түнү бою чака коюп чыгуу оор эле болсо керек.



Жашоонун сергек мүнөзүн карманганбы же эч качан бирөө менен урушпаганыбы, мүмкүн көп наристени ийгиликтүү төрөтүп алган батасыбы, балким таятасынан калганбы, айтоор 102 жаштагы Санам эне мындан 72 жыл мурда кайтпаска кеткен жолдошу менен түшкөн сүрөтүн аярлап, али бакубат отурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG