Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Кыргызстандагы ветеринардык дарыларды чыгарган фабрика жабылат


Жаныбарлардын саламаттыгын коргоочу эл аралык уюмдун талабы боюнча Кыргызстандагы ветеринардык-биологиялык дары-дармектерди чыгарган бирден бир ишкана жабыла турган болуп жатат. Бул маселенин чоо жайын “Азаттыкта” Кыргызстандын мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчиси Калысбек Жумаканов айтып берди.

- Кечээ сиздердин департамент тараткан маалыматка таянсак, жаныбарлардын саламаттыгын коргоочу эл аралык уюм ветеринардык-биологиялык дары-дармектерди чыгаруучу Кыргызстандагы бирден-бир жалгыз ишкананын ишин токтотууну сунуш кылды. Айтсаңыз, буга эмне негиз берди?

- Бул өтө актуалдуу маселе болуп эсептелет. Себеби акыркы убактарда эпизоотиялык абал өтө курчуп, биздин сатып алынган дары-дармектердин сапаты жакшы болбой, таасир бербей мал арасында өтө жугуштуу оорулар көбөйүп кеткени белгилүү. Ошол ишти оңдоо боюнча биз бир жылдан бери реформалык иштерге барып атабыз.

Ветеринария кызматынын негизги 80-90 пайызы эффективдүү биопрепараттарды колдонуу болуп эсептелинет, ошол биздин ишибизге түздөн-түз таасирин берет. Ошол себептүү мамлекеттик казынадан бөлүнгөн миллиондогон акчалардын баары эле биздин өлкөдө жайгашкан дары-дармекти чыгаруу фабрикасына бөлүнүп, ошонун дары-дармегин пайдаланып келгенбиз. Ошонун эффективдүүлүгү начар болгондуктан биз былтыр албай койгонбуз дагы, атайын экспертизадан өткөн сапаттуу дары-дармектерди алып келип, былтыртадан бери эпизоотиялык абалды оңдогонго жетиштик десек жаңылышпайбыз.

Анан ошол ишкананын жетекчилиги биздин үстүбүздөн арыздарды көп жазып, өкмөттүн деңгээлине чейин барып, атайын өкмөттүн тапшырмасы менен эл аралык эпизоотиялык бюронун адистери келип текшерип кетишти. Ошолордун рекомендациясы боюнча жабууга туура келип атат, анткени анын чыгарган дары-дармектеринин баарынын эффективдүүлүгү өтө төмөн.

Ал жерде иштеген адистердин компетенциясы талапка жооп бербейт. Андан сырткары жабдуулары, биологиялык коопсуздугу талаптагыдай эмес, ошол жерде иштеген ар түрдүү жугуштуу оорулардын микробдору тарап кетүү коркунучу бар экен. Бул Кыргызстанга эле эмес Борбордук Азияга да коркунуч келтирет. Ошондуктан түздөн-түз бул ишин оңдош керек.

- Бирок ишкана ишин токтотсо анын орду кантип толукталат. Мисалы, эл малды дарылоо үчүн дары-дармектерди кайдан сатып алат?

- Мен ойлойм, дары-дармектердин баарын эле бул ишкана чыгара бербейт. Бул негизинен вакциналарды чыгарат, алардын эффективдүүлүгү жок болуп жатат. Аны жөн гана сатып алып малга куйгандан көрө башка жактан алып келгенибиз оң. Биз былтыр эл аралык тендер жарыялап Орусиядан, Казакстандан, Индиядан алып келип атабыз. Буларда жакшынакай препараттар бар экен. Аны жыл сайын сайбай эле, үч жылда бир колдонсо болот. Бруцеллезге каршы сая турган вакциналарды, койго бир эле жолу сая турган вакциналарды дүйнөнүн өндүрүшү чыгарып атат. Ошондуктан биз эффективдүү препарaттарды сырттан сатып алышыбыз керек.

-Калысбек мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG