Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Сыртка бала асыроодон пара жеген деген айып менен министр менен анын орун басары кармалган болчу.

Бул аркылуу Кыргызстанда чет элдик жарандарга жетим балдарды асыроого уруксат берүү системасында чырмалышкан коррупциялык схеманын чекеси ачыла баштады.

Бир канча жылдан бери калыптанып калган бул кыңыр иштер аркылуу кыргызстандык балдар чет өлкөгө чыгарылып, ал бир катар аткаминерлердин киреше булагына айланган.

Кирешелүү бизнес

2012-жылы бала асырап алууга ортомчулук кылуу үчүн он компанияга уруксат берилген. Аталган фирмалар кандай негизде тандалып алынгандыгы боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги түшүндүрмө берген эмес.

Тергөө материалдарында аталган фирманын ар бири жыйырмадан баланы чет өлкөгө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышмак. Аталган министрлик бала багып алууну каалаган ар бир чет элдик үй-бүлөгө бала таап бергендиги үчүн эле 2 миң доллар өлчөмүндө көмүскө төлөм киргизгендиги аныкталган.

Мындан сырткары баланы чет өлкөгө алып кетүүгө уруксат берүүчү документтерди даярдоо үчүн 3 миң долларга чейин паранын көлөмү калыптанганы белгилүү болду. Ал эми бала асырап алууга ортомчу түшкөн агенттиктерге лицензия берүүнүн акысы 30 миң долларга чыккан. Мындай көрсөткүчтөр тергөө учурунда айкындалды.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын чет өлкөгө чыгаруудан киреше тапкан чырмалышкан коррупциялык схема соңку 7-8 жылда пайда болгон. Ал багып алгысы келген чет элдиктердин каалоосун канааттандырууну кирешелүү ишкердикке айланткан ортомчу агенттиктер менен кыргызстандагы бийлик органдарынын өз ара көмүскө макулдашуусунан турат.

Из кубарлардын айтымында, эл аралык бала асырап алууга уруксат берүү үчүн пара алды деп шектелген социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров менен департамент башчысы Гүлнара Дербишова ал “айлампанын” ортоңку фигуралары гана болушу мүмкүн. Бул “пирамиданын” башында парламенттеги айрым депутаттар жана өкмөттөгү үлкөн аткаминерлер турушу мүмкүн деген божомолдор чыгууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев аталган коррупциялык схемага катышы болгон башка адамдардын да тизмеси такталып жатканын айтты:

- Бул “схемаларга” дагы кандай кызмат адамдарынын же чечим кабыл алууга таасир эткен тараптардын кандай тиешеси бар экендиги аныкталып жатат. Козголгон эки кылмыш ишинин негизинде бул иштерди жүзөгө ашырган гана эмес, ага өбөлгө түзгөн, укуктук жактан жана кызыкчылык топторун түзгөн тамырлашкан тараптар да изилденүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен министрликтин ичиндеги жана андан сырткары мына ошол “пирамидага” катышы болгон жана аны уюштургандардын да изи чыгат.

Кимдин карааны көрүнөт?

2011-жылы депутаттар Дастанбек Бекешов, Ширин Айтматова жана Дамира Ниязалиеванын демилгеси менен парламент эл аралык бала асырап алууга уруксат берүүгө мораторийди алып салган.

Эл аралык бала асырап алууга уруксат берүү укугу Билим берүү министрлигинен Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген. Мурда Билим берүү министрлигинин курамындагы бала асыроого байланышкан маселелерди караган органда иштеген 7 мамлекеттик кызматкерге мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенген деген негизде 2009-жылы кылмыш иши козголгон болчу. Бирок аталган кылмыш ишинин материалдары 2010-жылы 7-апрелде Башкы прокуратуранын кеңсеси менен кошо өрттөнүп кеткен.

Кийин бала асыроого уруксат берүүгө тыйуу салган мораторий алынып, аталган функция Социалдык өнүктүрүү министрлигине өтөөрү менен мурда кылмышка шектелген аткаминерлер кайрадан бала асыроого уруксат берүү мекемесине кайтып келишкен.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев мына ошол аткаминерлер бала асыроого уруксат берүү боюнча жаңы комиссияга кайрадан кирип калгандыгын белгиледи:

- Биз иликтөөнүн негизинде бала асырап алууга ортомчулук кылуу укугу берилген он компаниянын лицензиясын жокко чыгардык. Анткени ал укук көмүскө жагдайда гана берилбестен, аталган фирмаларды тандаган комиссиянын курамы өзү шектүү болуп жатпайбы. Анткени мына ошол учурунда балдарды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу иши боюнча 2009-жылы иш козголуп, бирок материалдар өрттөнүп кеткендиктен токтоп калган иштин фигуранттары быйылкы жаңы комиссиянын курамына да кирип алышкан. Эмнеге мындай болгондугун азыр түшүндүрүп бере алышпайт. Биз бул ишти иликтеп, мына ошонун бардыгынын башында ким тургандыгын табышыбыз керек.

Башкы прокуратура социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров кармалгандан кийин өкмөткө аны кызматтан четтетүү жана бул ишке катышы бар деп шектелген башка жооптуу кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Министр кызматтан алынганы менен эл аралык бала асыроого уруксат берүү боюнча комиссиянын чечимин даярдаган башка аткаминерлердин жоопкерчилиги каралбай калган. Ошол эле кезде эл аралык бала асыроо боюнча комиссия кандай негизде чечим кабыл алганы иликтенбей турган.

Мына ошондуктан мурдагы министр Равшан Сабировдун бир тууганы Барно Сабирова анын иниси мурдатан бери келаткан коррупциялык схеманын курмандыгы болду деп эсептейт:

- Равшандын иштегенине болгону алты ай эле болду эле. Анан ал мына ошол көрүнүштөргө бөгөт койойун десе, анын өзүн чалып жыгып, ушул ишке кириптер адам катары кармап иш козгошту. Бирок бала асырап алуудагы бул схемалар мурдатан бери эле калыптанган экен. Анын бир далили катары мурда бул орган Билим берүү министрлигинин курамында турганда иштеген мамлекеттик кызматкерлердин 2008-2009-жылкы чатактарга байланышы болгондугуна карабастан келип бул жакта иштеп калышкан. Буга ким кызыкдар болгондугун, ким бала асырап алуу ишин Социалдык өнүктүрүү министрлигине алып келүү демилгесин көтөргөндүгүн иликтеп чыгышса эле анын башында кандай төбөлдөр тургандыгы белгилүү болмок.

Равшан Сабировду камакка алуу, 6-июль, 2012-жыл

Равшан Сабировду камакка алуу, 6-июль, 2012-жыл

Жакында коррупцияга каршы күрөшүү кызматы социалдык камсыздоо департаментинин жетекчиси, эл аралык бала асыроого уруксат берүү боюнча комиссиянын төрайымы Гүлнара Дербишева мурда алган 30 миң доллар паранын жети миңин кайра кайтарып берип жатканда кармалды деп жарыялады. Бирок беш-он жылдан бери башында билим берүү тармагынын курамында, анан Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында бала асыроо ишин тейлеген мамлекеттик кызматкерлер азырынча кылтакка илине элек. Аталган комиссиянын катчылыгын аркалап келген Екатерина Хорошманга министрлик тарабынан болгону сөгүш берилген.

Хорошман эл аралык бала асыроого уруксат берүүдөгү комиссиянын чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Бирөөнүн кандайдыр бир кыңыр ишке тиешеси бар экендигин далилдебей туруп, аны айыптоого негиз жок. Ал үчүн конкреттүү фактылар керек. Мен учурда эмгек өргүүсүндө болгондуктан бул ишке байланыштуу кабарларды маалымат каражаттары аркылуу гана билдим. Деги эле андай болушу мүмкүн эмес. Бирок мен комиссия кандай тандоо жүргүзгөндүгү боюнча азырынча комментарий бере албайм.

Өзү эмес, аты өзгөргөн коррупция

2009-жылы кыргызстандык балдарды жасалма документтер аркылуу чет өлкөгө чыгарып кетүү фактылары көп катталгандыктан ошол кездеги өкмөттүн токтому менен эл аралык бала асыроого уруксат берүүгө тыйуу салынган. 2008-жылы бир жылдын ичинде эле 234 бала чет өлкөгө чыгарылып кеткен. Ошол эле кезде алардын көпчүлүгүнүн андан аркы тагдыры кандай болгондугу белгисиз.

Балдардын укугун коргоочулардын лигасы коомдук корунун жетекчиси Назгүл Турдубекова 2011-жылы аталган мораторий кайрадан алынганы менен коррупцияга негиз берген мурдагы мыйзамдык жоболор сакталып калгандыгын белгиледи:

- Мурда балдарды чет элдик асырап алууга жөнөтүп келген жоболор оңдоп-түздөбөй туруп эле кийин аны кайра эле өз кызыкчылыктарына карата колдоно баштаган. Баланы асырап алуу тартиби ачык эмес, көмүскө жагдайда болуп, ар кандай кыңыр иштерди жасаганга жол ачат. Бул жобо башынан баштап эле мына ошондой максатта түзүлүп, кийин өзгөрүүсүз калганында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар да. Мисалы, Равшан Сабиров жанагы ортомчу агенттиктерди тандоону чоюп жүрүп отуруп, анан анын жардамчысы тигилерден пара талап кылып колго түшүп жатпайбы. Эгерде анда мына ошол схеманы жок кылуу максаты болсо, бул тууралуу учурунда ачык айтып чыгып, жанагы жобону өзгөртүүгө бел байлайт эле го. Мына ошонун айынан ортомчу агенттиктер жашыруун тандалып, анан алардан алган паранын арты чыгып жатпайбы.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эл аралык бала асырап алууга мораторийди алып салбаса, балдар үйлөрүндөгү үч жүздөн ашуун оорукчан балдар оор абалда калгандыгын айтып, жүйө келтиришкен. Ошондой эле депутаттар муну чет өлкөлөрдөгү аларды күтүп жаткан багып алуучу ата-энелердин өтүнүчү менен негиздешкен.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов ал мораторийди алып салууда парламенттеги демилгечи топто жеке кызыкчылык болгон эмес деп эсептейт:

- Мен мына ошол мораторийди алууда бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы болду деп ойлобойм. Андай болушу мүмкүн эмес. Биз балдар үйлөрүнүн оорукчан балдарынын абалын көрүп туруп, анан ушундай демилге көтөргөнбүз. Бирок токтом коррупцияга каршы экспертизадан өткөн эмес. Ал азыр даярдалып жатканын уктук. Негизи муну кайра текшерип чыгыш керек.

Бирок бийлик органдарындагы күңүрт схемалар аркылуу балдарды чет элдик жарандарга асырап алууга берүүнүн акысы үчүн ири суммадагы пара талап кылып, ал каражат ар бир тармактагы кызыкдар топтордун ортосунда бөлүштүрүлө турганы боюнча маалыматтар ачыкка чыга баштады.

Мындан мурун Кыргызстандан бала асырап алган чет элдик жаранга котормочулук кылган, ысмын ачыкка чыгарбоону суранган айым тиешелүү бийлик органдарында уруксат алуу үчүн бир балага төрт миң доллардан ашуун пара сурашкандыгына күбө болгондугун белгиледи:

- Бизди аябай убара кылышып, ар кайсы документти айтып 8 ай чуркатышты. Анан бизди министрлик, балдар үйү менен байланыштырган бир эже ортомчу бар эле. Ошол аркылуу министрликтин бир жооптуу кызматчысына жана акимчиликтеги дагы бирөөнө 3000 доллар бергендигине күбө болгонбуз. Аны дагы жөн албай, ары-бери сүйрөп, убара кылып жүрүп, анан чет элдик жаран “болбойт окшойт” деп бала багып алуудан айный баштаганда кайра макул болушкан.

Жакында Башкы прокуратура эл аралык бала асырап алууга тыйуу салууну кайрадан калыбына келтирүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Ошол эле кезде бир катар бейөкмөт уюмдар укуктук негизде эл аралык бала асырап алуу ишин тартипке келтирип, анын шарттарын ачыктамайынча мораторийди күчүндө калтырууну сунушташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG