Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Апрель окуясында окко учту делген Маралбек тирүү болуп чыкты


"Азат" гезитинин кабарчылары Орусиянын Екатеринбург шаарына барып, Маралбек Максымбеков менен маектешип келген.
"Азат" гезитинин кабарчылары Орусиянын Екатеринбург шаарына барып, Маралбек Максымбеков менен маектешип келген.

14-апрелде парламентте былтыр апрель окуясында окко учту делген Маралбек Максымбековдун тирүү экени аныкталганы айтылды.

Мындан улам депутаттар Максымбеков деп коюлган сөөктүн тек-жайын тез арада аныктоо керектигин козгошту. Максымбеков аттуу адам тирүү, азыр Орусиянын Екатеринбург шаарында иштейт экен. Анда анын аты менен “Ата-Бейитке” ким коюлган?

“Өлүп-тирилген” Маралбек

Жогорку Кеңеш жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов былтыркы 7-апрелде окко учкан 87 баланын тизмесинде аталып, “Ата-Бейитке” көмүлдү делген Маралбек Максымбековдун тирүү экенин далилдеген видео тасманы көрсөттү. Ал видео тасмада Маралбек Максымбеков Екатеринбург шаарында маршруттук такси айдап жүргөнүн айтып жатат. Андан сырткары, өздүгүн тактоо үчүн Екатеринбург шаардык милициясына түшүнүк кат жазып, манжасынын изин тапшырган.

Биз Екатеринбург шаарында жүргөн Маралбек Максымбековго телефон чалып байланыштык. Ал Кыргызстанда 7-апрель күнү курман болгондордун катарында болуп калганын мындан бир ай мурда уккан экен. Бул кабарды угар менен ал Кыргызстандагы карындашы менен байланышкан:

- Кечээ жакында байланыштым. Былтыр келип, мени издеп таба албай кетишкен экен да. Үкөм келип кеткен. Ал кезде мен Свердловскиде жок болчумун. Челябинскиде жүргөм.

Максымбековдун айтымында, 7-апрель күнү каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканадан “менин атам” деп тааныган уулу Эрланбек Максымбеков менен такыр байланышчу эмес. Кыргызстанга келбегенине эки жыл болгон. Бул учурда иши жакшы жүрүшпөй, үй-бүлөсү менен байланышууга да мүмкүнчүлүк болбой жүргөнүн кошумчалады.

Курман болгондордун тизмесинде кандайча болуп калганына Максымбеков өзү да таң калууда:

- Билбейм, кандайча болуп калганын. Мен бул жакта тирүү жүрбөймүнбү. Мен өзүм да таң калдым. Мен жакындарым менен жарым жыл байланышкан эмесмин. Анан мени келип таппай кетишкенинен болсо керек.

Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков Маралбек Максымбековдун паспорту жоголуп кеткенин, ал 7-апрелде каза болгон адамдардын биринин чөнтөгүнөн табылганын билдирди:

- Мага жеткен маалыматтарга караганда, Маралбек Максымбековдун паспорту жоголуп кеткен. Ал паспорт өлгөн адамдын чөнтөгүнөн чыккан. Ошондуктан ошол адам экен деп коюлуп калган. Муну тактап, иликтеп, чындыгында өлгөн адамды табуу керек. Дайынсыз жоголгондугу тууралуу расмий маалымат жок.

Маралбек Максымбеков азыр 48 жашта экен. Ал видеотасмадагы маегинде аялы мындан 6 жыл мурда кайтыш болуп кеткенин, андан 4 баласы калганын да айткан.

Миллионду алып кеткен уулу из жашырып кеткен

Маралбек Максымбековдун 26 жаштагы уулу Эрлан Максымбеков не себептен чоочун бирөөнү атасы деп айтты болду экен? Ал Башкы прокуратурага берген көрсөтмөсүндө “Атам Бишкек шаарында ар кандай иш кылып жүргөн. Ызы-чуу болуп атканын көрүп атабызды издей баштадым. Сураштырып отуруп, 19-апрель күнү Совет, Донецк көчөлөрүнүн кесилишиндеги моргдон атамды каза болгондордун арасынан таптым” деп айткан документин таптык. Аны менен катар Бишкек шаарынын Кара-Балта туюк көчөсүнүн 26-үйүндө тураарын жазып калтырган.

Биз бул документте көрсөтүлгөн дарекке барсак, Эрлан Максымбеков аттуу адам жок болуп чыкты. Үйдүн ээси Гүлмира Супатаева бул үйдү сатып алганына бир жыл болгонун айтты:

- Бул үйдө мен кожойкемин. Балдарым менен жашайм. Эрлан деген уулум бар, бирок ал Максымбеков эмес, Адамбеков. Үйдү алганыбызга бир жыл болду.

Анда эмесе, Маралбек Максымбековдун ордуна ким коюлуп калды болду экен деген суроо туулат. Депутаттар бул маселени иликтөө үчүн тиешелүү документтерди Башкы прокуратурага жиберди. Спикер Акматбек Келдибеков айтылган мөөнөттө жооп берүү талабын койду.

Ошентип былтыр окко учту деп көмүлгөн адамдардын бири тирүү болуп чыкты. Эми анын ордуна кимдин сөөгү коюлган, ал үчүн каралган 1 миллион сомду ким алган деген суроолорго жооп издемекчибиз.

XS
SM
MD
LG