Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Жашы жете элек балдарды соттоодо аларга гумандуу мамиле жасап, абакка кесүүнү жазанын жумшагыраак түрү менен алмаштыруу прокуратурага сунушталууда. Өспүрүмдөрдү кылган кылмышы үчүн жоопко тартуу башка мамлекеттерде кантип чечилет? Журналист, серепчи Арслан Капай уулу “Азаттыкка” маек курду.

- Биринчи жолу кылмыш жасап, кармалган өспүрүмдөрдү түрмөгө отургузбастан оң жолго салуунун башка ыкмаларын издөө сунуштары айтылып атат. Буга сиз кандай карайсыз?

- Мындай сунуштарга толугу менен кошулам. Анткени бул көйгөй илгертеден келе жатат. Бул маселе жалаң эле кыргыздардын маселеси эмес, бардык эле өлкөлөрдө бул көйгөй бар.

Бирок Кыргызстанда жагдай оор экен. Статистика боюнча бизде кылмыш жасап, түрмөгө түшкөн балдардын 80% кийин түрмөгө кайтып келет деп айтылууда. Демек Кыргызстан оор кылмышкерлердин армиясын даярдоону улантып жаткан экен.

Мындай өспүрүмдөрдү "тарбиясы келишпеген балдар" деп коюшат. Прокуратура кызматкерлери да бул балдардын көпчүлүгү уурулук, талап-тоноочулук менен кармалышат деп айтып атышпайбы. Демек буларды мыйзам сыйлаган атуулга айландыруу үчүн аларды түрмөгө кеспей, гумандуу мамиле жасаш керек.

Гумандуу мамиле Советтер союзунда боло келгендей - эмгек аркылуу кайра тарбиялоо. Азыр эми элдик педагогика унутулуп калган, бирок Союз доорунда Макаренко, Сухомлинский сыяктуу улуу педагогдор мына ушундай тарбиясы келишпеген балдарды тарбиялап, коомго кошкону үчүн атагы чыккан. Анын ыкмасы Союзга тарап, кеңири колдонулган. Демек Кыргызстанда ошол илим жолуна коюлган педагогиканын усулдары жокко эсе деп, колдонулбай калды деп айтууга болот.

- Бул маселе чет мамлекеттерде кандай чечилет? Мисалы, сиз бир нече жылдап жашаган Англияда?

- Ал жакта мындай көйгөй бар. Керек болсо бир баланын экинчи бир баланы кордоп, ыдык көрсөтүүсүнө жол бербеши керек деген маселе да бар. Себеби өспүрүмдөр өзүн-өзү урматтап, өзүнө ишенимди эч качан жоготпошу керек деп эсептелет.

Бала өзүнө ишенбесе, өзүн сыйлоону жоготуп койсо, анда коомдун эң басынган, мыкаачы өкүлүнө айланып калат. Ал эми Батышта деле Макаренконун ыкмасына жакын усулду колдонуп, туура эмес жолго түшүп жаткан балдарды кайра туура жолго салууга аракеттер жасалат.

Мындан бир нече жыл мурун Германияда окумуштуулар тарбиясы келишпей, ата-энесин укпаган балдарды тарбиялоо үчүн Кыргызстанга жиберүү керек деген демилге көтөрүп чыгышкан. Мен ошондо өзүмдүн немис досторумдан эмне үчүн Кыргызстанга деп сурасам, "андагы катаал шарт жылуу-жумшак турмушка көнүп калган немистер үчүн оор деп эсептелет, кышы суук, жайы өтө ысык, алыскы тоолуу аймактарда эч кандай шарт жок" деп айтышкан.

- Кыргызстанда кылмыш кылган балдардын басымдуу бөлүгү ага оор турмуштун айынан барат деп айтылат. Аларды мындай климаты катаал шартта тарбиялоо жемишин берет беле?

- Менимче берет. Туура, Кыргызстанда кылмышка оор турмуштан улам барып аткандар көп, бул коомдун чоң көйгөйү. Буга ата-энелерден сырткары жалпы коомдун да тиешеси бар. Албетте кылмышка оор турмуштан улам барып атса, ага өлкөдөгү экономикалык кырдаал да түртүп атат.

Бирок азыркы турмуш менен 90-жылдардагы оор турмушту салыштырууга болбойт. Азыр экономикалык абал дурусураак. Ошондуктан муну экономикалык жагдайга, оор шартка деле байлай берүүгө болбойт. Демек бизде материалдык кызыкчылыктар үстөмдүк кылып, адамдын моралдык сапаттарын тарбиялоого көп маани берилбей калды.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG