Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Борборду өнүктүрүү стратегиясы даярдалууда


Бишкек шаардык депутаттары баш калааны өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатышат. Эгемен өлкөнүн борбор шаары кандай болушу керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Бишкек шаардык кеңештин депутаты, Бишкекти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын мүчөсү Алмаз Кененбаев, “Эркин эл” партиясынын башчысы Мавлян Аскарбеков катышат.

“Азаттык”: Стратегия мындан эки-үч ай мурда иштеле баштап, азыр ортолоп калганы айтылды. Шаар тургундарынан сурамжылоо уюштурулуп, калааны өнүктүрүү үчүн сунуштар айтылган экен. Кандай сунуштар түштү?

Алмаз Кененбаев: Бишкек шаардык кеңеш стратегия жүзүндө саясат жүргүзүшү керек. Экинчиден, буга чейин шаар тургундары менен бирге мындай стратегия түзүлгөн эмес.

Үчүнчүдөн, мэрия кызматкерлери, бизнес чөйрө, шаар тургундары бирге иш алып барыш керек. Буга чейин ар ким өз-өзүнчө иштеп келген. Азыр эл менен да сүйлөшүп, алар маданий, туристтик же базар шаарды көргүсү келеби - ушуга байланыштуу пикирлерди топтодук. Мисалы, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, мугалимдер, жаштар, архитекторлор шаарды башкача көрөт. Ошондо орток пикирди табабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:51 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:10:07 0:00
Түз линк


Мавлян Аскарбеков: Алмаз мырза таарынбаса керек. “Бала ыйлабаса, эмчек кайда” дейт. Ачыгын айтканда бул стратегия деген шаардыктарды сооротуп, алдоо. Мындан эч нерсе чыкпайт.

Бул стратегияны кимдер ишке ашырат? Азыркы мэриябы же сиздин кесиптештериңизби? 10-20 жылдан бери мэрияда иштеп турган мэрден баштап, вице-мэр, бардык бөлүмдүн башчылары мамлекетти, борборду сатып, талкалап келаткан адамдар. Мисалы, мурдагы депутат Кеңеш Жусупов Бишкектеги 16 машруттук линияны чыгарып алган. Өзүнүн транспорттук компаниясы бар. Ушул күнгө чейин миллиондогон сомду казынага төлөбөй жүрөт.

Десятниковбу? Анын бир топ жеке компаниялары бар. Мадылбекова десек, ал курулуш компаниясынын ээси. Бул адамдар өзүнүн бизнесин коргоо үчүн ошол жакка барган, шаардыктардын кызыкчылыгын коргоп, өнүктүрөйүн, өзгөртөйүн деген ою жок.

XS
SM
MD
LG