Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Кыз ала качуу - адам уурдоо


Парламентте кыз ала качууну адам уурдоо кылмышына теңөө боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Бул маселе “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда да козголду. Талкууга аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева жана ЖК депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

1-бөлүк



2-бөлүк




“Азаттык”: Бул мыйзам долбоору өткөн жумада парламентте талкууланганда бир топ депутаттар каршы чыгышты. Ошол каршы көз карашты кайсы беренелер туудуруп жатат деп ойлойсуз?

Алтыбаева: Биринчиден, мен маалымат катары айтып коёюн, бул мыйзам долбоору эки комитеттин колдоосуна татыды. Андан кийин жалпы пленардык отурумда 1-окуудан көпчүлүк добуш менен жактырылды. 2-окууга чейин депутаттар бул мыйзам долбооруна карата өз пикирлерин, кошумчаларын жазуу түрүндө кошо алышат, анын баары адам укугу боюнча комитетте каралып, 2-окууда сөзсүз эске алынат.

“Азаттык”: Бул мыйзам долбоору 1-окуудан жактырылган учурда 22 депутат каршы добушун беришти. Бул дагы кыргыз коомчулугунда кыз ала качууну кылмыш деп эсептебегендер бар экенин көрсөтүп тургансыйт?

Алтыбаева: Каршы добуш берген 22 депутат негизинен мырза депутаттар. Алар 1-окуудан бир топ сунуштарын айтышкан, аларды биз эске алабыз. 2-окууга чейин алардын көз карашы өзгөрөөрүнө үмүттөнөм.

“Азаттык”: Бөдөш айым, сиздин пикириңиз кандай, мыйзам долбооруна кандай алымча-кошумчалар зарыл?

Мамырова: Албетте бул мыйзам керек, анткени буга биз жөн эле келип калган жокпуз, кыз ала качуу абдан оор кылмыштардын ичине кирет. Биринчиден, адам укугун чектөө, экинчиден - адам уурдоо. Бирок ошого карабай бул мыйзам долбоору бир топ талаш-тартышты туудурду. Анткени мунун экинчи жагы да бар: эгерде биз бүгүн кыз ала качуу жоопкерчилигин оор кылмыштардын катарына кошуп, жазасын күчөтсөк анын терс жагын да тартып калышыбыз мүмкүн.

Кыз ала качууга бир эле киши катышпайт, жигиттин жоро-жолдоштору, ата-эне, туугандары, коңшу-колоңдору да катышып калат. Ошондуктан кыз ала качууда негизги ролду ким ойноду, ал процессте түздөн-түз кимдин катышы бардыгын аныктоо да оор болуп калат.

Дагы бир нерсе, азыр заман өзгөргөн, бул мыйзамды күчөтүп салсак, кээ бир жеңил ойлуу кыздар күч кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, алар менен биргеликте ушул мыйзамды жигиттерге каршы, алардын келечегине каршы колдонуп коёбу деген чочулоо бар. Анткени иш жүзүндө болуп өттү, жакында эле бир жигит менен сүйлөшүп-сүйүшүп эле жүргөн кыз “мени ала качты” деп милиция кызматкерлерине жигитин карматып, каматып, акча алдырып, ата-энесинен акча өндүртүүгө барды. Мына ушундайларды да алдын алуу зарылчылыгы бар.

“Азаттык”: Мыйзам долбоору талкууга койулганда сиздин айрым кесиптештериңиз “эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстандагы жигиттердин көпчүлүгү түрмөгө камалат” деген жүйөсүн айтып, каршы болуп атышты эле...

Алтыбаева: Кызды өзү тааныбаган, жакшы билбеген жигитке мажбурлап берүү эң эле туура эмес. Ошондуктан мен кесиптештериме да айттым, ошол кыздын ордуна өзүңөрдүн кыздарыңарды, жакындарыңыздарды коюп көргүлө деп. Азыр да бизге телефон аркылуу байланышып, мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан угармандарга да ошону айтар элем. Биз өзүбүздүн балдарыбызды, кыздарыбызды, алардын келечегин ойлосок.

Мамырова: Бул мыйзам кыздарды малдай кылып, көгала кылып, машинага бөктөрүп салып, күчтөп алып кеткен жигиттер үчүн колдонулат. Эгер кыз менен жигит сүйүшүп, бирок аларга ата-энеси макул болбой, же дагы башка шарттар менен алар ушундай жол менен үйлөнүшсө, аларга бул мыйзам колдонулбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG