Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Дөңгөлөктүү мончолор


Жай аптабында Бишкектеги айрым маршруткалардын ичи кадимки мончону эске салууда.

Кичи автобустардын, же эл ичинде айтылгандай, маршруткалардын ичиндеги абалды баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми августтун 35-40 градус ысыгында абалын айтсак, түшкүңүз келбей калышыңыз ажеп эмес. 12 орундук толуп, тикесинен тик тургандар бири-бирине кыналышат. Унаа ичинде желдеткичти мындай кой, жадагалса терезеси тыңыраак ачылбайт. Жабылып калбасын деп адатта желим бөтөлкөнү тиреп коюшат. Аба алмашпагандыктан маршрутка ичи тер, шыбоо, колоңсо сыяктуу жагымсыз жыттарга толгон. Мунусу аз келгенсип айрым айдоочулар рулда баратып эле буркурата тамеки тартышат.

Аялдаманын көлөкөсүндө маршрутка күтүп турган орто жаштагы Чолпон Дөөлөтбекова айдоочуларга нааразылыгын айтып кейип алды.

- Маршруткалардын көбү эски, ичи кир. Айрымдарынын люктары да жок. Күн ысыкта ичине турганга мүмкүн эмес же терезеси жок. Айдоочуларга акча эле болсо болду. Эл ысыкта тердегенде ар кандай жыт чыгат. Маршруткаларга желдеткич орнотуп койсо жакшы эле болмок да.

Борбордогу 216-маршруттук каттамдын айдоочуларынын бири Камчыбек Шырдакеев жүргүнчүлөрдүн дооматтарына кошулбайт. Камчыбек мырза али 90-жылы өндүрүштөн чыккан унааны ижарага алып, үй-бүлөсүн багат. Камчыбек мырза унаасынын баары эле жайында экенин айтып, жүргүнчүлөрдөн жеме деле уга элек экен. “Өзүңүз маршруткадан тамеки чегесизби?” деген сурообузга: “Шаардан ээн жерге чыкканда, көбүнчө Ак-Өргөгө жеткенде чегем” деп жооп узатты.

Ал эми 169-маршрутканын айдоочусу Осмонбек уулу Азамат элди маршруткага шыкабаса тапканы эчтемеге жетпейт деген ойдо. Эгер орундукка отургандарды гана ташый турган болсок кеминде жол кирени 20 сомго көтөрүш керек дейт ал.

- Эми өздөрү каалап отуруп жатышат. Ар бир адамдын өз эрки. Биз колунан жетелеп отургузбайбыз. Керелден кечке 12 кишини гана ташый турган болсок ижара акыны эмес, маршрутканын майын да актабай калат.

Айтор айдоочусу менен жүргүнчүсү ар башка пикирде. Мэрия алдындагы Транспорт башкарма башчысы Малик Дербишов Бишкектеги 2500 маршрутканын иши тыкыр көзөмөлдө деп ишендирди.

- Маршруткаларды Транспорттук инспекция, МАИ жана биздин башкармалык болуп чогуу көзөмөлдөйбүз. Биз жолдон токтотуп текшере албайбыз. Ал эми МАИ кызматкерлери жолдон токтотуп текшерүүгө акылуу. Алар унаалардын техникалык, санитардык абалын карашат. Биздин 5 адис күн сайын текшерет. Мындан тышкары ар айда бир-эки жолу рейд жүргүзүп турабыз.

Коомдук унааларга ашыкча жүргүнчү салуу жана айдоочулардын чылым чегиши сыяктуу жат көрүнүштөргө оюн сурап, Автомобиль жана суу транспорту боюнча мамлекеттик агенттиктин транспорт көзөмөлү башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дөөлөтовго кайрылдык.

- Тамеки чегүү боюнча мурда КР Административдик жаза кодексинин 85-беренесинде каралган болчу. Ошонун негизинде 300 сом айып пул салынчу. Азыр ал берене алынып салынган. Биз азыр чылым чеккен айдоочуларга каршы эч кандай чара көрө албайбыз. Ал эми ашыкча жүргүнчү салуу боюнча МАИ кызматкерлери гана жаза чектей алат. Биз болсо маршруткалар токтоочу жайдан гана текшере алабыз.

Эгер айдоочу чылым чеге турган болсо салондогу жүргүнчүлөрдүн баары зыян тартат деген оюн нарколог Шайлоо Өмүралиев билдирди.

- Күн ысыкта маршруткалардын ичи өзүнчө эле бункерге, мешке айланат. Элдин баары тердеп-кургап аба жетпей жатса, айдоочу өзү тамеки тартып жатат. Эл балыктай болуп дем жетпей жатса айдоочу өлгөндүн үстүнө көмгөн кылат. Муну МАИчилер такыр карашпайт. “Пассивный курильщик” деген бар. Айдоочу ошол жерде эки эсе кылмыш кылып жатат. Ал өзү менен бирге жүргүнчүлөрдүн да ден соолугуна зыян алып келүүдө.

Борбордогу коомдук транспортко карата дооматтар боюнча пикирин вице-мэр Төрөбек Имашов да ортого сала кетти.

- Азыркы эл ташып жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруткалар негизи жүк ташуу үчүн чыгарылган. Аларга орундук коюп, Токмокко алып барыш керек. Шаарда 2300 маршрутка болсо анын 1200гө жакыны “Спринтер” үлгүсүндөгү жаңы маршруткаларга алмашылды. Бул акыркы сегиз айда ишке ашты. Шаардык кеңеш коомдук унаалар боюнча жаңы жобо бекитип, 5 критерийдин негизинде жүргүнчү ташуучу фирмаларды тандайт. Башкы критерий катары унаанын үлгүсү “Спринтер” болушу керек деп кирди. Бул кудай буйруса, ушул күздө ишке ашат.

Транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, башкалаада күн сайын 2500 маршрутка, 150 автобус жана 80 троллейбус жүргүнчү ташыйт.

XS
SM
MD
LG