Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Кыргызстанда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматы бириктирилген мекеме марттын этегинен тартып расмий ишке кире турган болууда. Ал Кайгуул милициясынын башкармалыгы деп аталмакчы.

Эми жол кайгуул кызматкерлери көчөлөрдө турбайт, милициянын күзөт кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барат. Өкмөттүн ниети боюнча милиция кызматкерлери кандай кайрылуу болбосун кеч дегенде беш мүнөт аралыгында жетип барууга тийиш.

Жол кайгуул кызматынын өкүлү Тилек Оторов "Азаттыкка" билдиргендей, башкы максат - кылмыштарды жана мыйзам бузууларды азайтуу. Нөөмөткө чыккан ар бир топ үч адистен - жол инспектору жана эки тартип сакчыдан туруп, алар унаа, керектүү куралдар менен камсыздалат:

- Кайгуул милициясы 3-5 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетип барат. Зарыл учурда алардын артынан ыкчам иликтөө тобу да чакырылат. Эки кызмат бириктирилип, жогоркудай жаңы эреже киргизилгени эле болбосо, кайгуул милициясы көчөлөрдү жөө кыдырып, тартипке көзөмөл салууну уланта берет.

Ал эми Кыргызстандагы Айдоочулар бирлигинин төрагасы Дүйшөналы Токтакунов демилгени каражаттын тартыштыгы менен байланыштырат. Ошол эле маалда соңку кезде кескин көбөйүп кеткен жол кырсыктарынын санын азайтуу максат кылынып жатат деген ойдо:

- Машинелердин саны жогорулап, бул өз кезегинде кырсыктардын көбөйүшүн шарттоодо. Ал эми мамлекетте каражат жок. Андыктан өкмөт көйгөйдү чечүү үчүн ушундай кадамга барып жатат.

Кыргызстанда Жол кайгуул кызматы жемкордукка малынган мекемелердин катарын толуктай турганы коррупция боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөр аркылуу далилденген. Бирок Дүйшөналы Токтакунов өкмөттүн соңку чечими жемкордукка бөгөт коё албайт деген пикирде:

- Жемкордукту азайтат деп айта албайм. Бирок кылмыштуулуктун кыскарышына өбөлгө болот.

- Кайгуул милициясы 3-5 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетип барат. Зарыл учурда алардын артынан ыкчам иликтөө тобу да чакырылат.

Коомчулукта болсо эки мекеменин бириктирилгени тууралуу кайчы пикирлер чыгууда. "Азаттык" суроо салган айдоочулардын басымдуу бөлүгү эми жол күзөтчүлөрдүн пара алуусу күчөйт деген ойлору менен бөлүштү. Айдоочу Эмил Жолдошев аталышы башка болгону менен эч кандай өзгөрүү болбой турганын, инспекторлор милиция менен чогуу иштегендиктен, паранын өлчөмү жогорулашы мүмкүндүгүн айтты:

- Бизде өзгөрүү болбойт. МАИчилер мурдагыдай эле ар кайсы жерге жашынып алып, айдоочуларды токтотууда. Өзүңүз көрүп жатпайсызбы, бекинип алып иштеп жатышат.

Бишкектин тургуну Радж Эдилбаев Кыргызстанда Батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонуудан майнап чыкпайт деген көз карашта.

- Кыргызстанда элдин менталитетин эске албай эле башка өлкөлөрдүн аракеттерин кайталаган учурлар көп. Мындай демилгелердин акыбети кайтпай турганын көрүп эле келатабыз.

Ал арада февралдын аягында жол эрежелери бузулган учурларды видео менен каттоо кызматы Чүйдүн Сокулук районунда сыноо иретинде ишке киришти. Жол кайгуул кызматы тиешелүү материалдарды айдоочулардын дарегине жөнөтүүдө.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, бул кызматта эреже бузуулар видеокаттоого алынып, андан соң айып пул төлөө тууралуу билдирме унаанын мыйзамдуу ээсинин дарегине жиберилет. Аны башка адам айдап жүргөн болсо, Жол кайгуул кызматына бул тууралуу маалымат берилиши керек. Кокустан ал жол кырсыгына кабылса, бул үчүн жоопкерчилик айдоочунун мойнуна илинет. Жазана бир айдын ичинде төлөнүүгө тийиш. Андан ашса туум кошулат.

Негизинен айып пулдан кутулууга беш жылдык мөөнөт берилмекчи. Бирок машине ээлери убакыт көп деп бейкапар жүрө берсе, башка өлкөгө чыгууда, мамлекеттик мекемелерден документтерди алууда кыйынчылыкка кабылып, уюлдук байланыш кызматтары да өчүрүлүшү мүмкүн экени эске салынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG