Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

“Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы шаардагы унаалар жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына арналды.

Талкуунун катышуучулары: Коомдук экологиялык “Мөңгү” фондунун башчысы Рүстөм Кабылбеков, Ички иштер министрлигинин унааларды техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн кызматкери, подполковник Канатбек Таабалдыев жана шаар тургуну Алмаз Жумабеков.



“Азаттык”: Алмаз, сиздин кандай унааңыз бар, кайсы жылкы жана качан акыркы ирет техникалык кароодон өттүңүз?

Алмаз Жумабеков: Менин унаам 1991-жылкы “Ауди-100”. Акыркы техникалык кароодон былтыр өткөм.

“Азаттык”: Өтүп жатканда кандай кыйынчылыктарга кездештиңиз?

Алмаз Жумабеков: Кыйынчылык деле болгон жок. Эң эле чоң түйшүк – кезек күтүү.

“Азаттык”: Унааңыз 91-жылкы экен, сиз дайыма техникалык абалын карап турсаңыз деле жалпы абалы начар болуш керек. Эски машиненин чыгымы жыл сайын өсөт эмеспи... Техникалык кароого барганда унаанын абалы боюнча проблема чыгып атабы?
Кыргызстандыктардын көпчүлүгүндө принципиалдуулук жок, коом бузулду, анткени биз капиталисттик системага көнгөн эмеспиз.

Алмаз Жумабеков: Азыр техникалык кароодон өткөндө көп деле унааны карабайт. Ал жерде бардык ишти акча берип бүтүрөсүң. Салык чыга электе техникалык кароодон өтүү аябай оңой болчу. Мыйзамсыз же мыйзамдуу жол менен кароону бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу.

Мүлккө салык төлөнө баштагандан кийин мурдакыдан кичине татаалыраак болуп калды. Анткени айдоочулардын көбү салыкты төлөгүсү келбейт.

“Азаттык”: Канат мырза, техникалык кароодон туура өткөрүлгөнбү, же сиздердин кызмат Алмаз мырзанын машинесин кароодон кантип өткөрүш керек эле?

Канатбек Таабалдыев: Мен техникалык кароонун инспектору катары айтып кетет элем, техникалык кароодо унаанын жылына карабайт, кыйынчылык жок. Ал жерде азыр бардык жумуш “бир терезеден” бүткөрүлөт. Себеби бардык кызматтардан адистер чогуу отурушат. Мурда андай эмес эле, учурунда жетишпей калгандар өткөрүлбөй калчу. Азыр бардык унаалар өткөнгө убакыт жетип атат.

1-январдан 31-июлга чейин техникалык кароонун биринчи этабы бүттү. 1-августтан баштап административдик протокол түзүп, айып салып, “салык төлөгүлө, техникалык кароодон өткүлө” деп эскертилген. Ошон үчүн сентябрдын башына чейин бардык унаалар кароодон өтүүнү аякташат.
Биз мыйзамды бузабыз, жолдо унааны эрежени сактабай туура эмес айдайбыз, анан милицияга чыга калып акча бермейибиз бар.

“Азаттык”: Мен айдоочулар менен сүйлөшсөм, алар техникалык кызматтар автомобилдин сапатын текшергенге көп кызыкдар эмес экенин айтышты. Техникалык кароого жооптуу адистер машиненин абалына көп көңүл бурушпастан салыктын төлөнүп-төлөнбөгөнүнө гана маани беришет дешти. Эмне үчүн көзөмөлдөө кызматы унаанын абалына көңүл бурбастан, салыктын төлөнүшүнө гана көңүл буруп атат?

Канатбек Таабалдыев: Учурда техникага көп көңүл бурулуп калды. Кезекте адамдар көп калганда инспекторлор автомобилдердин баарын караганга жетишпейт. Ушул тапта техникалык кароого унаа аз келип атат, ошондуктан алар келгенинин баарын текшерип, өткөрүп атат. Биринчиден, биз техниканы сырткы түзүлүшүн, келбетин, рулун, тормоз системасын карайбыз. Моторун кароо биздин милдетибизге кирбейт. Биз түтүн жана газ чыккан унааларды техникалык кароодон өткөрбөйбүз.

Канатбек Таабалдыев
“Азаттык”: Рүстөм мырза, сиз тажрыйбалуу эколог катары айтсаңыз, жаңы жана эски унаалардын айлана-чөйрөгө келтирген зыяны кандай?

Рүстөм Кабылбеков: Бүгүнкү күндө бизде унаалар абдан көбөйдү. Мамлекет элибизди жакырчылыкка батырып койгон. Унаа байлык болбой калды, жол жүрүп, иш кылганга гана керек болуп калды.

Биз унааларды Балтика боюндагы өлкөлөрдөн, Германиядан айдап келебиз. Бизге алынып келген унаалардын көбүн ал жакта экологиялык полиция токтотуп таштаган. Экинчиден, биздин бензиндин сапаты кандай экенин билбейбиз, үчүнчү сорттогу мамлекеттей болуп, сапаты начар бензинди алат болушубуз керек.
Азыр техникалык кароодон өткөндө көп деле унааны карабайт. Ал жерде бардык ишти акча берип бүтүрөсүң.

Үчүнчүдөн, немистер дөңгөлөктү кайда көмөрүн билбейт, биз айла кеткенде таштанды же эски дөңгөлөктөрдү да алып келип атпайбызбы. Алар да жаратылышка өтө чоң зыянын тийгизет. Жакырчылыкка жеткен киши кандайдыр бир кароодон өткөргөндө 5 сом берсең кол эле коюп коет.

Шаардыктар бүгүн өтө таза эмес аба менен дем алып атабыз. Андан тышкары көтөрүлгөн чаңдын баары мөңгүлөргө барып атат. Азыр бир гектар токой 50 тонна чаң жутат, жутулбаган чаң бийиктикке кетет экен. Азыр бактарды кыйып, кайра бак отургузбасак, жакында булардын баарынан ажырайбыз. Дөңгөлөк жешилип отуруп 5-10 жылдан кийин топурак бирикпей калат.

“Азаттык”: Алмаз, Германиянын Кельн шаарындагы заводдо жасалган “Ауди” автомобилиңизди техникалык кароого алып барганда Германияда жасалган жабдуу менен текшереби, же Орусияда жасалган жабдуу мененби?

Алмаз Жумабеков: Былтыр текшерилген жок. Анткени өзүмдүн унаамдан тышкары мекеменин үч унаасын да жылдык техникалык кароодон өткөрүп аткам, анан убакыт аз болгондон кийин тыйын берип эле бүтүргөнбүз. Менин алдымда техникалык кароодон өткөн чоң унаалар деле акча берип өтүштү.
Бүгүнкү күндө унаа байлык болбой калды, жол жүрүп, иш кылганга гана керек болуп калды.

“Азаттык”: Ички иштер министри алмашылгандан бери милицинын профессионалдык кадыр-баркын көтөрөбүз деп айтылып жатат.

Ошол эле учурда машинелерди техникалык кароодон өткөрүүдө өзүнүн кызматына жоопкерчиликсиз мамиле жасалат экен. Бул жөн гана өзүнүн кызматына эмес, Кыргызстандын жаранынын өмүрүнө да көңүл кош мамиле да. Анткени жолго чыккан унаада жалгыз айдоочудан башка да үч-төрт жолоочу болот. Эмне үчүн силердин адистериңер өз милдетине ушундай жоопкерчиликсиз мамиле жасашат?

Канатбек Таабалдыев: Унаа жеке эле милиция тарабынан көзөмөлдөнбөй экологиялык инспекция тарабынан да көзөмөлдөнүш керек.

“Азаттык”: Акыркы мезгилде унаанын абалына жоопкерчиликсиз мамиле жасап, техникалык кароодон пара алып өткөрүп жиберген канча адам кызматтан бошотулду же жазаланды?

Алмаз Жумабеков
Канатбек Таабалдыев: Бизде план менен ай сайын текшерүүлөр болот. Ошонун негизинде кайсы жерде кароо өтүп атса, ошол жерге барып текшеребиз. Болгон фактылар болсо, жумуштан сөгүш алып, же четтетилип, башка кызматка которулган фактылар бар.

“Азаттык”: Рүстөм мырза, Кыргызстанда кайсы тармакты алсак эле сөзсүз мыкты жактарын эмес, кемчилиги тууралуу кеп болот. Мунун себеби эмнеде?

Рүстөм Кабылбеков: Түпкү себеби мамлекетибиздин чабалдыгында. Биз бюджетте иштеген кишилерге татыктуу маяна төлөп бере албайбыз. Алар да баласын бага алышпайт. Биз мыйзамды бузабыз, жолдо унааны эрежени сактабай туура эмес айдайбыз, анан милицияга чыга калып акча бермейибиз бар. Азыр коомдун бардык жеринде ушуга өттүк. Биз мамлекетти түптөп, экономиканы күчтөп, татыктуу маяна төлөп берсек, ошондо берегидей жосундар токтойт.
Биздин бензиндин сапаты кандай экенин билбейбиз, үчүнчү сорттогу мамлекеттей болуп, сапаты начар бензинди алат болушубуз керек.

“Азаттык”: Германия 1945-жылы согушта талкалангандан кийин жарды мамлекет болуп, бирок мыйзамдуулукту сактап иш алып бара алды. Бизде азыр соттор, катардагы милиция кызматкерлери айылык акыны аз алышат. Милициянын орточо айлык акысы, Борбор Азия эркин экономика институтунун маалыматы боюнча 5 миң доллар экен. Бул маалымат “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө айтылды. Ал акчаны 12 айга бөлсөк 400 доллардан болуп атат, орточо. Бул Кыргызстандагы орточо айлык акыдан үч эсе көбүрөк.

Рүстөм Кабылбеков: Адамдарды тарбиялаш керек. Бүгүн биз эч нерседен коркпой калдык, Кудайдан да коркпой, билгенибизди кылып калдык.

Рүстөм Кабылбеков
Канатбек Таабалдыев: Азыркы убакта айлык акы орточо 400 доллар эмес. Мен 25 жылдык стажым менен азыр 11 миң 500 сом алам. Өзүмдүн айлык акым 3300 сом, анан кошумчалар, 50 пайыз пенсия менен 11500 сом алам.

“Азаттык”: Бул салык кармалгандан кийин колуңузга тийген акча. Коомду жакшыртуу ар бир кыргызстандык жарандын милдети, парзы. Азыркы абалдан кантип чыгыш керек?

Алмаз Жумабеков: Биринчиден, МАИде менин досторум бар. Алар айтат, унааны техникалык кароодон өткөргөндө акча берген эч нерсе эмес, элдин баары жол эрежелерин, мыйзамды бузуп, өздөрү акча берип атат дейт. Мисалы жогорку окуу жайларда студент жакшы окуса, кайсы профессор аларга начар баа коет. Окубагандыктан айла жок акча менен бүтүрүшөт.

Экинчиден, кыргызстандыктардын көпчүлүгүндө принципиалдуулук жок, коом бузулду, анткени биз капиталисттик системага көнгөн эмеспиз. Бизде азиялык менталитет деген бар, тууганчылык деген бар. Мисалы МАИ токтотсо, сураштырсак жердеш, же тууган болуп чыгабыз.
Адамдарды тарбиялаш керек. Бүгүн биз эч нерседен коркпой калдык.

Рүстөм Кабылбеков: Адамдык фактор болуп атпайбы. Ошондуктан техникалык кароо сыяктуу иштерди жеке секторго өткөрүш керек, бизге окшогон фонддор, күйгөн кишилер караш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Батыш мамлекеттеринде автомобилдерди техникалык кароодон полиция эмес, менчик техникалык кызматтар өткөрүшөт. Канат мырза, бул ишти МАИге атаандаш компанияларга бергенге сиздер даярсыздарбы?

Канатбек Таабалдыев: Техникалык кароону 2012-жылга чейин менчик ишканаларга өткөргөнгө акырындап баратабыз. Анткени 2-3 жылдан кийин кароонун мөөнөттөрү өзгөрүлөт, жаңы унаалардын техникалык кароосу эки жылда бир болуп калат. Ал эми жеке менчик техникаларды кароого кереги жок деген сунуш кирди. Элди ташыган, күйүүчү майларды, коркунучтуу жүктөрдү ташыган унааларды жылына эки жолу техникалык кароодон өткөрүү боюнча жакында токтом чыгат.

Рүстөм Кабылбеков: Бүгүнкү күндө жаратылышты, экологияны сактаардан мурда адамдын ыйманын сакташ керек болуп калды.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG