Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Чүй боорундагы айылдардын тургундары башка аймактардан келип жашап жүрүп, дүйнө салгандардын сөөгүн жашыруудан баш тартып, аны жердин тартыштыгы менен негиздеп келишет.

13 жыл мурун Чоң-Арык айылына көчүп келип, Курман айт күнү 78 жашында көзү өткөн байбиченин сөөгү аталган айылдагы мүрзөгө коюлбай калды. Маркумдун уулу Урандын айтымында, апасын айылдагы көрүстөнгө коюуга жергиликтүү аксакалдар уруксат берген эмес:

- Мен бул айылда каттоодо турам. Атам он бир жыл мурун Чоң-Арыктын мүрзөсүнө тоонун башына коюлган. Ал кезде мындай нерсе жок эле. Апамды да атамдын жанына коёюн дегем. Бул жактагы айыл аксакалдары буга чейин “ражага” кошулуп жүргөн эмессиңер деген жүйө менен таптакыр уруксат бербей койду. Бул тууралуу мага буга чейин эч ким деле жакшылап айткан эмес.

Мындан улам Уран апасынын сөөгүн шаардагы башка мүрзөдөн жер сатып алып коюуга аргасыз болгон.

Чоң-Арыктагы айыл аксакалдарынын бири Калмырза Өмүрбеков буга чейин айыл ынтымагына кошулбай келген жарандардын сөөгү андагы көрүстөнгө коюлбай турганын айтып, бул - жергиликтүү элдин аргасыздан кабыл алган чечими экенин билдирди. Себеби буга чейин ал аймакта жашабагандар деле каза болгон жакындарын ошол айылдагы мүрзөгө коё баштаган:

- Бизде төрт атанын балдары жашайт. Ошол төрт уруунун айыл аксакалдары бар. Алар ушундай чечим кабыл алган. Бизде ушуну менен төртүнчү кишинин сөөгүнө уруксат берилген жок. Балдар менен сүйлөшсөк “биз өзүбүздүн туугандарды киргизбей жаткандан кийин башка бирөөгө макул болбойбуз”, - деп такыр болбой койду. Өзүңөр билесиңер, акыркы жылдары жаныбызда Арча-Бешик жаңы конушу түптөлдү. Эл көбөйүп кеткенден улам ушул иш чыгып жатат да.

Калмырза Өмүрбеков түшүндүргөндөй, Чоң-Арыктагы көрүстөнгө ошол айылда жашап, көп жылдан бери элдин жамандык, жакшылыгына акча кошуп жүргөндөрдүн гана сөөгү коюлат.

Чоң-Арык айылындагы Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Кушчубек Шабыралиевдин айтымында, бул маселеге жергиликтүү бийлик дагы кийлигише албайт:

- Жер тартыш болгондон улам ушундай чечим кабыл алышты. Буга чейин бизде жашабагандардын деле сөөгү коюлуп жаткан экен. Жайыттары да тарый баштаптыр. Жергиликтүү эл жыйын өткөрүп, ошол маселе көтөрүлгөндүктөн ага чек коёлу дешкен. Сөз болуп жаткан мүрзө биздин аймакка карабагандыктан жергиликтүү бийлик ага кийлигише албайт. Негизинен сөз болуп жаткан көрүстөн турган аймак Аламүдүн районуна карайт.

Шабыралиев учурда айыл аксакалдарынын көзөмөлүндөгү Чоң-Арык мүрзөсүнөн жай сатып алууга да болбой калганын айтты.

Аза агенттигинин жетекчиси Болот Карамуратовдун билдиришинче, азыр эл көп жашаган аймактарда маркумдарга жай табуу маселеси эң негизги көйгөйгө айланган.

Учурда Бишкек шаарынын четиндеги айылдарда сөөк коюла турган жердин баасы 60-70 миң сомго чыкты. Ошол эле учурда ички миграциянын негизинде борбор шаарга көчүп келген каттоодо жок жарандардын сөөгүн жашыруу да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Мындан улам аталган кызмат төрт жыл мурун парламентке жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылган экен. Ал ушул учурга чейин кабыл алынбай келет:

- Мында орус болсо да, кыргыз болсо да, бай же кедей болсо да, жашаган жери кайда экенине карабай, жер бекер берилет деп жазылып турат. Ошол эле учурда өлүмтүккө кеткен каражатты чектөө боюнча да сунуш берилген. Негизинен биз каттоосуна карабай шаардык муниципалдык мүрзөгө коюу зарылдыгы бар экенин айтканбыз. Мурун каттоосуна жараша коюлчу. Азыр андай жок. Муниципалдык көрүстөндөр жерди бекер берет. Ал үчүн акча албайт.

Болот Карамуратов учурда шаарда муниципалдык алты мүрзө бар экенин, анын бири 44 гектар жерге курулуп жатканын айтты. Адистин билдиргенине караганда, 25 жыл мурун акыркы сөөк коюлган көрүстөндөр кайра пайдаланууга берилсе болот. Бирок акыркы жылдарда Кыргызстанда эски мүрзөлөр кайра пайдаланууга бериле элек. Карамуратов жерди үнөмдөө үчүн сөөктөрдү өрттөө тууралуу сунушу муфтият тарабынан четке кагылганын да кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG