Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Быйыл сентябрь айындагы эсептөөлөр боюнча мектепке барбаган балдардын саны 1800гө жеткенин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар окубаган балдардын саны 60 миңден ашып кеткен деп ырасташууда.

Арык-чырай, беттери суукка үшүп кызыл-көк тартып, бирок үшүгөнүн деле сезбей кардарларды узатып жаткан өспүрүм кыздын аты Алтынай. Ал 3-класстын окуучусу. Өз жашы менен алганда 8-класста окушу керек эле. Алтынай балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдардын тизмесине киргизилип, учурда шаардагы мектептердин биринде окуп жатат. Ошентсе да минтип окуудан кийин, же окууга чейин базарга чыга калып, тараза иштетип акча табат.

- Канчанчы класста окуйсуң?
- 8-класста, ой, 3-класста.
- Кайсы мектепте?
- Бучукта (Фучикте), 10-мектепте.
- Бул жакка кайсыл убакта келип иштейсиң?
- Саат экилерде келип, бештерге чейин иштеп кетем.


Алтынайдын айтымында, ал бир үй-бүлөнү багууну мойнуна алгандай.

- Ата-энең үйдөбү?
- Ооба, үйдө ооруп жатат. Кичинекей баласы бар, жети айлык. Мен иштеп келем. Дагы бир иним бар укол алат.
- Аларды сен багасыңбы?
- Ооба, нан-пан алам.
- Мектепте дептер, калемдерди алгандан кыйналбайсыңбы?
- Ошолорду да алыш керек, ага да акча керек да.

Деген менин кичинекей маектешим келген кардарды башкаларга алдырып жибергиси келген жок. Шыпылдап арык, узун, кара-тору колдору менен таразаны тууралап кирди. Алтынайдын айтымында, кээде ал эртелеп базарга чыгып, мектепке барбай да калат. Сабактардын бардыгын жакшы көрөрүн, айрыкча сүрөт тартуу жагат экен.

Ал эми менин кийинки маектешим Ош базарында араба түртүп иштейт. Аты Санжар.

- Бул жакка жайында иштегени келдим эле, ошол бойдон жүрөм.
- Каяктан келдиң?
- Лейлек.
- Окууң кандай болуп атат анда?
- Окууга, кудай буйруса, төртүнчү күнү кетем.


Бишкекте Алтынай менен Санжардай болуп убактылуу иштегени келип, биротоло окубай калган балдардын саны арбын.

Эки башка сандар

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кудайбергенованын айтымында, окууга барбай калган балдардын саны республика боюнча 1800 баланы түздү. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу элүүгө көп. Эсептөө жаңы окуу жылы башталгандан кийин жүргүзүлгөн.

Ар бир бала билим алууга укуктуу.
- Алардын арасында мектепке такыр барбагандары да бар, былтыр бир ай келип окуп кайра кетип калгандары да бар. Окубай калган балдар көбүнчө түштүктө болуп атат. Анткени жайында ата-энелери балдарын алып, Казакстанга ишетгени кетип атышат, Чүйгө, Бишкекке иштеп кетишет. Маалыматтар боюнча көбүнчө миграция менен алып кетип атат, эң негизги маселе ушул. Башталгыч класстарда келген балдардын 100% сөзсүз окуйт. Көбүнчө 7-8-класстын окуучулары таштап кетип атышат.


Бириккен Улуттар уюмунун Балдар кору (ЮНИСЕФ) жана “Эл пикир” борбору 2008-жылы окубай калган балдар жөнүндө иликтөөсүн жарыялаган. Баянда Кыргызстанда мектепке барып чыгып кеткен жана такыр мектепке барбаган балдардын саны 60 миңден ашуун деп көрсөтүлөт. Сурамжылоодо көпчүлүк балдар үйүнө жардам берип иштегендиктен окууга барбай калганын жана окугусу келбегенин белгилешкен. Андан кийин каражат тартыштыгы, мектепке барганга кийими жоктугун айтышкан.

Миграция балдарды да аяган жок

Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов окубай калган балдардын саны 60 миң дегенге ынана бербегени менен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатканын моюнга алды. Балдарды коргоо боробору жыл сайын шаардагы базарларды кыдырып мектепке барбай калган 100-200 баланы мектепке кайтаруу аракетин көрүп келет.

- Менин жеке баамымда окубаган балдардын саны көбөйүүдө. Себеби Казакстанда мигранттарды кайтарып жатпайбы. Ал жакта окуганы бар, окубай жүргөнү бар экен. Документтери жок балдар көп экен. Сентябрь айында базарларды бүт кыдырып, балдарды толугу менен каттап, мектепке 200дөй баланы киргизгенбиз. Эми азыр барсак дагы деле ошондой балдар чыгып атат. Ошолорду да ЮСАИД менен бирге тактап чыкканбыз. Алардын кээ бири мектепке кирип, кирбегенин даректери менен барып таппай койдук. Анткени алардын көбү бүгүн бул, эртең тигил батирге көчүп кетип атышпайбы.

ЮНИСЕФтин кызматкерлери Чынара Куминова мектепке барбаган балдардын саны өзгөргөн деле жок деп эсептейт. Анын пикиринде, соңку эки жылда өлкөдө жакырчылык кыскарып, экономикалык жагдай жакшырып деле кеткен жок. Адистер окубаган балдардын көбөйүшүн сабактардын кызыксыз өтүлүшү менен да байланыштырып келишет. Андан сырткары мектептердеги ар кандай төлөмдөрдүн көптүгү, ата-энелердин жоопкерсиздиги да негизги себептери катары аталууда.

"Азаттыктын" архивинен: Күнүмдүк оокатына нан тапкан балдар

Быйылкы окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алуу чыккан мезгил. Бирок айылга барып сүт ичип, лагерге барып курбулары менен чер жазгандын ордуна турмуштун айынан базарды аралап коробка, желим бөтөлкө, баштык чогултуп акча тапкан өспүрүмдөр көбөйүүдө. MiT

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG