Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Балдарга ишеним арткан дүйнө


Оштогу мектептердин биринин окуучулары
Оштогу мектептердин биринин окуучулары

5-октябрь Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү катары белгиленип келет. Былтыр өкмөттүн токтому менен Кыргызстанда да 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамы деп бекитилген.

Ага ылайык, учурда Жер шаарынын булуң-бурчунда жана Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк алп сабак” демилгеси боюнча түрдүү иш-чаралар өтүүдө. Ушуга байланыштуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Бишкектеги мектептердин бириндеги ачык сабакка катышты.

Бул кошумча сабактын темасы "Жалпы адамзаттын алдында турган негизги көйгөлөрдү чечүү" деп аталды. ​Министр Эльвира Сариеванын айтымында, ушул жылдын 25-сентябрында 193 өлкөнүн лидерлери жалпы глобалдык 17 маселени аныктап, анын ичинен үч көйгөйдү жер шарындагы бардык балдарга жеткирүү демилгесин көтөргөн:

- Дүйнө жүзүндө азыр ушундай сабактар өтүүдө. Бизде да бир жума бою жүрөт. Кыргызстан да ушул демилгени колдоп, мындай сабактарды Бишкектеги мектептерде өткөрүп жатабыз. Бул чынында керектүү нерсе. Мисалы, Кыргызстандан беш миллион адамдын арасынан бир миллионун мектеп окуучулары түзөт. Эгерде биз келечекти ойлогубуз келсе, анда балдар менен иштешибиз керек.

Элвира Сариеванын айтымында, бишкектик окуучулар глобалдык көйгөйлөрдү терең түшүнүп, талкуулап жатышат.

Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына алдыдагы миң жылдыктын өнүгүшүндө экологиялык көйгөйлөрдүн адам турмушуна тийгизе турган терс таасирлери тууралуу мультфильм да көрсөтүлдү.

Ачык сабакка катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы координатору Александр Аванесов мындай демилге аркылуу окуучулар сөз болуп жаткан маселелер тууралуу жакындан билип, аларды алдын алууга салым кошот деген пикирде:

- Глобалдык көйгөйлөр боюнча улуу жетишкендиктер, жеңиштер билимден башталат. Биз учурда балдарга кандай билим берип жатабыз? Алар жалпы Жер шары туш боло турган коркунучтар тууралуу билип, аны сактоого салым кошо алабы? Мен билимдүү муун биздин эртеңки койгон максаттарыбыздын ишке ашышына көмөк көрсөтө алат деп эсептейм. Ошондуктан биз дүйнөлүк көйгөлөрдү балдарга окутууну туура көрдүк. Билимдүү болуу бул - эң негизги күч.

Александр Аванесовдун белгилешинче, окуучулар алдыдагы он беш жыл аралыгында жалпы адамзат күрөшө турган негизги үч апаатты: жакырчылыкты жоюуну, гендердик теңсиздикти жоюуга, акыйкатсыздыкты тескөөгө, экологияны коргоо аркылуу климаттык өзгөрүүнү алдын алууга салым кошушу шарт.

Окуучулар ачык сабакта жогоруда айтылган маселелердин тегерегинде өздөрүнүн сунуштарын да билдиришти. Алардын бири Эрмек Асангалиевди экология көйгөйү катуу таасирленткен экен:

- Мисалы, биздин Ысык-Көл тууралуу айталы. Балыкчы, Каракол шаарларынын кээ бир жерлеринде пляждар такыр түшкөнгө жарабай калган. Ал жакка ар кандай таштандыларды ыргытып салышкан. Түшкөнгө болбойт. Эгер биз аны сактабасак кийин мындан да кирдейт. Мисалы, ал жерлерге бак тигишибиз керек.

Эльвира Сариева окуучулардан өзүнө министр катары да бир топ суроо-талаптар болгонун кеп кылды:

- Сиз министрсиз деп, физика, математика китептери тууралуу суроолор берилди. Анан кээ бир мугалимдерге жаңы технологияларды колдонууга үйрөтсөңөр жакшы болот эле дешти. Ушул жерде дагы бир зарылдык пайда болду. Биз эми мектептеги жогорку класстын окуучуларын министрликке чакырып, азыр биз киргизип жаткан окутуунун жаңы стандарттарын талкуулайт окшойбуз. Алардын кызыкчылыгы абдан чоң экен.

Окуучуларга өтүлүп жаткан “Бүткүл дүйнөлүк алп сабак” демилгеси Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон, АКШ президентинин жубайы Мишел Обама жана бир нече өлкөлөрдүн билим берүү министрлери тарабынан колдоо тапты.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG