Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Ак-Өргөнүн "өргөсү" талашта


Талашка түшкөн имарат
Талашка түшкөн имарат

Бишкектеги Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарын бириктирген №3 муниципалдык-аймактык башкармалык кеңсесинен кол жууп калышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийлик менен жеке ишкана бөлүшө албай жаткан эки кабаттуу имарат 2006-жылга чейин Шамырканов аттуу кишинин жеке менчиги болгон. Кийин ал имаратты АКБ Кыргызстан банкына күрөөгө коюп, насыясын төлөй албай калып, банкка алдырып жиберет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймактын башчысы Жылдыз Мусабекова билдирди.

- Бул имаратты мурдагы жетекчилер Капиталдык курулуш башкармалыгынан акимияттын балансына атайын эле өткөрбөй коюшкан. Анан алар жол салган бир фирмага карыз болуп калышып, ушул биздин имаратка чегерип салышат. Азыр эми эки жеке фирма бизден имаратты талашып жатышат.

Тасмада: Ак-Өргөдөгү кеңсе талаш

Ак-Өргөдө кеңсе талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00


Мусабекованын ырасташынча, 2006-жылы аталган аймактын аксакалдары АКБ Кыргызстандын ошол кездеги башчысы Шарипа Садыбакасовадан суранып, имаратты толугу менен муниципалдык башкармалыктын карамагына өткөрүп алышат.

Мыйзамсыз сатылган жерлерди мамлекетке кайтарууну көздөгөн “Ак-Өргө Мурас” коомунун төрагасы Дима Кыдыралиев Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке фирмага 9 млн. карызын эчак эле төлөгөнүн, алар ошол сумманын пайызы 2 млн. сом болду деп имаратты талап кылып жатканын айтууда.

- “Инженеринг сервиске” 9 млн. сом төлөнгөн. Ушуга болбой бизден имаратты талашып, соттон чечим чыгартып алышыптыр. Биз эч убакта бул имаратты бербейбиз. Бул имарат элдин менчиги.

Деген менен аталган имаратты мэриянын алдындагы капиталдык башкармалык аркылуу жеке менчикке өткөрүп алган “Инженеринг сервис” компаниясынын жактоочусу Наталья Котик мындай дооматтарды жокко чыгарды. Анын айтымында, аталган ишкана мэрия менен макулдашып жол курган. Жасалган иш үчүн мэрия 2 млн. сомдой карыз болуп калат. Ошентип 20га жакын соттук териштирүүдөн кийин “Инженеринг сервис” Капиталдык курулуш башкармалыгынын балансында турган айыл өкмөттүн кеңсесин чегерип алат.

- Бул имарат юридикалык жактын жеке менчиги. Керектүү документтердин баары Мамлекеттик каттоо кызматынан текшерүүдөн өткөн. Буга чейин соттун ар кайсы инстанцияларында 18 отурум болду. Эми гана сот аткаруучулар келип, имаратты бошотууга аракет кылып жатышат. Азыр бизде соттун эки чечими бар. Биринчиси - менчик ээсинин көчүп келишине тоскоолдук кылбоо болсо, экинчиси - көчүрүүнү күч колдонуп ишке ашыруу жөнүндө.

“Шаар башчысы сөзүнө турбай жатат”

Жергиликтүү жашоочулар бул маселе тезинен чечилет деп калаа башчысы сөз бергенин айтып, анын ушу мезгилге чейин эч кандай чара колдонбой жатканына нааразы. Ак-Ордо конушунун тургуну Мурат төмөнкүдөй оюн ортого салды.

- Иса Өмүркулов "атым улук, эч качан калп айтпайм, бул маселени чечип берем" деп эл алдында сөз берген. Бирок дагы деле сөзүнө турбай жатат. Бул имарат 3 конушка тиешелүү. Балдарыбызга документти, керектүү справкаларды ушул жерден алабыз. 50 миңге жакын тургундун тагдыры ушул жерден чечилет.

Бул чыр боюнча Бишкек мэри Иса Өмүркуловго кайрылганыбызда ал мэриянын аракетине соттор тоскоолдук кылып жатканын жүйөө келтирди:

- Бул имаратты элге сөзсүз кайтарышыбыз керек эле. Бул - менин каалоом. Биз бир эле ушул имарат боюнча эмес, шаардагы мыйзамсыз сатылган жерлер, имараттар боюнча да сотко кайрылып, кайра башынан инвентаризация жасап жатабыз. Тилекке каршы сот бизге каршы, биз утушка жетпей жатабыз.

"Азаттык": Сиз жергиликтүү элге имаратты кайтарып берем деп сөз берген экенсиз...

- Мен бул маселени билем. Бирок чечем деп сөз берген эмесмин. Алдын ала сөз берип, баары үчүн жооп бере турган сот эмесмин да. Муну сот аркылуу териштирип, далилдешибиз керек.

Акыркы чара - жол тосуу

Муниципалдык-аймактык башкармалыктын башчысы Жылдыз Мусабекова бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаевге чейин кайрылганын айтып, бирок эч кандай майнап чыкпай жатканына нааразы.

- Ак-Өргөдө ансыз деле өкмөткө тиешелүү ушул эле имарат калды. Башка эч нерсе жок. Буга чейин парк аймактарын, оюн аянтчаларын, бала бакчаларды, мектептерди сатып бүтүшкөн. Канча жыл мурда менчиктештирилген имараттарды кайра кайтарабыз деп жатышат. Аны коюп, алдыбызда турган имаратты сактап калууга жардам беришсинчи.

Жергиликтүүлөр дүйшөмбү күнү жол тосуп, маселенин чукул чечилишин талап кыларын кабарлашты. Алардын айтымында, эл мэр Иса Өмүркулов аталган аймакка өзү барып, маселеге чекит коймоюн тынчыбайт.

Бишкектин Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарында 50 миңге жакын киши жашайт.

XS
SM
MD
LG