Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Кыргызстанда латын арибине өтүү демилгеси көтөрүлүүдө.

“Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов, Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Аалы Молдоканов жана "Айкөл-Эл" партиясынын лидери Эдил Байсалов.







“Азаттык”: Түрк тилдүү мамлекеттерди жакындатуу максатында буга чейин Түркия тарабынан бир топ сунуштар болгон. Мисалы орток тил деген идея, экинчиден, латын арибин киргизүү. Азыр деле Кыргызстанда латын арибине өтүү демилгеси көтөрүлүп калып жүрөт. Кыргызстан латын арибине өтүүгө даярбы?

Абакир Мамытов: Бул маселени терең талкуулап, актуалдуу деп көтөргөндүн кереги жок. Эгер биз латын арибине өтүп кетсек бир нече кадам аркага кетебиз деп эсептейм. Анткени акыркы жылдарда топтолгон илимий-методикалык, руханий, маданий булактардын бардыгы окуу, тарбия процессинен чыгып калат дагы биз артка кетебиз.

Биринчиден, бардык жумушта саясат жок деп айтканга болбойт, саясат бар. Экинчиден, мектеп билимине келсек 76 наамдагы китеп жазылат. Бул абдан чоң байлык, ага аяр мамиле жасашыбыз керек.

Билим берүү академиясында иштеген кызматкер жана китептердин даярдалышына түздөн-түз катышкан адис катары биз абдан алыска, артка чегинүү сөзсүз болот деп айтар элем. Латын алфавитинде жаза турган адистер жок. Ал муунду даярдоого далай убакыт кетет. Бечелге жөтөлдүн кереги жок деп айтаар элем. Азыр мунун кереги жок.

Эдил Байсалов: Латын алфавити деген жөн эле Түркиядан таңууланган маселе эмес. Азыркы учурда бул багытта Анкара, Стамбул эмес Ат-Башы, Бишкек, Ошто маселе жатат. Анткени бардыгыбыз телефон, компьютерде болобу СМС жазганда, чет өлкөдөгү тааныштар менен кат жазышканда латын тамгасында жазганга туура келет.

Ошондуктан биз муну саясатташтырбай, бирок илимпоздор, тил комиссиясынын мүчөлөрү кайсы тамгалар латын арибинде кандай жазыларын параллелдүү түрдө бекитсе кабарлашканга да жеңилирек болмок.

Эртең эле, же 1-январдан тартып эле өтүштүн кажети жок. Биздин кандай болсо да тарыхыбызды сыйлашыбыз керек. Орус алфавити дейбизби, кириллица дейбизби канчалаган адабият, миңдеген китептер бар. Бирок паралелдүү түрдө ишке ашырыш керек. Анткени азыр каала-каалаба тоодо жүргөн эле апаларыбыз латын арибинде СМС жазып атат.

Аалы Молдоканов: Латын арибине өткөндүн пайда-зыяны тууралуу талкуу узактан бери эле жүрүп келатат. Бул боюнча илимпоздор, коомчулуктун пикири бар. Бүгүнкү күндө эмне үчүн орус алфавитин окуп келатабыз деген маселени коюш керек. Мунун баары саясаттан болуп келген.

Айрым илимпоздордун пикиринде, кыргыз элинин эң биринчи ариби шумер деген жазуудан башталып, ошол кыргыздын тилине жакын болуп атат. Бирок мында толук далил жок болуп атат. Совет мезгилинде биз араб алфавитинде болчубуз, бирок мусулмандашып кетет деген негизде латын арибине өтүп калган жерибиз бар. Анан согуш болуп атканда орус алфавитин киргизген.

Бирок келечегинде биз латын арибине өтүшүбүз керек. Анткени дүйнөлүк тил болгон англис жана башка тилдер латын арибинде. Бүгүнкү күндө техниканын тили болууда. Көбүнчө каржылык тартыштыкка байланыштуу ар кандай шылтоолор айтылып келатат. Ыкшоолукту токтотуш керек. Ага эртедир-кечтир аз-аздан өтө башташыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG