Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министрлиги баласы майып ата-энелерге айлык акы төлөп берип, кийин пенсияга чыгаруу демилгесин көтөрүүдө.

Ата-энелер менен жарандык коом өкүлдөрү бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келатканы менен, аны ишке ашырууга мамлекеттин казынасында зарыл каражаттын жетишсиздиги кедерги болуп келет.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз демилгесин кантип ишке ашырат жана мындай камкордукка өлкө боюнча канча баланын ата-энеси муктаж? “Арай көз чарай” талкуусуна социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, “Эне эмгеги” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Индира Сыдыкова жана 3-топтогу майып Нурлан Саякбаев катышты.

“Азаттык”: Кудайберген мырза, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин майып балалуу ата-энелерге айлык төлөп берүү боюнча мыйзам долбоору даярдалдыбы? Бул маселе барып-барып популисттик идея болуп калбайбы?

Кудайберген Базарбаев: Азыр Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 168 миң адам бар, анын 27 миңи 18 жашка чейинки балдар. Булардын ичинен 108 миңи пенсия алат, калган 60 миңи жөлөк пул алат. Өкмөт тарабынан 18 жашка чейинки майып балдарга жөлөк пул төлөнөт. Бул маселе боюнча министрлик акыркы үч-төрт жылдан бери аракет жасап келе жатат. Башында балдарга жөлөк пул катары төлөп, мурда алып жүргөн 3 миң сомдун үстүнө ата-энесинин эмгеги үчүн 1500 сом кошуп берели дегенбиз. Бирок ага Финансы министрлиги каршы болгон.

Эмгек жана жаштар министрлиги жоюлуп, эмгек маселеси биздин министрликке берилгенден кийин майып баласын баккан ата-эненин ишин эмгек катары баалайлы деген демилге көтөрүп, азыр мыйзам долбоору даярдалып жатат. Аны Жогорку Кеңештин кароосуна күзүндө жөнөтүүгө аракеттенебиз.

Азыр бейөкмөт уюмдар реабилитациялык борборлорду ачып жатышат, бирок алардын акысы абдан кымбат. Мисалы, бир бала үчүн 8000 сом төлөш керек, демек иштеген эне айлыгын бүт эле балага жумшап калат.

“Азаттык”: Кудайберген мырза, мындай талапты ата-энелер көп жылдан бери көтөрүп, бирок каражат жок деген жооп алышчу эле. Кыргызстан боюнча мындай айлыкка канча ата-эне муктаж жана каражатты кайдан тапкан жатасыздар?

Кудайберген Базарбаев: Азыркы эсеп боюнча 4 480 баланын ата-энеси муктаж. Бирок бул демилге ишке аша баштаса, кардарлардын саны сөзсүз көбөйөт. Ошон үчүн абдан так болушубуз керек. Мурун ар бир ата-энеге 1500 сомдон кошумча төлөп берели деп санаганда жылына 200 миллион сом зарыл экендиги аныкталган. Азыркы жагдай боюнча бул абдан аз. Ошон үчүн жок дегенде 4500-5000 сом болушу керек деп эсептеп жатабыз жана анын бардык жагдайларын Финансы министрлиги жана башка мекемелер менен толук иликтеп чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Индира айым, сиз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жардам көрсөтүп келе жатпайсызбы. Азыр эле Кудайберген мырза ата-энелердин айлыгынын көлөмү 5000 сомдун айланасында болуш керек деп билдирди, сиздер канча болуш керек деген ойдосуз?

Индира Сыдыкова: Мындай маяна аздык кылат, себеби майып балдар өзгөчө багылат. Аларга күнүгө дары-дармек, жалаяк жана башка каражаттар абдан зарыл. Кээ бир балдарга башкача тамак бериш керек. Талма, тырышып калууларга каршы дарыларды ичип туруусу керек, алар абдан кымбат.

Мамлекеттин ата-эненин эмгегин баалоосу жакшы, бирок кошумча сунуштар да бар. Мамлекет маяна төлөбөй туруп балдардын реабилитациялык борборлорун ачып берсе андан да жакшы болмок. Себеби, балдар жана алардын ата-энелери коомдон ажырап, үйдө отурууга мажбур болуп калып жатат. Реабилитациялык борбор ачылса балдарды ал жерге берип коюп, кээ бир ата-энелер иштешмек.

Менин деле эки дипломум бар, мени менен иштешкен кээ бир энелердин эки-үч жогорку билими бар, бирок үйдө отурууга мажбур. Азыр бейөкмөт уюмдар реабилитациялык борборлорду ачып жатышат, бирок алардын акысы абдан кымбат. Мисалы, бир бала үчүн 8000 сом төлөш керек, демек иштеген эне айлыгын бүт эле балага жумшап калат.

Көчөдө балдак менен бара жатсаң акча эле берип, булар акчага эле муктаж деген пикирде болушат. Майыптар акчага эле эмес, колдоого, көңүл бурууга муктаж.

Угармандын пикири: Майып баласын баккан ата-энесине же туугандарына төлөнчү маянаны 5000 сом деп белгилөө абдан аз, жок дегенде 7000 сомдон кем ченебеш керек.

Кудайберген Базарбаев: Урматтуу угармандар, биз бул идеяны адегенде ишке ашыралы, андан кийин маянанын көлөмү дагы каралат. Анткени бул идеяны колдогондорго караганда каражат жок деп каршы чыккандар көбүрөөк. Ошон үчүн адегенде биринчи кадамды таштайлы, азыртан эле аз деп демилгени бузуп албайлы!

“Азаттык”: Нурлан мырза, сиз “Эне эмгеги” кайрымдуулук фондунда тарбия алган экенсиз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери жана балдар материалдык жардамдан тышкары дагы кандай жардамга муктаж? Анан өзүңүз майып балдардын турмушун чагылдырган “Үзүлбөгөн үмүттөр” деген көркөм фильм тартуу үчүн сценарий жазып жатыптырсыз. Анын максаты эмне?

Нурлан Саякбаев: Биздин коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата көз караш, мамиле башкача. Майып болсо да акыл-эси ордунда балдар көп, балдар эл арасында сүйлөсө “Апей, бул сүйлөйбү? Акылы жетеби?” деп таң калышат. Кинону тартуунун негизги максаты ошондой балдарга карата коомдун көз карашын өзгөртүү.

Экинчиден, Индира айымдын демилгеси менен жыл сайын майып балдар менен эстрада ырчыларынын дуэт болуп ырдаган фестивалын өткөрүп келебиз. Бул долбоорду да камтуу оюбуз бар. Кудай буюрса, ал экранга чыкса, коомдун мамилеси өзгөрөт деп үмүттөнүп турабыз.

“Азаттык”: Индира айым, майып баланын ата-энесине маяна төлөөдөн тышкары дагы кандай камкордукка муктаж? Орусиядагыдай эс алуу өргүүсүн да чектөө зарылбы?

Индира Сыдыкова: Ата-энеге шарт түзүү көйгөйлөрү абдан көп. Майып балдарды окута турган инклюзивдүү мектеп ачуу демилгеси көтөрүлүп келип эле токтоп калды. Мисалы, мен баламды кадимки мектепке берсем директору, мугалими менен талаш-тартышка барып, азыр балам үйдө олтуруп калды.

“Азаттык”: Демек коомдо, анын ичинде билим берүүдө мамилени өзгөртүү зарыл экен да?

Кудайберген Базарбаев: Биз баарыбыз СССРден чыккан коомбуз. СССР мезгилинде майып балдарга таптакыр көңүл бурулчу эмес, жөлөк пул берилген эмес. Ошон үчүн биздин коом гумандуу эмес. Бул багытта биз жасай турган аракеттер абдан көп. Ал эми ата-энеге маянадан тышкары эмгек өргүүсүн да берүү зарыл.

Нурлан Саякбаев: Биздин коомдо майыптарга мамиле башкача, мисалы, көчөдө балдак менен бара жатсаң акча эле берип, булар акчага эле муктаж деген пикирде болушат. Майыптар акчага эле эмес, колдоого, көңүл бурууга муктаж. Андан тышкары майып балдар окуу үчүн ар бир мектепте атайын класс ачып, аны биринчи кабатта жайгаштырып берсе жакшы болот эле.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG