Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Шаарда тоскоолдуктар болбосо...


Бишкек мэриясынын алдында майып активисттер “Тоскоолдуксуз шаар үчүн” аттуу акцияны өткөрдү. Алар майыптарга талаптагыдай шарттар түзүлбөй жатканын айтып, бул кенемтени башкалаадан толтуруу керек деп эсептешет.

Майыптар укугун коргоо боюнча республикалык түйүндүн жетекчиси Мирбек Асангариев өлкөдө майыптарга тиешелүү шарттарды түзбөй, мамлекет дегеле майып мекендештери жоктой кенебей жатканын айтты.

Бишкек жана башка шаар мэриялары жаңы имараттарды куруу алдында майыптар гана эмес, кош бойлуу аялдарга, коляска сүйрөгөн энелерге, велосипед жана ролик тээп жүргөн балдарга ылайыкташтырууну ишкерлерден талап кылууга тийиш деп эсептейт.

- Шаар акырындан курулуп жатат, жолдор, жаңы имараттар салынып жатат. Бирок архитектура жана талап кылынып жаткан нормалардын баары эски. Мисалы, ошол эле пандустар жок, бир-эки жыл мурун канча автобустар сатылып келди, бирөө да атайын ыңгайлаштырылган эмес. Жакында аялдамалар оңдолду. Автобустар менен бир деңгээлде болуш үчүн аларды дароо көтөрүш керек болчу, ал да жасалган жок.

Асангариев жетектеген уюмдун мэрия жана эки райондук администрация алдында пандус куруу боюнча талабы ишке ашырылыптыр. "Бийликти ушинтип түртмөлөп турбаса, аткаминерлер майыптарды жана башка катмарларды ойлоп да койбойт", – деди Асангариев.

Мына ушундай проблемалардын башын бириктирип, мэрияга талап коюу үчүн майыптар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана шаар тургундар “Тоскоолдуксуз шаар үчүн” деген акцияга чогулушту.

Ысык-Көл облусунан келген Гүлмира Казакова майыптар коляскасында отурган ал үчүн ансыз да оор турмуш кошумча кыйынчылыктарды башына үйүп жатканын айтты.

- Мен дүкөнгө нан алыш үчүн кире албайм, анткени ал жакта тепкичтер бар. Мен жакшы көргөн кафеме кире албайм, анткени ал жакта да тепкичтер. Анан мен жаман тамак даярдаган кафеге киргенге мажбурмун. Же ушул чач тарачта чачымды жаман кыркаарын билем, бирок аргасыз ошол жакка кирем. Биз бүгүн адамча өмүр сүргүбүз келет. Менимче таяк менен басасыңбы, же көзүң көрбөйбү, мүмкүнчүлүгүң менен укугуң тең болсо, адам катары жашайсың.

Акциянын катышуучулары менен Бишкектин мэри Иса Өмүркулов жолугушуп, айтылган сын пикирлерди моюнга алды. Анын сөзүнө караганда, жыйырма жылдан бери өкмөт майыптарга карата адилетсиз саясат жүргүзүп келген.

- Эки жылдан бери ишке киргизилип жаткан жаңы имараттардын баары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштырылган. Пандустар көпүрөлөрдө, жердин астында өтүүчү жайларда бар. Андан тышкары келишимдин негизинде биз асты жапыз троллейбустарды алабыз. Эмканаларда жана башка коомдук жерлерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүп берип атабыз.

“Прецедент” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурбек Токтакунов Бишкек өлкө боюнча тиешелүү мыйзамдарды аткарууну өкмөттөн талап кылыш керек деп билдирди. Ал майыптарга бардык шарттарды түзгөн Батыш өлкөлөрүн мисал келтирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев майыптарды коргогон мыйзамдарды өкмөт акырындан болсо да аткарып жатканын кошумчалады:

- Эч нерсе жасалбай жатат дегенден алысмын. Жогорку Кеңеште пандус орнотулду, университеттерде майыптар үчүн бекер окуу боюнча атайын квота жыл сайын бөлүнсүн деген буйрук чыккан, азиз адамдар үчүн жаңы светофорлор орнотулганы жатат. Албетте Бишкекке караганда аймактарда бул маселе курч турат, бирок анын баарына акча керек. Ал эми азыр айлыктардан тышкары мындай нерселерге, тилекке каршы, эч нерсе калбай жатат.

Шаар бийлиги инфраструктураны оңдогонго каражат жагы тартыш болуп жатканын бетке кармаса, активисттер атайын кутучага бир сомдон салууга чакырып жатты. Ал каражаттар Бишкек мэри Иса Өмүркуловго тапшырылды. Чогулган акча мэриянын ичинде пандусту орнотууга сарпталмакчы. Албетте эгер жетсе...
XS
SM
MD
LG