Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары - өзүнүн майыптыгын жерибеген дизайнер Үкөй Мураталиева жана алгач таксист, анан жыгач сатып иштөөчү уюм ачууга жетишкен Рустам Орозов.

Кыргызстанда майып адамдардын саны 133 миң деп эсептелсе, алардын 9 миңдейи өз алдынча басып жүрө албайт. Ошентсе да арасында оңой эмес ийгиликтерге жетип, өз алдынча иш баштап калгандары жок эмес.

Жоопкерчиликтүү Үкөй

Мындан туура 26 жыл мурда эртең мененки саат сегиздер чамасында чырактай болгон кыз жарык дүйнөгө келет. Өз убагынан эртерек төрөлгөнү үчүн бир аз алсыз эле. Атасы, чоң атасы болуп ымыркайга айтылуу акын Боогачынын сүйгөнү Үкөй деген ысымды беришет. Азыр Үкөйдү достору, туугандары тамашалап Oкей деп коюшат.

Тагдырдын тамашасы Үкөй Мураталиева бир жашка чыккандан кийин башталат. Доктурлар ага балдардын паралич (детский церебральный паралич) диагнозун коюшат. Ошол бойдон Үкөйдүн тизеси түздөлбөй, түз баса албай калат. Үкөйдүн өзүнүн айтымында, мындай оору менен алгач аны бала бакчага, анан мектепке алууну каалабаган учурлар болгон. Бирок апасы Зинагүл эже кызын шаардагы жалпы билим берүү мектептердин бирине киргизет.

Бутунда күчү жок, узакка басуудан кыйналып, бат чарчаган назик кыз мектепке барганда кыйналып, кээде сумкасын сүйрөп алганын эскергени бар. Апасы Зинагүлдүн мектепке чейин барып, директор, мугалимдерине жолугуп, “силерде ушундай кыз окуйт, абайлагыла, түртүп ийбегиле” деп зынарлап табыштап кеткен күндөрү болгон.

Ошентип Үкөй мектепти жакшы бүтөт. Он жашында модельер болом деген максаты жарым-жартылай орундалып, Исхак Раззаков атындагы Техникалык университеттин технологиялык факультетинин студенти болот. Анда да оңой күндөр өткөн жок.

- Сүрөт болгондон кийин кагаздарды көтөрүп жүрөсүң. Кээде анын көлөмү өзүңдөн да чоң болот. Ар кандай жагдайлар болуп калат. Ал учурда, айрыкча кышында тайгалактан коргончу эч нерсем жок болчу, өтө кыйналчумун. Улам бир адамга "өткөрүп койчу, түртүп койчу, жеткирип койчу" деп жалдырачум.

"Азаттык": Ошондо эл туура түшүнчү беле?

- Мындан бир нече жыл мурда адамдар бир аз боорукер, бири-бирине көңүл бурчу. Азыр ханыша айымдай татынакай бойонуп, жасанып алып, анан "тиги жакка чейин өткөрүп койгулачы" десем үркүп качат.
Бир чети кызым оорулуу деп өзүм да ишенгим келген жок. Экинчиден, өзүндө да “мен оорулуу турбаймбы” деген сезим калбасын дедим.

Үкөй окууну бүтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын "Назик кыз" аттуу бирикмесин ачат. Уз кыздардын колунан жаралган кийимдердин коллекциясы мода жумалыктарында коомчулукка тартууланып жүрөт. Өзү Жапония, Америка, Польша, Пакистан сыяктуу бир катар өлкөлөрдө болгон.

Бир жылдан бери Үкөй коомдук иштери менен катар Социалдык өнүктүрүү министрлигинде жогорку адис болуп иштейт. Мен Үкөй менен жумушунда жолугуштум. Ал биринчи кабат менен төртүнчү кабаттын ортосунда чуркап, ишин бүтүрүүгө шашып жүрүптүр. Үкөй министрликте Мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү башкармалыгында иштейт экен.

- Министрликте эч качан жумуш азайбайт. Дайыма колум бош эмес, жүгүрмө, баш-аягы жок жумуш. Бул коомчулукка керектүү иш эмеспи. Ошондуктан кээде чарчасам да маанилүүлүгү дайыма эсимде болот.

Ал эми чогуу иштешкендер да Үкөйдүн жоопкерчилигин баалашат. Ал иштеген башкармалыктын жетекчиси Бурул Сүйүналиева:

- Үкөйдүн өзүнө жасаган мамилеси да башкача. Кээде ушул кызды көрүп таң калам. Ушунчалык назик, кичинекей, жаш болгонуна карабай көп иштерди жургүзөт. Социалдык кызмат жөнөкөй жумуш эмес. Үкөйдүн аракети абдан күчтүү, жоопкерчиликтүү. Бул кыздын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин байкабайм. Мындай мамиле анын өзүнө да жагат. Үкөйдү ишиме байланыштуу кичине кезинен эле билем. Ал алдыга койгон максатына жеткенге күчүнүн баарын салат. Анан бизде ар кандай майрамдар болуп калат. Ал жерге да ушунчалык татынакай болуп кийинип барат. Ички дүйнөсү абдан таза. Мындай караганда кичинекей кыздай көрүнгөнү менен абдан күчтүү кыз.

Өзгөчө тарбия

Жумуш бүткөн соң биз Үкөйдүн үйүн көздөй жөнөдүк. Жол ката мода жумалыгына катышканын, кандай кийимдерди тигип, эмнеге көңүл бурарын айтып отурду. Бир жолу майып кыздар бийге да катышып, чет элдик конокторго күтүүсүз белек тартуулашыптыр.

- Көп учурда корккон нерсени жасасаң өзүңө ишенимиң артат. Каалоо менен чыныгы биздин абалда кандай бий чыгат дейсиз. Бирок биз машыгып, үйрөнүп, бир жолу финдерге алардын улуттук бийин бийлеп бердик. Бул жакшы белек болду.

Үкөй өзү назик көрүнгөнү менен анча-мынча жигиттерден эрктүү экенине дагы бир ирет ынанып отурдум. Үкөйдүн тырышчаактык, сабыр кыла билүү, сылыктык, башкалар менен тил табышуу сапаттарынын калыптанышына апасынын эмгеги зор. Сөз Үкөйдүн апасы Зинагүл Каракиновада:

- Башка балдарымдан кандай талап кылсам Үкөйдөн деле ошондой талап кылдым. Эркелетип, "буту оорукчан эле, тийбегиле, ыйлатпагыла" деген жокмун. Бир чети кызым оорулуу деп өзүм да ишенгим келген жок. Экинчиден, өзүндө да “мен оорулуу турбаймбы” деген сезим калбасын дедим. Такай алдыга үндөп, "сен деле бардык балдардай элесиң" деп талап кылдым. Бул дагы башка балдар менен тең чамалуу жүргөнгө түрткү берди. Башка жерде өзүнүн таламын талашып, түртүп кетсе, ага жооп берип, жардам керек болсо агаларын чакырганга үйрөндү. Мен Үкөйгө абдан көп нерсе бердим деп айта албайм. Бирок аны дайыма укканга, анан аны талкуулап, өз оюн айтып, керек жерде багыт берип жүрдүм. Үч баланы жалгыз чоңойтуп атам, убактым жок деп койсом, же кагып-силксем бала толук ачылбай калат беле...
Ханыша айымдай татынакай бойонуп, жасанып алып, анан "тиги жакка чейин өткөрүп койгулачы" десем үркүп качат.

Ошентип баланын толук кандуу өнүгүшүнө, өсүшүнө жана өзүн ар кандай кырдаалда эркин, ишенимдүү сезүүгө тарбия да чоң мааниге ээ экени дагы бир ирет далилденди көрүнөт. Бул үчүн Үкөй да ыраазы.

- Апам көп нерсени үйрөттү. Балдарын эки карыш жылдырбаган, "аны жасаба, муну кылбай эле кой" деген көп ата-энелер бар. Мени апам көз карандысыздыкка үйрөттү. Мени бир жакка алып барып, "кайра өзүң келесиң" деп таштап койчу. Бул жолду таап келүүгө жардам берчү.

Жакында Үкөй өзү отурган таксиге чөнтөк телефонун унутуп коёт. “Бутумду көргөн неме деле аяп, телефонду албаса керек” деген ишеничи акталган жок. Таксист телефонду өчүрүп салат.

Ошентип Үкөй тагдырдын сыноосу менен элдешип, тескерисинче өз майыптыгын жактырып, жерибей, Кудайга шүгүр келтирип жашап келет. Мындайлар жашоодо аз эле кездешсе керек. 25 жаштагы Үкөй уюм ачканга жетишип, өзүнө жаккан ишти жасап, ал тургай коомго жардамы тие турган кызматты да аркалап келет. Бул да анын эрктүүлүгүнөн кабар берет.

- Мен өзүмдү жакшы көрөм. Денемди, жашоомду жакшы көрөм. Мен баарына ыраазымын. Мени кыймылдаткан ушул бутум. Эгер андай болбосо мен алдын ала 22 жашка чыгып окууну бүтөм, анан күйөөгө чыгам деп билмекмин. Азыр баары башкача. Майыптык – бул таанып билүү, дагы эмне кылам дегендей өзүңдү анализдөө. Өзүнчө эле жашоонун кызыгы. Албетте анча-мынча кыйынчылыктар болот. Бирок бул мен жакшы баса албагандыктан эмес. Ошондуктан мен баарына ыраазымын. Эгер мага дагы бир жолу ушундай болосуң десе макул болмокмун. Мен дал ушундай жашоону жактырам, мага башканын кереги жок.

Өжөр Рустам

Ал эми экинчи каарман Рустам Орозовдун тагдыры Үкөйдүкүнөн башкачарак. Анын биринчи топтогу майыптыкты алганына он жылдай болуптур. Машине менен келатып кырсыкка кабылып, баспай калат. Эч кимге көз каранды болбой, каалаган жагына эркин барып, чуркап жүргөн адамга алеки замат баспай калуудан оор сыноо болбосо керек.

Бирок Рустам тагдырдын бул сыноосун жеңип, алгач шаарда таксист болуп, анан Орусиядан жыгач ташып иштеген фирма ачканга жетишти. Албетте буга достору, туугандары жана жакындары өбөлгө болду. Бирок өзүнүн өжөрлүгү максатына жетүүнүн негизги себеби эле.

- Мен биротоло баспай калам деп ойлогон эмесмин. Көп болсо эки-үч айдан кийин туруп кетем деп ишенгем. Бирок бул сыноону жеңип чыгыш үчүн атайын бир программа жок экен. Кандай кылышты турмуш өзү көрсөтөт экен. Аракет кылбасаң болбойт турбайбы. Үйдө жата берсең бирөө акча алып келип бербейт, ачка каласың. Бирок мен майыптардын арабасына отурганга чейин дагы үч жылдай ооруканада эле жүрдүм. Ошол убакта мени караган Назгүл дегенге ыраазымын. Ал азыр Түркияда.

Рустам дарыланып аткан убагында сыналгыдан майыптардын турмушуна байланышкан жана алардын кантип ийгиликке жеткендери туурасында берүүлөрдү көп көрөр эле. Ушулар да Рустамдын оор абалдан чыгышына түрткү болуптур.

Бир жолу ошондой берүүлөрдүн биринен буту баспаган майып кантип арабадан машинеге отурганын, таксист болуп иштегенин көрөт. Ошентип биздин каарман да такси айдоочусу болуп иштей баштайт. Анткен менен Рустам майыптарга жеңилдиктердин жоктугуна, айрым адамдардын мамилесине нааразы.

- Иш баштаганга эч кандай жеңилдик жок. Бизде бир гана акча алып турушса болду. Мисалы, мен Октябр районунда жеке ишкер катары каттоодо турам. Салык төлөйм. Бир жери туура эмес болсо түшүндүрүп, оңдоого жардам беришпейт. Чындыгында мен салык жагынан билимим жок, ошону пайдаланып тескерисинче дагы ар нерсени айтып, башыбызды катырышат, сырткы текшерүүнү жиберебиз деп акча алышат. Бүт баары коррупцияга батып калган. Кээде сени калп эле жөнөтүп атышат, майыпта кантип ушунча акча болсун деп ишенишпейт, шылдыңдашат.

Тагдырдын бул сыноосу Рустам Орозовдун мүнөзүн да өзгөрттү.

- Эң негизгиси адамдарга жасаган мамиле экен. Басып жүргөндө кээ бирлерди таарынткандырмын, балким азыр деле. Бирок көңүлүн оорутпаганга аракет кылам. “Башыңа түшкөндө көзүң ачылат” дегендей, албетте мындай тагдырды эч кимге каалабайм. Бирок басып жүргөндө ушундай мамиле жасасак, ушундай көз карашта болсок айлана-чөйрөдө жакшы эле жашоо болмок. Ошонун көбүн кылбайбыз...

Учурда Рустамдын бир баласы бар. Үй-бүлөсү тууралуу кененирек айтууну каалаган жок. Биз “жеке жашоомо убакыт жок" деген Үкөйгө да, ишин мыкты билип, жакшы жолго салып аткан Рустамга да бакыт жана ийгилик каалайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG