Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:21

Каракулжалык бал челекчи Бишкектеги Ош базарына бал сатканы келип, күтүлбөгөн конкурентке туш болду.

Сүйүнбай акени Бишкектин аарылары да таанып калышты. Каракулжалык бал челекчи мурда бир жыл чогулткан балын Ошко түшүп келип, соодагерлерге кармата берчү эле.

Азыр Сүйүнбай Курманкулов балды Бишкекке алып келип, өзү сатат.

- Базарга көп деле чыкпайбыз, жылда алып сатарларга сатчу элек. Эми өзүбүз сатып жатабыз. Пчелобаза бар, ошолор ярмарка уюштуруп турат. Ошол жерден алармандарды таап, сатып турабыз.

Чейрек кылымдан бери бал челек кармаган Курманкуловду
Сүйүнбек Курманкулов, жанында келини Насыйкат Алишова
көрсөңүз, тоолук экенин дароо баамдайсыз - жүзү күнгө тотуккан, башында саймалуу күрөң топу, шашылбай, ар бир сөзүн таптап сүйлөйт.

Чакан флягага толо балды четинен жыгач калак менен улам омкорсо, буркураган жытына аарылар үймөлөктөшө калып жатышты.

Бишкекте өткөн челекчилер көргөзмөсүнөн дарегин алып келген аларманга Курманкуловдун келини жардамдашып жатты. Аларман Такыров Турдумамбет - атбашылык ардагер мугалим экен.

Балдын түсү жаңы сүзүлгөн майдай сапсары, бүртүктөрү жазгы күндүн алгачкы нурларына чагылып, жарк-журк этет.

Курманкулов Бишкектин четиндеги жер тамдын короосунда бал өлчөп жатты. Ал балды эми чет өлкөгө сатсак, эмгегибиздин акыбети кайтат эле дегендей үмүттүү сүйлөдү:

- Бажы аркылуу документ даярдап, чет өлкөгө чыгарыш керек болуп атат.

Желатин бал алың!

Жери пакиза, суусу тунук аска-зоолуу тоолордо чогултулган бал дүйнөлүк биологиялык, демек таза азыктар базарында жогору бааланмак экени талашсыз, бул балким келечектин иши, ал эми бүгүн каракулжалык үй-бүлө Бишкектин базарында өз ордун таба элек.

Көрсө, тоолук челекчилер шаардык базарга келгенде күтүлбөгөн конкурентке дуушар болушат экен. Курманкуловдун келини Насыйкаттан сураштырсам, ал конкурент кадимки эле Бишкекте контракт менен окуган студент болуп чыкты:

- Менин сиңдимдин группалашы бал кайнатып окуйт экен. Жалаң бал кайнатып, ошону Ош базарында сатат экен. Желатин, шекер, бир чөптү айтты , жана ароматизатор кошот экен. Шекер менен суу, анан ароматизатор .

Айылдык аарынын күбөлүгү бар!

Студентке да жашоо керек деңизчи, контрактты төлөш керек, бирок ал деле өзүнүн айылда калган ата-энесинин эмгегин бирөө жеп кетишин каалабайт болуш керек. Ушуну ойлоп мен Насыйкаттан канткенде бал өндүргөндөр өздөрүн өздөрү коргой алат деп сурадым:

- Жасалма балдан коргош үчүн биринчи кезекте базарда көзөмөл күчтүү болуш керек. Сатуучуларды сертификаттарын текшерип туруп, базарга
Бал саткандан күбөлүгүн сураңыз! Насыйкат
киргизиш керек. Экинчиден, сатып алуучулар да көмөктөш боло алат. Алар балды атайын сертификациясы бар болгон жерден алышса, алганда да сатуучудан сертификатын сурашса жакшы болмок.


Насыйкат Алишова күйөөсү экөө чуркап жүрүп, айылда бал челек кармаган кайнатасына күбөлүк алып беришкен. Биз, алармандар, сураган болсок, арзан бал саткандардын андай документи жок экенине күбө болмокпуз.

Балды "балдан" кантип айрыйбыз?

«Кана күбөлүгүң?!» деп ар бир соодагерди кокологондон тартынып, анын ордуна накта азыкты аныктоонун ар кыл айласын издейбиз.

Аларман Такыровдун да өз ыкмасы бар болуп чыкты:

- Мага абдан жакты, балды бир балчынын айтканы менен тандайм. Кадимки эле сыя карандашты балга тийгизгенде, сыя тарап кетпейт экен.
Бишкектик аарылар Кара-Кулжадан келген балга "атака" коюушту


Аларман ошондой эле балды татып көргөндө да анын сапатын баамдаса болот деди. Анын сөзүн бал челекчи да туура көрдү:

- Таза бал тез эле катып, (кристализация болот). Анан, идиштин оозун ачканда өзүнө тийешелүү буркураган жыт келет. Анан, бул киши айткандай, жегенде тамакты ачыштырып жиберет.

Сүйүнбай Курманкулов 24 жылдан бери бал челек кармайт. Мындан 10 жылча мурда 120га чейин челеги болоор эле, соодасы анча болбой, азыр 60 чактысы эле калган.

Ал жаш кезде, бул иш менен көбүнчө орустар алек болоор эле. Кара-Кулжа айлынын тургуну өзү да челек кармаганды орустан үйрөнгөн:

- Ошлесхозунда арабакеч болуп иштейм. Юзик деген орус бар эле, ошондон үйрөнгөм. Бал кармаганды бир жылда үйрөнсө болот, челекчинин жакында такай жүрүп үйрөнүш керек.

Балды чайга салбаңыз!

Жазгы суук жандан өтүп турган тапта бал миңдин бири экенин баары билет, бирок кандай жеш керек экенин ар кимибиз эле биле бербешибиз мүмкүн. Насыйкаттан мен мисалы балды ысык чайга салса, адамга шыпаа болчу сапаттарын жоготуп, кадимки эле шекер болуп калаарын билдим.

Ошол эле убакта, май кармаган бармагын жалайт болуп, балчылар өздөрү балды кум шекердей эле пайдаланышат экен:

- Балды чайга салбай эле, эртең менен ачкарын бир чай кашыкты тилдин үстүнө салып, шашпай эритиш жеген жакшы. Тамакка чейин жарым саат мурда жесе, балдын курамындагы витамин заттар организмге даба болот. Ысык чайга салганда, шекер сыяктуу калорий эле болуп калат. Дарылыгы, витамини жоголуп кетет.

Балдын башка да дабалыгы бар, Насыйкат аны мончосо сыйпанса, тери жумшарып, жаш баланыкындай назик болуп калат деди:

- Бал косметикалык каражаттарга да жакшы. Саунага кирээрде сыйпанып алыш керек. Бал өзү таштанды чыкпаган зат, аарынын өлүгүн да дарыга колдонсо болот.

Аарылар, ишке аттангыла!

Бал кармагандардын иши күн жылыгандан баштап кызыйт. Ошону менен Сүйүнбай Курманкулов үчүн кыш түшкөнчө аары менен арбашкан мээнеттүү күндөр башталат:

- Ишибиз апрелде башталат. Ошондон кеч күз, кышка чейин аарынын артына жүрө беребиз. Кышында аарыларды кантип жылуулайсыңар? Кышында челектерди жылуулар, жемин коюп, жакшылап багабыз.

XS
SM
MD
LG