Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

“Насыя төлөө үчүн бөйрөгүмдү сатам”


Насыя алып төлөй албай калгандардын арасында өз жанын кыйгандар бар. Бул тууралуу микрокаржылык компанияларга карыздар болуп, Жогорку Кеңештин алдына эки күн катар нааразылыкка чыккан насыячылар айтты.

Ал эми бейшемби күнү Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө белгиленгенге караганда, Кыргызстанда калктын 7 пайызы чакан компаниялардан насыя алат.

“Үйүмдү алганы жатышат”

Жогорку Кеңештин алдына чыккандардын бири Лилия Алыбаеванын айтымында, насыясын төлөй албай калганы үчүн анын үйүн микрокредиттик компания сатыкка коюп жатат.

-“Бай түшүм” компаниясынан кредит алгам. Үйүмдү сатат дегенинен жолдошум инсульт алды. Ошон үчүн бул жерге келдим. Менин кичинекей балам бар. Аны менен кайда бармак элем?

Алыбаева күйөөсү экөө үйүн күрөөгө коюп, 200 миң сом насыя алышкан. Тыянагында минтип 20 миң доллар турган үйүнөн ажырап калганы турат:

- 200 миң сом кредит алганбыз. 240 миң сом бересесиңер деп үйүбүздү алып жатышат. Негизи үйүбүз 15-20 миң доллар турат, кирпичтен салынган 5 бөлмөлүү үй, 4,8 сотых жери бар. Биз насыябызды төлөбөйбүз деген жокпуз, төлөйбүз. Болгону эки-үч жылга узартып берсе жакшы болот эле деп жатабыз.

Бийликти үмүттүү карагандар

Митингге чыккандар насыя берген компаниялардын үстөк пайыздарынын жогору жана келишимдери ачык-айкын эместигине даттанууда. Алар митингге “Насыямды төлөө үчүн бөйрөгүмдү сатам”, “Урматтуу Атамбаев, Бабанов банктарга мораторий жарыялап бергиле!”, “Банктар карапайым элдин үйүн алганды токтоткула!” жана “МККлар жоюлсун, жеке акча бергендер жоопко тартылсын!” деген ураандар менен чыгышкан экен. Бирок кимиси бөйрөгүн сатууга даяр экендигин айтып бере алышкан жок.

Насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулованын айтымында, кредиттик компанияларга жана банктарга карызын төлөй албай калгандардын арасынан өз өмүрүн кыйгандар, илдетке чалдыккандар да бар. Андай фактылар Нарын, Ысык-Көл облустарында катталгандыгын насыячылар өздөрү жана алардын укуктарын коргоочулар айтып жатышат. Бирок бул сыяктуу фактылардын чын-төгүнүн ырастоого мүмкүн болгон жок.

- Булардын үйлөрүн алып койсо, эртең кайда барып жашайт. Акчасын бере албай, асынып, жүрөгү жарылып өлгөн адамдар да көп болуп жатат. Ошон үчүн мамлекет бул ишке кийлигишсин деп жатабыз. Эгер өкмөт буга кийлигишпесе, үстөк пайыздарды азайтып, туумдарды жана айып пулдарды албаса, эл жакырчылыкка батып кетет.

Назаркулова карызды төлөөдөн эч ким качпаганын, болгону насыячылар үстөк пайызга үч жыл мараторий кабыл алып берүүнү, башкача айтканда негизги суммага үстөк пайызды токтотууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Жанын кыйгандар барбы?

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бейөкмөт уюмунун Талас облусу боюнча өкүлү Шамил Мурат буларды билдирди.

- 2011-жылы бир адам насыясын төлөй албай Казакстанга кетип калып, ошол жактан өлүп келген. Мындан тышкары, өз өмүрүн кыйгандар да бар экен. Бирок туугандары жана тааныштары мындай маалыматты кантип бермек элек, ачыкка чыгарбай эле койолу деп каршы болуп жатышат.

Анткен менен Кыргызстанда микрокредиттик компаниялар сандык да, сапаттык да жактан өсүүдө. Бул тууралуу микрокаржы компаниялардын, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн тегерек үстөлдө айтылды. Маселен, 2005-жылы чакан кредиттик компаниялардын каржылык пакети 4 млрд. сомду түзсө, азыр 16 млрд. сомго жакындаган. Ал эми беш жыл мурда чакан насыя алгандардын саны 116 миң болсо, азыр алардын саны 400 миң адамды түздү. Бул Кыргызстандын жалпы калкынын 7,1 пайызы чакан кредит алып жашайт дегенди билдирет.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, чакан кредиттик компаниялардын капиталы ички дүң продукциянын 20 пайызын гана түзөт. Ал бул аз экендигин, ошондон улам пайыздар жогору болуп жаткандыгын айтты.

- Микрокредиттик компаниялардын каржылык көлөмү ИДПга салыштырсак, 20 пайызды түзөт. Бул абдан аз. Эгер 100 пайызга жетсе, анда сөзсүз атаандаштык болуп, үстөк пайыздар арзандамак.

Жоомарт Оторбаев митингге чыккандар талап кылгандай, өкмөт насыялар боюнча мораторий кабыл алууга укугу жоктугун билдирди. Ал бийлик жеке секторго кийлигише албастыгын айтат:

- Микрокредиттик компаниялар деген менчик уюмдар. Насыя алган адам аларга барып, келишимге өздөрү кол койот. Биз бул экөөсүнүн ишине, ортосуна кийлигише албайбыз. Эл өзү барып насыя алат, ошондуктан алар жоопкерчиликти алыш керек.

“Насыячыларга жардам беребиз”

Улуттук банктын банктык эмес секторду көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Ибраевдин билдиришинче, Кыргызстанда азыр 197 кредиттик союз жана 554 микрокаржылык компания бар. Алардын негизгилери болуп, ФИНКА, “Бай Түшүм”, “Мөл Булак”, “Фронтиерс” жана “Компаньон” саналат.

Маселен, “Бай түшүм” компаниясынын кардарларынын 85 пайызын айыл жериндеги адамдар түзөт. Ал эми жалпы кардарларынын саны учурда 36 миң.

Аталган компаниянын башкы деректиринин орун басары Гүлнара Турабаева насыясын төлөй албай калган адамдардын карызын кечүүнүн жолдору изделип, жеңилдиктер бериле тургандыгын билдирди.

- Иштегенибизге 12 жыл болду. Ушул аралыкта биз бир да кардардын үйүн алып, көчөгө чыгарып койгон жокпуз. Келишим жана мыйзам боюнча биз үйдү өз карамагыбызга алышыбыз мүмкүн. Алган күндө да кардарлар ошол үйдө жашай берет. Аз-аздан төлөп, өздөрүнүн үйүн кайра эле сатып алышат.

Турабаеванын айтымында, карызын учурунда төлөй албагандар жүздөн бир адам болушу мүмкүн, бирок негизинен көбү насыясын төлөп, кайра да алып турушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG