Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Микрокаржылык компанияларга карыз болуп, үйүн алдырып ийгендер бир канча убактан бери нааразылык акцияларын уюшутуруп келет.

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу чакан насыя алуунун оош-кыйыштарына арналды.

Катышуучулар: Антикризис” борборунун жетекчиси, экономист Эркин Абдразаков, Насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова, ФИНКА микрокредиттөө компаниясынын Бишкек филиалынын директору Айнура Ченкилова.
Талкуунун радиоверсиясын толугу менен бул жерден угуңуз.

1-бөлүк



2-бөлүк




“Азаттык”: Айнура айым, бүгүнкү күнү ФИНКА компаниясы берген насыя акчанын эң төмөнкү жана эң жогорку үстөк пайызы канча? Ошондой эле канча кардарыңыздар бар, алардын канчасы алган насыясын төлөй албай калган?


Айнура Ченкилова: Бизде жакында эле пайыздар төмөндөдү. Бүгүнкү күндө 21% баштап 39,6% чейин. Кыргызстан боюнча биздин 123 миңден ашуун кардарыбыз бар. Ал эми насыялардын кайтарылышы 99,8% түзөт. Мен жогорудагы үстөк пайыздар жогору деп эсептебейм.

Эмне үчүн бул сан чыгып атат дегенде, анын да өзүнүн факторлору бар. Мисалы биз Кыргызстанга акчаны алып келиш үчүн чет мамлекеттен инвесторлорду тартабыз. Каражат сырттан доллар менен келет, ал эми микрокредиттик компаниялар, уюмдар сом менен гана иштешет. Сомго айлантканда чыгаша болорун өзүңүздөр деле билип турасыздар. Андан сырткары операциялык чыгымдар кошулуп, анан пайызы коюлат.

Кардарлар насыя алам дегенден кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ар бири менен жекече иштеп, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү бар, насыяны кандай максатта алып, кандай төлөй турганы сөзсүз каралат. Эч качан ушунча пайызда төлөйсүз, алыңыз деп зордоп кол койдурулбайт. Толук анализ жүргүзүлгөндөн кийин гана берилет.

“Азаттык”: Динара айым, сиз насыя алгандардын укугун коргоп жүрөсүз. Алардын негизги талаптарына токтоло кетсеңиз. Жогорудагы пайыздык көрсөткүч өтө эле жогору деп айтылып жатабы?

Динара Назаркулова: Чындыгында пайыздар абдан чоң. Аны алгандар төлөй албай ушунчалык кыйналып кетти. Мен анализ жасап көрдүм. Эки жыл мурда миң долларды кыйналбай эле төлөчү экен, азыр болсо бир топтогу беш-алты адам беш миң сомду төлөй албай жатат.

Микрокредиттөө компанияларынын позицияларын карасаңар, беш аялдан бир топ кылып коюшат. Эгер бирөө төлөй албаса ошол топ төлөп бериш керек. Ошентип бирөө төлөбөсө компания кызматкерлери үйүнө келет да муздаткычын, же дагы башка нерсесин сүйрөп кетишет. Бул мыйзамсыз.

Эгер сот муздаткычты алгыла деген чечим чыгарганда гана алыш керек. Мисалы кечээ жакында эле Жалал-Абадда бир адам асынып өлүп алыптыр. Ал “Мөл-Булак” компаниясынан 50 миң сом алган экен. Эки ай жакшы төлөп жүрүп, кийин шарты жок төлөй албай калат. Кечинде компания кызматкерлери “үйүңдү ушул аялга сатабыз, бул сенден сатып алат” деп бир аялды ээрчитип келишет. Ал киши коркуп кетип эле мен өлсөм үй балдарга калат деп өз жанын кыйган. Бул бир чети сабатсыздык, 50 миң үчүн үйүмдү ала албайт деп билиши керек эле. Ошондуктан компания жетекчилери өз кызматкерлери менен да иштеши керек. Кызматкерлер психологиялык жактан кысым жасап жатышат. Азыр насыянын азабынан өлүм-житим көбөйүп жатат.

“Азаттык”: Эркин мырза, эки-үч пикирди уктуңуз. Пикириңиз кандай?

Эркин Абдразаков: Бул азыркы кездин эң көйгөйлүү маселеси. Мисалы, Улуттук банк ондогон жылдан бери өзүнүн кредиттик саясатын, мыйзам мерчемдерин өзгөрткөн жок. Классикалык вариантты алып карасак, алгач донор уюмдар микрокредиттик компания түзөбүз деп келгенде экономисттер алар менен кеилшим, меморандум түзүп, алардын максатын билиш керек.

Азыр Улуттук банктын мерчемдерин толук өзгөртүү үчүн кодекс даярдалып атат, ушул жерден Жогорку Кеңеш өзүнүн сөзүн айтыш керек. Анктени азыр Улуттук банк монстрга айлынып алган, эч кимди укпайт. Мисалы лицензия берип коюп, кайра өзү көзөмөлдөп жатат. Мындай болбойт. Альтернативдүү көз караш болушу керек.

Монополияга каршы комитет, баалуу кагаздар рыногу деле бар. Бирок булар эмне алектенип, деги эле Кыргызстанга кызмат кылып атабы деген да суроо жаралат.

Микрокредиттик компаниялар каражатты жеке жактан алып келет. Базарды жөнгө салуу үчүн мамлекет өзү көзөмөлдөп, диверсификация кылыш керек.

Аида Карабаева, Улуттук банктын инспекциялоо башкармалыгынын жетекчиси: Мыйзамга жараша Улуттук банктын кийлигишүүгө акысы жок. Эгер биз кийлигишип, мындай пайыз менен бергиле, бул кардарга азайткыла десек коомчулук тарабынан коррупциялык көрүнүш катары кабыл алынышы мүмкүн. Мунун баары базардын шартына жараша түзүлөт.

Бирок биз микрокредиттөө компания, агенттиктерди атайын текшерүүлөргө барганда пайыздык чени жогору, төмөн экенин карап турабыз. Негизинен насыя алган кардарлар өздөрү да канча пайыз менен алып атканын билип жана ошого макулбу, жокпу, алардын мыйзамдык укугу да бузулбагандай жүргүзүлүшү керек. Азыр микрокредиттөө компанияларынын саны да көбөйүүдө, кредиттик портфели да, насыя алуучулар да көбөйүүдө.

Кредиттик компаниялардын каржылык пакети 16 млрд. сомго жакындаган. Ал эми чакан насыя алгандардын саны 500 миңге жакын адамды түздү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG