Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык акча чачат.

Мындай маалыматты той-аштардагы ысырапкорлукту алдын алуу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде вице-премьер-министр Камила Талиева таратты. Ушул тушта өлкөдө аш менен тойлордун арааны жүрүп жатат, тойканаларга кышка чейин кезек түзүлгөн.

23 жаштагы Бишкек тургуну Изат Абдрасулов мындан бир ай мурун үйлөнгөн. Ресторанда өткөн тойго чоң ата, чоң энеси каржылык колдоо көрсөткөнүн айткан Изат "таянар адамы жокторго той өткөрүү мүшкүл иш" дейт.

- Тоюма кеткен каражат 8 миң долларды чапчыды. Негизи үйлөнүү үлпөтү чыгымдуу болот экен. Кафеге кеткен акча өзүн-өзү жапты. Тойго бир уй, бир жылкы сойдук. Канча кой союлганын так айта албайм.

24-сентябрда өкмөт мүчөлөрү той-аштардагы ысырапкорлукту алдын алуу боюнча коомдук ишмерлердин катышуусунда кеңири кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде вице-премьер-министр Камила Талиева кыргызстандыктар аш-тойго жылына 2 миллиард доллардан ашык акча короторун жар салды. Талиеванын кеңешмедеги сөзүнөн өкмөттүн маалымат кызматкери Керез Жукеева бул маалыматты келтирди.

- Чоң кызматтагы адам той берсе кол алдындагылар кошомат кылып, чоң суммадагы акча топтоп берип жатышат. Бул өз кезегинде коррупциялык схеманын бир түрүнө айланды. Аш-тойлордогу ашыкча чыгымдарды чектөө боюнча өкмөттүн токтому даярдалып жатат. Биз бул токтом аркылуу жарандардын укугун чектейли дегенибиз жок. Болгону бийликтин жогорку баскычындагыларды элге үлгү кылалы деп жатабыз.

Кыргызстандыктар бир тойго канча акча коротот? Той берген адам кандай ысырапкорлукка жол берет деген суроону көптөгөн той-аштарда тамадалык кылып жүргөн Жылдызбек Турсунбаевге узаттык.

- Жупуну кафелерде бардыгын кошкондо бир кишиге миң сомдон кетет. Титирген тойлордо киши башына 150-200 доллардан айланат. Атүгүл чет өлкөлүк ырчыларды элге билгизбей алып келип ырдатып, кайра самолёт менен учуруп жиберген учурлар көп эле болот. Дагы бир той ээси Тынч океандын балыгын алдыртканын айткан. Ушул сыяктуу ысырапкорлуктар көп эле болот.

Той-аштардагы ашыкча чыгымдарды мыйзам аркылуу адамдардын укугун чектөө катары баалаган экономист Искендер Шаршеев аш-тойлордогу чыгымдарды төмөнкүчө жиликтеп берди:

- Бир үй-бүлө жыл сайын 200-300 долларды аш-тойлорго кошумча катары берет. Бизде негизи жамандык-жакшылык болуп отуруп 12-13 аш-той бар экен. Керек болсо айылдарда насыя алып, аш-той өткөрүп жатышат. Тойдун акчасын келгендер жабат деп коюшат. Бирок коноктор тойго кеткен чыгымдардын 40 пайызын гана толтурат. Калган 60 пайыз акча той ээсинин жанынан чыгат. Биздикилер 5 жыл тытынып иштеп, бир той өткөрүшөт.

Өкмөттүн кеңешмесине катышкан социолог Кусеин Исаев ысырапкорлукту тыюу жолу менен эмес, түшүндүрүү жолу менен азайтса болот деген ойдо. Анын айтымында, ысырапкорлуктун башында бийлик өкүлдөрү өздөрү турат.

- Ысырапкорлордун башында бүгүнкү бийлик башындагылар турат. Булар байлыкты пара алуу, уурдоо сыяктуу ар кандай жолдор менен топтогон. Анан ошол акча менен ким дүркүрөгөн той берет деп мелдешкендей той берип жатышат.

Дин таануучу Самаган Мурзубраимов өлүм-житимдерди уюштурууну муфтият өз колуна алышы керек деген сунушун айтты.

- Өлүм-житимдерди негизи муфтият уюштурушу керек. Ошондо гана чыгымдар азаят. Кыргыз үйүнө келген конокту коноктобой койо албайт. Жаназаны мечитте өткөрүп, үйүнө жакын туугандарын гана баргыдай кылыш керек. Болбосо мал сойгонго тыюу салуу менен маселени чече албайбыз.

Той-аштар Кыргызстандын башка аймактарында кандай өтүп жатат деген суроого "Азаттыктын" аймактагы кабарчыларынан жооп алдык. Кабарчыбыз Мария Колесникова мурда Түп районундагылар кошумча катары берилген кара куурай модадан калганын айтса, Оштогу кабарчыбыз Эрнист Нурматов буларды билдирди:

- Ошто бир той өткөрүү үчүн 70-100 миң сомдун тегерегиндеги каражат кетет. Ошто өзгөчө үлпөттөрдө кымбат баалуу унаалар менен чыгуу модага айланып барат. Маселен "Хаммер", "Лэнд крузер", БМВ Х5 сыяктуу машинелер. Бир тойдо бир "Хаммер", 10 "Лэнд крузер" чыгат.

Ала Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган Нарындагы тойлор тууралуу кабарчыбыз Токтосун Шамбетов мындай маалымат берди:

- Учурда Нарында той-аштар кызуу жүрүп жатат. Нарындагы аш-тойлордун өзгөчөлүгү малдын көп союлушунда болсо керек. Учурда Нарындагы жана район борборлорундагы кафе-ресторандар декабрга чейин бош эмес.

Кыргызстанда ысырапкорлукту азайтуу боюнча буга чейин да өкмөттүк жана парламенттик деңгээлде сөз жүргөн. Бирок көзгө көрүнөрлүк жылыш байкалбайт. Бул ишке диний өкүлдөр да тартылып, сөөк коюу зыйнаттарында килем жабуу, жыртыш таратуу, утур-утур кара мал союу сыяктуу адаттарды аз да болсо азайтууга жетише алды. Ал эми коңшулардан Тажикстанда президенттик жарлык менен күтүрөгөн той-аштарга чектөө киргизилген. Кыргыз өкмөтү аш-тойлордогу ашыкча чыгымдар боюнча элдин пикирин билүү боюнча атайын жумушчу топ түзмөй болду.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG