Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Кыргызстанда каржы пирамидасынын артындагы көз бойомочулуктун айланасында нааразылык күчөдү.

“Арай көз чарай” талкуусуна Улуттук иликтөө институтунун жетекчиси Жума Абдуллаев жана экономист, серепчи Эркин Абдразаков катышты.

“Азаттык”: Каржы пирамидасы акыркы убактарда айыл жерлерине чейин жетип, карапайым элди кылтагына иле баштаган учуру. Жазында Жалал-Абад облустук башкармалыгы облустун аймагында көз бойомочулук менен элдин акчасына ээ болгон деген айып менен бир нече ишкананы жапкан. Азыр абал кандай?

Эркин Абдразаков: Бул биринчи эле жолу эмес, мындай көз бойомочулук 2002-жылдары эле башталган. Акчадан акча жасайбыз деген көз бойомочулар айылдын элин оңой эле азгырып алып жатышына Кыргызстанда акча каражатынын тартыштыгы себеп.

Экинчиден, мында Улуттук банк менен Адилет министрлиги тарабынан көзөмөлдүн бошоңдугу да чоң себеп. Анткени алар акча-каражат саясатына Улуттук банк менен Каржы полициясы толук жооптуу.

Адилет министрлигинде каттоодон өтмөйүнчө банктан эсеп ачып, ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошол балакеттин баарын билип туруп, элдин баары массалык алданып, кайрылып атканына карабастан бул структуралар “биз билген эмеспиз” деп четке чыга бергени үчүн да жооп берүүгө милдеттүү.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жума мырза, муну кантип токтотууга болот? Эмне үчүн адамдар мунун артында алдамчылык, көз бойомочулук турганын аңдап туруп эле кайра ошонун курмандыгы болуп атышат?

Жума Абдуллаев: Психо-культ деген түшүнүк бар, бул адамдарды ар кандай ишке азгыруу жолу менен жалдоо. Биз өткөндө Кыргызстандын түштүгүнө так ушул каржы пирамидаларын иликтөө максатында барып, ал жерде ушундай алдамчылардын айынан болгон акчасын кармата берип, өзү сызга отуруп калгандарды, “мынча акчалуу болот экем” деп дагы деле ишенип, компанияга мүчө болуп киргенине корстон болуп жүргөн адамдарды да жолуктурдук. Анткени аларды ошол ишканалар ар кандай өндүрүштүк долбоорлорду көрсөтүп алдап жатат. Терең иликтөөлөр көрсөттү, бул жерде экономикалык диверсиянын элементтери бар.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемендикке ээ болуп, капитализмге аралашары менен эле мындай көз бойомочу компаниялар каптаган. Ошондо деле дары-дармек саткан же жөн эле акчадан акча жасоону сунуштаган шектүү ишканалардан күйгөн адамдар көп эле болгон. Буга маалыматтын аздыгы да себеп болуп жаткан жокпу?

Эркин Абдразаков: Биздин Улуттук банк, Каржы министрлиги ар кандай чуулгандуу иштер болгондо алар күч органдары менен кошо аягына чыгарып, чоң талкуу кылып, элге маалымат бербей кетип калганы да чоң себеп болуп жатат да. Мен Бишкекте көптөгөн эксперттик уюмдар менен чогуу чакан насыя берүүчү институттар боюнча парламенттик угуу өткөрүп, музду ордунан жылдырдык. Ошол эле сыяктуу бул маселени дагы ар кандай жалганчы пирамидаларды колдоп, алардын аферисттик ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө жол берип койгондорго жоопкерчилигин карап, коомдук талкууга алып баруу зарыл.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG